УКМК ФЕЙСБУКЧУЛАРГА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Фейсбук социалдык тармагында улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган ойлорду жазып, үгүттөгөн колдонуучуларга кылмыш ишин козгоду. Кылмыш ишин козгоого жеткирген билдирүүлөр 18-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында жергиликтүү балдардын мушташы боюнча жазылган. Интернеттеги социалдык тармактарда балдардын бул мушташы кызуу талкууга алынып, айрым жарандар улуттар аралык араздашууну күчөтчү пикирлерди жазган. Талкуудагы пикирлер боюнча Улуттук илимдер академиясынын эксперттик тобу "кастыкты козутат" деген корутунду чыгарып берген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүмүнүн (улуттар, элдер, расалар, диндер жана аймактар аралык кыстыкты козутуу) негизинде кылмыш иши козголгон. 2010-жылдагы кыргыздар менен өзбектердин арасында болгон каргашалуу Июнь окуясынан бери 7 жыл өттү. Анда жүздөгөн жарандар каза болуп, бир тобу дайынсыз жоголуп, бүгүнкүгө чейин элдин жарасы айыга элек. Андыктан УКМК эле эмес, ар бир жаран дагы бул маселеге жоопкерчилик менен мамиле жасоосу зарыл.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан