СӨГҮНҮҮ ЗЫЯНБЫ ЖЕ ПАЙДАЛУУБУ?

Жини келген учурда кимдин болсо да оозунан "кооз сөздөр" чыгып кетиши мүмкүн. Ал эми айрымдар сөгүнүүнү өнөкөткө айландырып алышкан. Сөгүнүүнүн артында эмне жатат? Бул ден соолукка зыянбы же пайдабы? Кантип туура сөгүнүү керек? Бул суроолорго психолог Айзада Танаева жооп берди.

ЭМОЦИЯНЫ ЧЫГАРУУ


Сөгүнүү – бул ачуулануу, кубануу, нааразы болуу сыяктуу эле эмоция. Адам чочуп кеткенде, ачууланганда, бир жери ооруп кеткенде сөгүнөт. Ал организмдин коргонуу реакциясы. Мисалы, бирөө колун балка менен чаап алды да, сөгүндү. Ошол замат организмде ооруну басаңдатуучу эффект пайда болот. Кээ бир учурда аялдар төрөт маалында сөгүнүшөт. Демек, ал ооруну эмоция менен чыгарууга аракет кылганы. Психологияда эмоция ичте калгандан көрө сыртка чыкканы пайдалуу деп саналат.

КҮЧ ЖАНА БИЙЛИК


Адам сөгүнүү менен күчүн, бийлигин көрсөткүсү келет. Бул көп учурда жетекчилерге мүнөздүү. Нааразычылыгын узун жомок кылып айтып отурганга караганда сөгүү менен натыйжага тезирээк жетет. Статистика боюнча, аскер адамдары көп сөгүнүшөт. Аларга өзүнүн каалаганын майдалап түшүндүрүп отурганга убакыт жок. Сөгүнүү менен кыска жана так нааразычылыгын түшүндүрө алат.

КОРКОК ЖАНА ЫЗАКОР


Жашообузда эки сөзүнүн бири "кооз сөздөр" менен коштолгон адамдарды кезиктиребиз. Булар: өзүн кармай албаган, ызакор, өзүнө-өзү ишенбеген, агрессивдүү адамдар. Сөгүнүү менен алар ошол мүнөзүн жашырып, өздөрүн кыйын, күчтүү көрсөткүлөрү келет. Сөз байлыгы аз, оюн так түшүндүрө албагандар да көп сөгүнүшөт. Анткени аларга сөгүнүп түшүндүрүү жеңил.

УЯТ СӨЗДӨР


Оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп же жалаң жыныстык органдарды кошуп сөккөндөр бар. Алардын чоң комплекси бар деп түшүнсөк болот. Андайлардын көп учурда жыныстык органдары ооруйт же жыныстык жашоосунда маселелери бар, же өздөрүнө ишенбейт. Аларга психологиялык жана сексуалдык жактан дарылануу талап кылынат.

СИЗГЕ БИЛҮҮ ПАЙДАЛУУ...

  • Сөгүнүү чынында сөгүнгөн адамга караганда угуп жаткан адамга терс таасир берет. Мисалы, күйөөсү сөгүнчөөк болсо, аялы уга берип көңүлү калып, күйөөсүнөн алыстап, кээ бир учурда таптакыр ажырашат. Ата-энесинен сөгүү жеген балдардын өзүнө болгон ишеними азаят. Жетекчисинен сөгүү жеген кызматкер ишин жек көрө баштайт. Ошондуктан бирөөнү сөгүп жатканда анын кийинки эмоционалдык абалын ойлогонуңуз оң.
  • Өспүрүмдөр чоңоюп келе жатканда бардык нерсенин даамын татып көрүшөт. Мисалы, алкоголдук ичимдик ичип, тамеки тартып, сөгүнүп, мушташып. Ата-энелерге "балам сөгүнүп баштады" деп чоң трагедия кылуунун кереги жок. Табигый өсүп-чоңоюп жаткан процесс катары карап убакыт берсеңиз, бала өз калыбына түшөт.
  • Кызыгы, дээрлик бардык тилде "энеңди..." деген сөгүнүү бар. Бирөөгө катуу тийиши үчүн анын талуу жерин кармоо керек эмеспи. Адамга энесинен жакын кимиси бар? Мындай сөгүнүү кимди болсо да чектен чыгарып жиберет. "Энең..." деп сөгүнүү ошондон калганын билсек болот.
  • Кээ бир учурда сөгүнүү каргышка өтүп кетет."Өлүгүңдү көрөйүн", "башыңды же", "ай талаада кал", "жетим" деген сыяктуу кептер адамдын энергиялык талаасын булгайт жана капа кылат. Ошондуктан бул сөздөрдү "тукумуң өс", "бай болуп кет", "бай болгур" деген сөздөр менен алмаштыруу керек.

КЫСКА ЖАНА КЫЗЫКТУУ

  • Дүйнө жүзүндө сөгүнүп сүйлөө боюнча орус тилдүүлөр үчүнчү орунду ээлешет. Ал эми экинчи орунда нидерланддар болсо, биринчи орунда англис тилдүүлөр турат.
  • Ырчы Филипп Киркоров журналистти сөккөнү үчүн нааразы болуп 700 радиостанция жана телеканал анын ырларын эфирден алып салышкан.
  • Германияда айдоочулар жол эрежесин бузганы үчүн эмес, тыгында калып сөгүнгөнү үчүн айып төлөшөт. Полиция кызматкерлери жол жээгинде туруп айдоочулардын сөгүнгөнүн угуп калса айып салышат.

СӨГҮНГӨНДҮ ТАШТАЙБЫЗ

1. Эң негизгиси "сөгүнүүгө болбойт, ташташым керек" деп ойлонбош керек. Анткени мээде болбойт деген нерсеге адам, тескерисинче, жабышып калары белгилүү. Жакшысы "мен бул сөздөрдү азыраак колдонгонум туура" деп өзүңүздү тарбиялаңыз.

2. Алгач кандай учурда көп сөгүнөрүңүздү байкаңыз. Машина айдап жүргөндөбү, тыгындабы же базарда аны-муну алып жүргөндөбү, же түгөйүңүзгөбү, балдар, достордун арасындабы, байкап көрүңүз. Анан ошол сизди сөгүндүргөн абалдан качканга аракет кылыңыз.

3. Сөгүнүү вирус сымал адамдарга жугуу касиетине ээ. Андыктан жакын жүргөн адамыңыз да сөгүнбөгөнү талапка ылайык.

4. Сиз кимден уяласыз? Чоң энеңизден же кызыңыздан, же сүйгөнүңүздөн? Демек, ошол адам ар дайым жанымда деп, аны көз алдыңызга элестетсеңиз да сөгүнүүдөн арыла аласыз.

5. Өспүрүм балдар өзүн "крутой" көрсөтүү үчүн көчө сөздөрүн колдонушат. Ал тургай өз ара ырларды да чыгарып алышкан. Мына ошол таасирден алыс болууга аракет кылыңыз. Сөгүнүү менен коштолгон кино, сериал көрбөй, музыка укпай койгон оң.

6. Позитивдүү ойлонгонго аракет кылыңыз. Майда-барат нерсеге нерв коротуп, сөгүнүп-сагынуудан эч пайда жок. Жумушка кечигип калгандан, сизди шефиңиз сындап койгондон дүйнө аңтарылып кетпейт.

7. Сөз байлыгы аз адамдар оппонентинен жеңилип бара жатканда сөгүнүп башташат. Мындай абалда калбаш үчүн дүйнө таанымды, сөз байлыкты өстүрүңүз, китеп окуңуз. Каршыңыздагы адамды сөкпөй эле, сөз менен "отургузуп" койгонго өтүңүз. Ошондо сиз даана жеңиш даамын сезесиз.

8. Өзүңүздүн жан дүйнөңүздү гармонияга алып келиңиз. Ошондо сөгүнүүдөн арыласыз. Анткени андай адамды эч ким тең салмактан чыгара албайт.

9. Сөгүнүп келе жатканда эле ошол сөздөрдүн ордуна "тукумуң өскүр", "жолуң болгур", "чоң болуп кет, ылайым" деген сөздөрдү колдонгонго аракет кылыңыз.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
gumigumi1990
2017-06-12 19:12:14
Жолдошум согунуп баштаса ушунчалык жашоомо нараазы болуп кетем. Ушу менен кантип жашап журом деп.
+7
voennyi88
2017-06-12 21:59:36
Ошондо Таластыктар жыныстык жактан оорушабы?.
+8
Polumna
2017-06-12 23:01:05
voennyi88,Оштук, Баткендик, Көлдүк, Чүйлүк,Нарындык, Жалалабддык жана планетадагы бардык адамдарай эле Таласта дагы сизге окшоп жыныстык оорулар менен ооругандар бар, бузукум)))
+2
liitle_princess95
2017-06-12 23:40:12
Ото жаман кором согунгон сапатты. Сый жоголот ал адамга.
+11
Aidani
2017-06-12 23:43:46
Аскер адамдары коп согунот дегенге кошулбайм менин суйгонум коп жылдардан бери бери чек ара кызматында иштейт солдаттар менен бир жолу да согунгонун уккан эмесмин даже элементарный Энен деген созду колдонбойт
+2
lady_91
2017-06-13 02:40:23
Aidani,суйгонун азамат экен бирок эрин болгондо анан билинет чыныгы жузу...
+13
Erika16
2017-06-13 00:02:26
согунушпой эле жашаганга не жетсин!мен согунбогондор катарына кирем.
+3
sarter-9301
2017-06-13 03:35:19
Erika16,кыз башын менен сага эмне бар согунгону чырагым.
+10
Samina007
2017-06-13 05:14:55
Жетим дебе жетим караңгыда жаман болот жетим дегендер да бар.
+1
ozgeldi
2017-06-13 14:20:36
Мен да согуно берем .согунбойун деп озуму башкарганга аракет кылам жыйынтык жакшы болот экен
0
Kommersant
2017-06-14 07:22:54
Адепсиз адам көп сөгүнөт,адебиңди жашыңдан сакта деп бекер айткан эмес да.
+1
AKCAHAT
2017-06-15 02:52:24
Жугуштуу дегени чынго)))
+2
Gulum88
2017-06-15 17:57:25
Ушул эле калды эле озу талкуу кылбаган
-3
AykaMer
2017-06-18 15:57:18
Gulum88,Албетте талкуулаш керек,анткени соз согунуу эмес адамдын психикалык онугуусу жонундо болуп жатат... Создун маанисин байкаштырсан.
-1
Astra93
2017-06-16 13:12:32
Айрыкча куйосу жубайын сокбош керек эч убакта.мен келечекте балдарымды ушуга уйротом...
0
Dosy
2017-06-16 18:46:41
Astra93 tuura aitasyz balaga bashynan tuura tarbiya berish kerek.
0
Aysuluu90
2017-06-17 18:55:07
Ме да жолдошумду мышыкты пыш дебеген адам де ойлочумун суйлошуп жургондо азыр эми чыныгы жузун коруп жатам ага бир эже бар эле толко жетим деп суйлочу баарына балдарына да ошол отуп кети балдары жетим калды тооба кылдым ошондой согунуунун ордуна Субхон Аллах Аллахамдулилах деш керек
0
klarisa
2018-07-24 23:52:23
Aysuluu90, кудай сактасын ушундайдан. Ал эженин балдарына убал. Оозду ондош керек. Туура сүйлөө үчүн ойду түздөө зарыл.
0
Kurbanalieva1991
2017-12-29 15:44:16
Жолдошум согунот,жаны келин болуп келгенде кайнатам кайненемдин алдында согунгондо тан калгам. Азыр кичине онолуп баратат согунгонду таштап.
0
Nendi15
2018-06-08 01:37:08
Эркектин ар бир оозунан чыккан сөгүнгөн сөзү үчүн акыретте анын энесинин бетине жугунду төгүлүп турат экен....Аллахым эч бир пенденин бетине жугунду чачтыра көрбө...Сөгүнгөн эркек жашоосундагы эң жакын адамдарын сөгүп жүрүп бир күн жоготуп алышын билбейт да.Сөгө берем каякка кетет эле деп оозго алгыс уят сөздөр менен сомго берет.Ошол сөгүнгөнү үчүн өкүнөөр бекен э
0
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан