КАРАКОЛДУК ЧИНОВНИКТЕР 1 ЖАРЫМ МИЛЛИОН СОМГО БАЛАТЫ САТЫП АЛМАКЧЫ

Каракол шаарынын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу чарбасынын комбинаты июнь айында жаңы жылдык жасалма балатыны сатып алуу үчүн 1 жарым миллион сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя илинген.
Тендер жарыялаган тараптын шарттарына ылайык, жасалма балатынын бийиктиги 21 метрди түзүп, жарамдуу мөөнөтү 10 жылдан кем болбошу керек.
Аталган мекеменин директорунун милдетин аткаруучу Алмаз Абдыкеев: "Балатыны жайда сатып алса арзан түшөт экен. Былтыр 20 метрлик жандуу балатыны 16 миң сомго сатып алганбыз. Быйыл болсо жасалма балатыга тендер жарыяладык. Мунун баасын Орусиянын сайттарынан карап койгонбуз",- деп билдирди.
Орусиялык сайттарда 21 метрлик жасалма балаты миллион сомдун тегерегинде. Мамлекеттин бюджетинин тартыштыгы айдан ачык көрүнүп турганда 1 жарым миллион сомдук балаты алууга канчалык муктаждык бар эле деген суроо туулат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан