№760-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН БАТКЕН ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Орозгүл Сапарова: «БАЛДАРЫМ МЕНЕН ЧОГУУ ЖООП ТАПКАНБЫЗ»

– Орозгүл эже, байгеңиз кут болсун! Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Рахмат! Мен Баткен шаарында жашайм, 55 жаштамын. 5 балам бар. Базарда соода кылып иштейм. "Супер-Инфо" гезитинин бир дагы санын калтырбай окуйм. Гезит өтө кызыктуу, мага бардык эле макалалар жагат. Анан белгилүү адамдардын ажырашып кеткендерин окусам, ажырашпай эле койбойбу деп жүрөгүм ооруйт. Оюн-утуштун жоопторун балдарым менен чогуу таап, кат аркылуу жөнөтүп жиберген элем. Жеңүүчү болгонума кубанычтамын.

Нурия Закирбаева: «МУРУНКУСУНДА ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАН ЭЛЕМ»

– Нурия, куттуктайм, сиз жеңүүчү болдуңуз! Кантип бул утушка катышып калдыңыз?
– Чоң рахмат! Өзүм 4 жылдан бери Кадамжай шаарындагы почтада иштейм. "Супер-Инфо" гезити биздин районго почта аркылуу да таркатылат. Почтада иштегендер өзүбүз да жазылып окуйбуз. Биздин облустагылар үчүн өткөрүлгөн мурунку оюн-утушта жооп жазып жөнөткөнгө жетишпей калган элем. Мунусунда суроолордун жообун таап жөнөтүп койгом. Мен гезитти алганда алгач эле жылдыздар тууралуу макалаларды, гороскоп, сериалдарды окуп чыгам. Анан шашпай калгандарын бүт окуйм.

№759-санда жарыяланган Бишкек шаарындагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Зоя Алымбекова келип белегин алып кетти. Ал эми экинчи жеңүүчү Жибек Койчубекованын ордуна белегин анын иниси Эламан Койчубеков алып кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан