ООРУКЧАН ЭНЕ-БАЛАНЫН ТАГДЫРЫ. «МАГА БИР НЕРСЕ БОЛСО ООРУКЧАН БАЛАМ КАНТЕТ? АНЫ ОЙЛОП БАШЫМ КАТАТ»

Назгүл айым менен 2 жума мурун телефон аркылуу тааныштык. "Суранам, жардам бергилечи..." деп ыйлап жаткан айымдын добушун угуу оор болду. Аны менен жолугуу үчүн Токмок шаарына жөнөдүк, каарманыбыз ал жердеги жатаканалардын биринде 5 жашар баласы менен жашайт. "Журналисттер келди" деп күйпөлөктөгөн Назгүл айым биз кире электе эле "нан ооз тийгиле" деп тосуп алды. Турмуштун кыйынчылыгы канчалык ийинден баспасын, жакшы салтты унутпаган пейилине ыраазы болуп, абал-шартына жаныбыз кейип турду. Каарманыбыздын чакан бөлмөсүнө кирген соң алгач анын апасын кепке тарттык.

"АЙЛАБЫЗ КЕТИП МЕЧИТТИН АСТЫНДА ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП ДА КӨРДҮК"

Бермет Токтоназарова:

– 2 кызым бар, улуусу Назгүл. Кыздарымдын атасы 20 жыл мурун көз жумган. Кичүү кызым 38 жашта. Ал дагы оорулуу, жолдошу менен ажырашып кеткен. Учурда мени менен жашайт. Кээде түндө уктап жатып бетин тытып, өзүнө ээ боло албай калат. Аны дарыгерлерге көрсөтүүгө каражатыбыз деле жок. Назгүл болсо 1 жылдан бери гепатиттин C түрү менен жабыркап, азабын тартып келе жатат. "Боорум ачышып жатат" дегенинен текшертсек, ушундай оору жугуп калыптыр. Буга чейин ооруканада дарыланган эле, тишин да дарылатып жүргөн. Сыягы ошондо жуктуруп алган го. Өзү да кайдан жукканын байкабай калыптыр. Ошондон бери иштей албайт, оор көтөрбөшү керек. Бирок айла канча? Тиричилик кылуу керек. Чакалап суу ташыйт. Түнү менен уктай албай "боорум" деп кыйналып чыгат. Мурун көп кабаттуу үйлөрдүн подъездин жууп, үйлөрдү актап, сырдап баласы экөө күн кечиришчү эле. Азыр андай жумушту жасай албайт, мечиттин алдында тилемчилик кылганга чейин бардык. Мен жардам берейин деп, кээде талаа иштерине жалданма жумушчу болуп чыгам. Кечээ дагы чыккам. Кан басымым көтөрүлүп, жатып калдым. Ушул кызым менен неберем жакшы болуп кетсе болду эле. Дары алып берейин десем пенсиям 5000 сом, ал эч нерсеге жетпейт.

"УУЛУМДУН ЖӨЛӨК ПУЛУНА КҮН КЕЧИРИП ЖАТАБЫЗ"

Назгүл Кийизбаева:
– Учурда 42 жаштамын, 2 уулум бар. Улуу балам 14 жашта, кыйналганыбыздан аны атасына берген элем. Кичүү баламдын атасына 32 жашымда турмушка чыккам. Аны менен да турмушубуз болбой эки жолго түшкөнбүз. Жашоодон көп кыйынчылык көрдүм. Батирден батирге көчүп жашап келем. Колумдагы балам 9 айлыгында өзбек улутундагы бир кишинин времянкасын ижарага алып жашачу элем. Анын уулу баңгизат колдончу экен. Чегип алганда ал атасы менен мушташып, биздин бөлмөбүздүн терезесин талкалап чуу чыгарды. Айла жок түнкү саат 2де наристемди колго алып көчөгө качып чыккам. Ушундай оор турмуштан тажап турганымда, анысы аз келгенсип 1 жыл мурун боорум ооруп калды. Дарыгерлер "тез арада дарыланышың керек" дегени менен, дарылар аябай кымбат экен, акча таба албай койдум. Арзан дары-дармектерди ичем, бирок алардын жардамы тийбей жатат. Ишке жараксыз болуп, балам Бектурдун жөлөк пулуна күн кечирип жаткан мезгилибиз. 3000 сом алат, анын 1200 сомуна ушул эч кандай шарты жок жатаканадагы 1 бөлмөгө төлөп, калганын тамак-ашка сарптачу элек. Эми бөлмөнүн ижарасын 2000 кылып көтөрүшүп,
"9 айдын ижарасынын үстүнө дагы 800 сомдон кошуп бер" деп жатышат. 1000 сомго кантип баламдын курсагын тойгузам, айтыңызчы?
Мага бир нерсе болсо, оорукчан баламды ишенип таштай турган адамым жок. Апам 65ке чыкты, бир тууганым болсо оорулуу. Мунун баарын ойлоно берип башым катып калды. Баламдын талмасы бар. Катуу урушуп койсом эле титиреп калат. Балдар менен кошулуп ойной албайт. Атайын майыптар үчүн бала бакчага барат. Ал жактан дагы жакында эле эсин жоготуп жыгылып калды. Түнү менен жини келип, ыйлап чыккан учурлар болот. Анда өзүмдүн оорумду унутуп, уктабай баламды карап чыгам. Кимге гана жардам сурап кайрылбадым, бирок жыйынтык чыкпай жатат. Мурун апамдын кулайын деп араң турган үйүндө чогуу жашачу элек. Сиңдим менен уулумдун оорусу кармаганда апамдын кан басымы көтөрүлүп чыдай албай калып жатты. Ошол үчүн өзүнчө эле жашайын деп чечкем. Азыр эмне кыларымды дагы билбей калдым. Жардам берер бир тууганым же атам жок. Баламдын атасы болсо ушул шаарда эле тентип жүрөт имиш. Ал эч кандай көмөк көрсөтүүгө жөндөмдүү эмес. Балам менен дени сак жашоодо, өз үйүмдө жашагым келет. Жакырчылыктан кыйналып кеттим. Жардам бериңиздерчи, суранам! Жок дегенде уулум экөөбүздүн ден-соолугубуз жакшы болуп кетсе болду эле.

Каарманыбыз жашаган жатакананын жумушчусу Сейнебүбү айым бул үй-бүлө тууралуу буларга токтолду:
– Бул жатаканада мурун мен дагы жашап кеткем. Назгүлдүн жашоо шартын көрүп, билип эле жүрөм. Баласы оорулуу, башка балдарга аралашып ойной албайт. Бирөө жолосо эле уруп салат. Аны Назгүл жалгыз таштап же бирөөгө ишенип калтырып кете албайт. Баласынын майыптыгына байланыштуу алган жөлөк пулунун тең жарымын жатаканага төлөйт, жарымына эптеп азык-түлүк алып курсагын тойгузушат. Чындыгында, бул үй-бүлөнүн абалы өтө эле начар, абдан жардамга муктаж болуп турган учуру.

"Бөлмөнүн дубалы, полу жылда көгөрүп кетет. Аны колум менен жууп чыгам. Муну көргөн боорукер мекендештерибиздин бири "жерде жатпагыла" деп өзүнүн диванын берген эле".


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Оорунун туткунунда калган эне-баланын тагдыры
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
alik.1982
2017-06-12 11:27:03
супер инфо аты жонун фамилясын алып бересиздерби колдон келишинче жардам берейли.
+2
nuriyaeljan
2017-06-12 12:42:36
Супер инфо Элсомбу банктагы эсеп картасынбы жазып койсонуздар сураныч
+2
Nendi15
2017-06-12 12:53:07
Элсом аябай ыңгайлуу экен номерин алып бериңиздерчи
+3
Tyty1990
2017-06-12 13:00:31
Кантип жардам берсек болот?
0
love.me.again
2017-06-12 14:50:37
Баарыбыз жардам берелик. Орозо айында. Кантип жардам берсек болот айтып койсонор супер
+1
bella.8712
2017-06-12 15:48:59
Супер инфо Эженин номерин жазып койунуздарчы сураныч
+1
tokitok
2017-06-12 16:04:41
жардам керек деп. бирок эч бир данныйын жазбай койгонунар кандай? эл жардам бериш учун бардыгы оной жана женил болсо. тиричилике аралашып кетип окуганынды унутуп деле каласын чукуп издешкендер чанда го.
+3
bliznesy
2017-06-12 17:32:21
Баланы төрөтүп коюп бакпай кеткен эркектерди мээсине чабыш керек.Дагы эки аял алабыз деп коюшат.
+10
jalgyzdyk
2017-06-12 17:38:36
0553429444 жана 0771844811 Ушул Назгул айымдын номерлери, жардам берууну каалагандар байланышсаныздар болот экен.
+1
jalgyzdyk
2017-06-12 17:38:57
Кенсеге чалып билсенер болот.

0
love.me.again
2017-06-12 20:38:49
jalgyzdyk,сиз ким болосуз???
0
Guliii
2017-06-12 20:53:24
Элсомдон кантип акча которот айтып койгулачы. Орозо фитрди ушундай муктаждарга которуп коёлу
+4
evra_kg
2017-06-12 22:03:11
Россиядагыларгада оной жолуу бар бекен жээ кантип которсо болот
+3
Lakyas
2017-06-13 00:52:30
evra_kg,
менда ошону сурайын деп жаткам.
жооп берип коесуздарбы??
Чет олкодон кантип жардам берсек болот. Коп тукурсо кол болот демекчи, колдон келишинче жардам кылсак.
+3
admin_portal
2017-06-13 16:51:35
Lakyas, evra_kg, Guliii, tokitok, bella.8712, love.me.again, Tyty1990, Nendi15, nuriyaeljan, alik.1982, саламатсыздарбы? 0553429444, 0771844811 номерлери аркылуу Назгүл айым менен байланышсаңыздар болот. Тилекке каршы, Элсому жок экен.
+1
MIRAN
2017-06-13 19:28:05
Эже менен байланыщтым Кийизбаева Назгул Токтогуловна деп жиберсениздер болот экен
+4
stervella415
2017-06-18 05:36:46
Ушу кенедей ески уйго 2000 сурап еще отуп кеткен 9 айга 800 сомдон кошуп бер деп.бул кандай хозяин??Супер уйдун хозяининенда интерьвю алсанар жакшы болмок экен....уяты жок...1200 да кымбат бул уйго....500 сом норм болот...бир болмолуу екен....
+1
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан