ДИРЕКТОРДУН КАТАСЫ ҮЧҮН БУХГАЛТЕР ИШТЕН АЛЫНДЫ

Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго премьер-министр тарабынан катуу сөгүш берилди. Ошондой эле аталган мекемеде башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу А.Акматалиева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка караганда, 2016-жылдын октябрь айында премьер-министр менен чет элден келген делегациянын кечки тамагына 150 миң сом каражат коротулганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, натыйжада аталган сый тамакка премьер-министрдин катышпаганы аныкталган. Өкмөт башчы агенттиктин директоруна сөгүш берип, ал эми бухгалтери кызматтан бошотулган. Салык төлөөчүлөрдүн акчасын натыйжасыз иштетип, минтип кечки тамакка чачып жаткан чиновниктер арбын. Бирок мындай иштерге жол берген жетекчилер эмес, катардагы кызматкерлер жабыр тартканы кейиштүү. Бул ирет да негизги буйрукту берген жетекчи эмес, буйрукту аткарган бухгалтер садагага чабылды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан