«ДОРДОЙ» БАЗАРЫНЫН ПРОФСОЮЗУНА 20 ЖЫЛ

Борбор Азиядагы эң көлөмдүү "Дордой" базарынын феноменин тереңден талдап караган кишиге ишкерлердин, базардын администрациясынын жана кардарлардын бирдиктүү иш багыты эмне деген түйшүктөрдөн турары ачык көрүнөт. Мына ошол түмөн түйшүктөн арылтууга "Дордой" базарынын профсоюзу 20 жыл бою тикесинен тик туруп кызмат өтөп, ишкерлерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, кардарларга камкордук көрдү. Биз бүгүн дал ушул 20 жылдык тарыхы бар "Дордой" базарынын профсоюзу туурасында кеп кылмакчыбыз.

"Дордой" базары өзүнүн баштапкы жылдарында бир катар ыраатсыздыкка учурады. Соодагерлердин калыпка салынган укуктары болгон эмес. Сатуучулар менен базар жетекчилигинин бирдиктүү иш алып баруусунда атайын эрежелер жок эле. Базар багытына ылайык өнөктөштүк байланышты сактоо тартибин так аткаруу механизмдери да карала элек болчу. Сатуучулардын коопсуздугун карай турган система түзүлө электигинен улам "Дордойдун" алгачкы ишкерлери рэкеттердин баскынчылыгында күн кечирип, алардын сол чөнтөгүнө төлөп турууга аргасыз болушкан. Эң коркунучтуусу тартип сакчылары дагы рэкеттер менен "табакташ" болуп кеткени эле. "Сындыруу" деп аталган ыкма кадимкидей "күжүлдөп" иштеген. Маселен, милиция кызматкери Казакстандан же Орусиядан товар жүктөө үчүн келген ишкерди кармап, базарда жасалма доллар жүгүртүлүп жатканын айтып, акчасынын "жасалма эмес" экенин текшертүүнү талап кылат. Тааныш эмес өлкөнүн тартибин билбеген ишенчээк ишкер тартип сакчысына колундагы болгон акчасын карматат. "Сындыргыч" болсо, акчаны санап жатып ортосунан бир канча купюраны сындырып, калганын ээсине карматып "баары жайында экен" деп басып кетет. "Сындырылган" ишкердин муну далилдөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ишкерлер басынып, мамлекет тарабынан да, базар жетекчилигинен да колдоо таппай ызага муунуп кала беришкен.
Орусиядан, Казакстандан жүк ташуучулар "каралар" аралашкан бажы менен бирдикте өткөргөн атайын фирмалар менен гана иштешкен. Тыгыз байланышта катаал иш алып барган бул схема көптөгөн ишкердин көкөйүнө тийген. Мына ушул ыраатсыздыкты, баш аламандыкты токтотуучу күч керек эле. Ал күч – "Дордой" базарынын профсоюз кыймылын негиздөө болчу...

Салымбековдун демилгеси Аскар САЛЫМБЕКОВ, "Дордой" ассоциациясынын президенти:
– Профсоюз мекемесин түзүү демилгесин өзүм көтөргөм. Базар түптөлгөн алгачкы учурларда күн сайын бир канча сатуучулар ар кандай суроолор, муктаждыктар менен кайрылышчу. Ар бирин укканга, кол сунуп жардам бергенге бир сутка жетчү эмес. Андыктан ишкерлер бирдиктүү уюмдун алкагына чогулуп иш алып барып, андан соң муктаждыктарын мага сунуштоосун сурангам. Бул уюмду түзүү оор болгон. Ар тараптуу багыттагы нечен адамдын башын бириктирүү, жок нерседен бар жаратуу чыны менен кыйын иш да. Сапаттуу юридикалык билим да керек эле. Бул багытта "Дордой" өзгөчөлүгүн көрсөтө алды. Анткени ишкерлер арасында билимдүүлөр, ар кесиптеги интеллигент адамдар көп эле. Таланттуу уюштуруучу катары "Дордой" профсоюз уюмунун алгачкы жетекчиси Анатолий Новиков өз кезегинде мыкты эмгек өтөдү.

Ошентип 1997-жылдын 12-июнунда "Дордой" профсоюз уюму түзүлүп, ал уюмду 20 жыл аралыгында үч жетекчи: Анатолий Новиков, Сергей Пономарев жана Дамира Долоталиева жетектеди.

БИРИНЧИ ЖЕҢИШ!

Анатолий НОВИКОВ:
– 2003-жылы Танаевдин өкмөтү ар бир контейнерде соода кылуучуларга кассалык аппаратты сунуштаганда биз ишкердикте зор муктаждыктарга кабылдык. Бизге ар бир сатууда 4% салык коюшту. Мындайда товардын наркын жогорулатуу маселеси келип чыгып, казакстандык сатуучулардын товарларынын наркы менен айырмачылыктар жаралды. Негизги кардарлар казак туугандар болгондуктан алар бизге кескин келбей калышты. Жыйынтыгында биз 4 пайызды төлөп, чыгымдарга чыдашыбыз же салыктан баш тартуубуз керек эле.
Биз Кыргызстандын башка аймактагы соодагерлери менен сүйлөшүп, кассалык аппаратка каршы болгон аракетти жасадык. Бийлик каршы турду. Конституциялык сот маселени биздин пайдабызга чечти. Ошентип кассалык аппараттар коюлбай калды. Бул биздин алгачкы жеңишибиз эле. Баарыбыз бириксек бир күч экенибизди далилдедик.

"МИЛИЦИЯЛЫК ТОНООНУ ТОКТОТТУК"

Сергей ПОНОМАРЕВ:
– 2005-жылы "Дордой" профсоюздар уюмунун төрагасы болуп келдим. Анда бизде болгону 500 мүчөбүз бар болчу. Взностук төлөм айына 20 сом. Айлык акы 2500 сомду түзүп, иштөө графигибиз туруктуу эмес эле. Күн-түн дебей ишке чыгуу маселеси бар эле. Мисалы, Меркеден же Кордайдан биздин ишкерлерди милиция, бажычылар же уюшкан кылмышкерлер өткөрбөй коюшат, кайсы убакыт болгонуна карабай жөнөмөй. Маселени чечүү акчага такалат. Мүчөлүк акча жетпегендиктен өз чөнтөккө кол салабыз. Чыдоого мүмкүн болбой калганда биз тездик менен мүчөлүк курамды көбөйтүүгө кириштик. Көп өтпөй саныбыз 2000 кишиге жетти. Күзөт кызматын күчөтүп, милициялык тоноого каршы турдук. Жашыруун камераларды орноттук. Күч органдарынын жосунсуз жоруктарын көрүп калсак, прокуратурага арыз жаздык. Ишкерлерди прокуратуранын санкциясы жок эч кимге документ сунбоого көндүрдүк.
2005-жылкы жана 2010-жылкы төңкөрүштөрдө профсоюздун активисттери ишкерлерден жүздөгөн, миңдеген атайын кошуундарды түзүп, мародёрлукка каршы чыгышкан. Атайын техника менен контейнерлерди чычкан өтө алгыс кылып жыш жайгаштырып, чоң убаракерчилик менен чоң чыгымдардын алдын алганбыз. 2008-жылы бийлик патент төлөмдөрүнүн наркын эки-үч эсе жогорулатып салганда да профсоюздун зор аракети менен төлөм нарк төмөндөгөн.

Дамира ДОЛОТАЛИЕВА: "КМШ мыктысы "Дордой" профсоюзу"

– "Дордой" базарынын профсоюзу жаңы түзүлүп жатканда федерация тарабынан "Дордойго" профсоюздун эмне кереги бар, алар кимден коргонот?" деген суроо коюлганы эсимде. Ал суроого "Ишкерлердин укугун, кызыкчылыгын милициядан, администрациядан, керек болсо өкмөттөн коргоо үчүн керек" деген жооп айтылган. Мен ушул жооптун чындыгына жана иш жүзүндө тастыкталганына далай ирет күбө болдум.
Бүткүл Дүйнөлүк профсоюздар конфедерациясы биздин "Дордой" профсоюз уюмунун ишмердүүлүгүнө эки ирет баа берип, 2008-2015-жылдардын жыйынтыгында "КМШдагы мыкты профсоюз уюму" деп тааныганы да бекер эмес. Ал эми эмне себептен андай баага арзыганына мисалды алыстан издебей, өзүм жетекчилик кылган 2010-жылдан беркисин айтсам жетиштүүдүр. "Дордой" үчүн 2010-жыл оор болду. Андагы апрель окуясына туташ Ош окуясынын таасиринен "Дордойдун" иши таптакыр эле токтоп калгандай болду десем жаңылышпайм. Түйшүктүү ишим "чү" дегенде эле базарды мародёрлордон коргоо менен башталды. Баардык ишкерлердин башын кошуп, ыкчам иш алып бардык. Натыйжада орду толгус зыяндарды болтурбай, ишкерлердин мээнетин сактап калдык.
Айта кетчү жагдай, Ош окуясында профсоюз уюму жабыр тарткан мекендештерге 3 миллион сомдук жардам көрсөттүк. Биздин кызматкерлер учакка кийим-кече, тамак-аш жүктөп, Ошко учушкан. Андагы көйгөйдүн орчундуусу казак-кыргыз чек арасынын жабылышы болду. Коңшу өлкөдөн кардарлар келбей, ишкерлер чыгым тартты. Бир жагынан Казакстандын Бажы биримдигине өтүшү, Кыргызстандын ара жолдо турганы да экономикалык каатчылыктан кабар берип, соодагерлердин арыз-муңу арбып, "келечек кандай болот" дешип, күндөн-күнгө кырдаал курчуп баратты. Абалды турукташтырып калуу үчүн бардык күчтү жумшадык. Аскар Салымбековго кайрылсак, ал ишкерлердин жер салыгынын наркын бир жылга төмөндөтүп берди. Контейнерлердин ижараларын жарым баасына түшүрдүк. Фискалдык органдарга кайрылып жатып май айына 20 пайыз, июль, август айларына 30 пайыз арзандатуу алдык. Ошондон тарта мындай жеңилдиктерди колдонуп, азыр дагы жер салыгын 10дон 65 пайызга чейин арзандатып келебиз.
Чынымды айтсам, мен бажы биримдигине каршы элем. Бажы биримдигине кирүү менен реэкспорт токтоорун билгем. Биз болсо, 99 пайыз реэкспорт менен иш алып барабыз. Биздин ишкерлер Казакстандан жүк алып келе албай калышканда, «Дордой базары», «Алкан базары», «Кербен», жана «Джунхай» базарларынын ээлеринен 6 миллион сом топтоп, кыргыз-казак чек арасы "Ак-Жол2" аркылуу атайын коридор куруп, ишкерлердин товар ташуу түйшүгүн жеңилдеттик.
Кийин "Бажы биримдигине кирбесек, чек аралар жабылат" деген кеп тарады. Анда товар ташуунун кажети канча эле? Ошондо биз Бажы биримдигине кошулганыбыз өкмөт үчүн эмес, ишкерлер үчүн жакшы болорун түшүндүк. Алгач ишкерлер коркуп турушту, түшүнбөстүк, жоопсуз суроолор да көп эле. Бир канча материалдарды даярдап түшүндүрүү иштерди жүргүздүк. Мына эми Бажы биримдигине киргенибизге эки жыл болду. Ооба, товар жүгүртүү азайды, бирок кирбей калсак мындан да начар абалга кириптер болмокпуз. Мен орчундуу бирин-экин эле учурга токтолдум, биздин профсоюз чечкен көп көйгөйдү тизмектеп санап отурууга гезит бети чак келбейт. Андыктан социалдык колдоо багытына азыраак токтоло кетейин.
Ишкерлер соода менен алек болуп жүрүп ден соолукка кам көрүүнү унутуп коюшат. Мүчөлүк төлөмдүн пайдасы менен профсоюз мүчөлөрү балдары менен жыл сайын Ысык-Көлдөгү санаторияларга арзан баада эс алып келишет. Карылар үйүнө, балдар үйүнө, майыптарга, кургак учук менен жабыркагандарга, онкологиялык оорулууларга акчалай жардам, дары-дармектерине чейин каралат. Кыш камын көрүп жылуулук системин оңдотуп, канцелярдык товар, муздаткыч, суу ысыткыч, музыкалык аппараттар менен камсыздап, даталуу күндөрдө белек тапшырып, ысык тамак уюштуруу салтка айланган. Мындан тышкары, Дача-СУдагы авиакырсык сыяктуу мүшкүлдөрдө ири суммадагы жардамдар токтоосуз уюштурулат...

ЖАҢЫ "ДОРДОЙ"

"Дордойду" заман талабына карай өнүктүрүү үчүн 5-10-15 жылдык стратегиялык пландар иштелди. Жакында сатуучулар менен кардардын алакасында чоң өзгөрүүлөр болот. Ишкерлер жеринен эле WhatsApp кызматы аркылуу Турция же Кытайдагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүүгө шарт түзүлөт. "Дордой" базарынын инфраструктурасы жакшырат. Жолдор оңдолуп, ажатканалар курулуп, көп кабаттуу авто токтотуучу жай курулат. Төлөм терминалдары коюлуп, контейнерлердин ижара акысын, күзөт, унаа токтотуу акысын төлөө жеңилдейт. 7-июлда "Дордой-онлайн" деп аталган дүң соода аянты ачылып, анда бүтүндөй товарлардын топтому, атайын кызматтар жайгаштырылат. Ар бир ишкердин өздүк онлайн бөлмөсү ачылып, ага ишкердин товарынын сурөтү, баасы, байланыш дареги коюлат. Мындайда кардар базарды кыдырып убара болбой, ыңгайлуу шартта товар тандай алат. "Дордой" өсүп жатат. Тирүү организмдей жаңыланып, өзгөрүп жашап жатат. Демек, ийгиликтин баардыгы "Дордой" профсоюз уюмунун күчү менен ишке ашып жатканын тана албайбыз.

Нурболот Азаматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bars88
2017-06-12 14:59:39
Апенди кызын мактагандай эле мактапсынарго.Эч кимге жардам бербейт бекерди айтыптыр.Жегенден башканы билишпейт айрыкча жунхайдын профсоюзу
+3
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан