"РЕАЛДЫН" ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ – ЗИНЕДИН ЗЕДАН

"Реалдын" учурдагы ийгиликтери Зинедин Зидандын тыкыр көзөмөлү алдында болгонун эч ким тана албайт. Анын жумушун сандар айкын билдирет. Жалпы 5 ири кубок: эки жолу катары менен Чемпиондор Лигасы, Испан чемпиондугу, Европа Суперкубогу жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу. Анын командасы быйылкы сезондо 65 оюн катары менен гол киргизди, бул абсолюттук рекорд.

Аты-жөнү
– Зинедин Язид Зидан
Туулган жери – Марсель, Франция
Улуту – Алжирдеги кабил уруусунан
Жашы – 44
Жетишкендиктери – Футболчу катары Дүйнө жана Европа чемпиону, 2 жолку Италия чемпиону, Испан чемпиону, Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү. "Алтын топ" ээси (1998-жыл).Машыктыруучу катары Чемпиондор Лигасынын эки жолку чемпиону, Испан чемпиону
Учурда – "Реал Мадриддин" башкы машыктыруучусу
Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы

УТУЛГАН ФИНАЛ, СҮЗҮЛГӨН МАТЕРАЦЦИ

"Футболдук карьерамды аяктаган соң машыктыруучу болууну каалаган эмесмин. Башка жумуш менен алек болууну көздөгөм" деп агынан жарылды жакында эле Зидан. Албетте, анын кантип футбол менен кош айтышканын көпчүлүк билет. 2006-жыл. Дүйнө чемпиондугунун финалы. Франция-Италия. Оюндун экинчи таймында италиялык коргоочу Марко Матераццини сүзүп салган Зидан кызыл кагаз алып, оюндан четтеген. Аны менен кошо чоң футбол менен кош айтышкан.
Ошондо 24 жылдан бери ойноп келген Зидан футболдон тажаган деп айтышат. Антпесе, чечүүчү оюнда тажрыйбалуу футболчунун мындай кылыгы түшүнүксүз. Спортту таштаган соң Зидан Мадридде жашап, үйдө отурууну каалаган эмес. Эксперт катары иштеп, дүйнө жүзүн кыдырып, кайрымдуулук иштерге активдүү катышкан. Бул футболду унутуп, жаңы жашоого болгон аракет эле.
Бирок арадан 3 жыл өтпөй футболду сагынган Зидан "Реалдын" кеңсесине баш багат.

КЕҢЕШЧИДЕН МАШЫКТЫРУУЧУЛУККА

2009-жылы "Реалдын" президенти Флорентино Перес Зиданды өзүнө кеңешчи кылып дайындайт. Анын жумушу ошол кездеги клубдун машыктыруучусу Моуринью менен Перестин ортосундагы байланышты түзүү болчу. Бул жашоосундагы бурулуш экендигин өзү моюнуна алат. Моуриньюнун иши менен жакындан таанышкан Зидан машыктыруучулук жумушка кызыгып баштаган. Ошол кезде эле ал таланттуу футболчу катары саналган Хесе, Мората сыяктуу футболчулар үчүн жеке машыгууларды өткөргөндүгү менен эсте калган. 2013-жылы "Реалдын" башкы машыктыруучусу Карло Анчелоттинин жардамчысы катары штабына кирген.

ЗИДАНДЫН ӨЗГӨЧӨ "РЕАЛЫ"

2016-жылы Рафаель Бенитес кызматынан кетип, ордуна Зидан мадриддик клубдун башкы машыктыруучусу катары дайындалат. Зидан Марсель шаарынын кооптуу аймактарында чоңойгон. Бул анын мүнөзү катаал жана орой болушуна шарт түзгөн. "Марселде аймактар арасында абал курч болуп келген. Бошоңдук кылып койсоң эле бүттү, сени эч ким теңине албай калчу" деп эскерет өзү. Зидандын бул мүнөзү Дүйнө чемпиондугунун финалында терс таасирин тийгизсе, учурда мыкты машыктыруучу болуусуна өбөлгө болууда. "Оюнчуларың менен жумшак болсоң эч майнап чыкпайт. Ошол эле учурда ар бирине кандай сүйлөө керектигин түшүндүм" дейт.
Зиданга чейин "Реал" ызы-чуу окуяларга туш болуп, түрдүү окуяларга кабылып жүрчү. Учурда бул клуб Зидандын катаал мүнөзүндөй корголгон. Мадриддик команда жыйынтыктар менен гана жооп берүү менен алек. Анын акыркы оюну өзүнүн футболчу кезиндегидей, акылдуу футбол менен "Ювентустун" талуу жерин таап коюшту. Падышалык клуб эми чындап такка келди. Бул үчүн машыктыруучулукка "футбол падышасы" керек болгонун Флорентино Перес эми түшүнүп отурат.

Жубайы Вероник Лентиско менен 23 жылдан бери чогуу. Алардын 4 баласы тең "Реалда" ойношот.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
erjigit-e.15
2017-06-12 16:11:08
Ийгилик
+3
tumann.
2017-06-12 23:17:27
Бар болгула чемпиондор!
+1
Isman.98
2017-06-13 00:48:31
Роналдунун кучу мене болуп жатат
+2
Floweriza
2017-06-13 16:50:19
Зидан мыкты тренер ийгилик!
0
salamat93
2017-06-14 10:46:04
Алга реал мадрид
+1
general2030
2017-06-14 10:49:23
Топ Зайнидинда, топ Холияам Зайнидинда, зарба гооооооооол дорбазабан саклоп колалмай колди, коз очип йумгинча топ дорбазада!!! )))) Өзбек каналдарынан көрөт элек го чиркин коменнтатторлары укмуш алып барат эле, Зизууууу экрек алга
+1
ALYKER
2017-06-15 09:23:49
general2030,Боорду эздиң
+1
jigit.paren
2017-06-14 16:13:07
Чынында Легенда сөз жок Зизуга. Реалды Реал кылган Зинедин Зидан муну эч ким танбайт болуш керек.
+1
MUSLIM-81
2017-06-15 22:54:48
Реалга"футбол падышасы" керек болгонун Флорентино Перес эми түшүнүп отурат
+1
Bakulya97
2017-06-15 23:36:31
Реалды реал кылган роналду.Реалды падыша кылган зидан
+1
baklajan
2017-06-16 00:51:45
Реал Алга!
+1
Abdi99
2017-06-16 08:38:04
Аалга Реал
0
nurtilek.kursanbekov
2017-06-16 12:15:49
Оа зизу жакшы иштотат тактика сына соз жок Ювентус ка даярдаган тактикасы сонун барса мн Ошо тактикасы мн ойносо 6:0саят эми дагы ель класико жакындатат эми ответи коросунор Реал 100% озгорду
0
zevs
2017-06-17 12:40:28
Erten ronalda ketse korosonunor zidanynardy akybalyna mywyk iylap kalatko
+1
beku98
2017-06-17 23:31:19
Барибир барселона утуп койбу
+1
Kara-kulzha
2017-06-18 15:57:00
Озум Барсанын фанаты болсомда,бирок Реалдын кучтуу команда экенин талашсыз мойнума алам. Зидан эн мыкты фудболчу болгон, мыкты машыктыруучу экенин далилдеп жатат. Зидан ушул акыбалынан жазбаса анда Реалды эч ким токтото албай калат.
0
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан