БИР БҮРКҮМ

  • "Кыргыз мамлекетиндеги 2005-жылдагы төңкөрүштү каржылагам" деген Казакстандагы "БТА" банктын мурунку жетекчиси МУХТАР АБЛЯЗОВ Алматынын адистештирилген райондор аралык соту тарабынан 20 жылга сыртынан кесилди. Учурда ал Францияда жашоодо.

  • 2016-жылдагы жыйынтыктарга караганда, Кыргыз өлкөсүндөгү ЭҢ БАЙ АДАМДАР Ысык-Көл облусунда жашашат. Ал эми жарды жарандар Ош менен Нарын облустарында турмуш кечирет. Бул тууралуу "Инвестициялык тегерек стол" коомдук бирикмесинин докладында айтылды.

  • Өлкөдө 2016-жылдын алгачкы 5 айында 32 жаш бала КУРГАК УЧУК илдетине чалдыкса, быйыл 36 бала аталган ооруга чалдыккан.

  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 8-10-июнь аралыгында өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына учуп кетти.

  • Өлкө боюнча май айына карата БЮДЖЕТТИК ЧЫГЫМ 10 миллиард 97 миллион 560 миң сомду түздү. Анын 2 миллиард 409 миллион 278 миң сому айлык акыларга коротулган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

  • 2017-жылдын башында өлкөдө 170 КАЧКЫН каттоодон өткөн. Алардын 99у Ооганстандан келгендер. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2016-жылга карата отчётунда айтылды.

  • 2016-жылы Кыргыз өлкөсүндө 248 адам ИММИГРАНТ статусун алган. Алардын 64ү Орусиядан, 43ү Кытайдан келгендер. Аталган маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

  • Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчылыгына ЖУМАГҮЛ ЭГЕМБЕРДИЕВА дайындалды. Ал буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеп келген. Анын ордуна бул кызматка орун басары болуп иштеген БАХТИЯР САЛИЕВ дайындалды.

  • 2017-жылдын 16-январында ДАЧА-СУга кулаган Боингден улам жакындарынан ажыраган 39 жаран эс алуу үчүн бир жумага Түркиянын Анталия шаарына кетишти. Сапарга кеткен чыгымдардын баарын түрк тарап көтөрмөкчү.

  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШ 2016-жылы бюджеттен 284 миллион сом короткон. Бул тууралуу 8-июнда спикер Чыныбай Турсунбеков айтты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан