Орусия Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандагы аскердик базаларын кубаттандырат. Аталган билдирүүнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 7-июнда Астанада өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынында айтты. Мындай кадамга террордук уюмдардын Ооганстандан Борбордук Азияга карай жылып келе жатканы себеп болгонун баса белгиледи. "Мындан улам биз Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандагы аскердик базаларыбызды күчөтүп, аларды заманбап куралдар жана аскердик техника менен камсыздайбыз",- деди Шойгу.
2012-жылы Кыргыз мамлекети менен Орусия өлкө аймагына аскердик база түзүү тууралуу келишимге кол койгон. Учурда Кыргыз өлкөсүндө аталган аскердик базанын курамында Орусиянын 4 аскердик объектиси бар. Алар: Кант шаарындагы аскердик база, Караколдогу сыноочу аскер-деңиз базасы, Чалдовар аймагындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы автономдук сейсмикалык пункту.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg