ОШТУН МЭРИ АСТЫНА КИЛЕМ ТӨШӨБӨСӨ СҮЙЛӨБӨЙБҮ?

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин ай талаага салынган килем үстүндө трибунада туруп сүйлөп жаткан сүрөтү коомчулукта кескин сындардын толкунун жаратты. Шаардык мэриянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, сүрөт бир ай мурун, Оштун Амир-Темур кичи районунда, жаңы мектептин курулушунун ачылыш иш-чарасында тартылган. "Мектеп куруу көйгөйү бар эле. Ошондуктан жакшы иш-чарада трибуна астына килем төшөлгөн. Мындай окуя мурун деле болуп келген",- деп айтылат маалыматта. 2016-жылы да Кадырбаев ушул өңдүү сүрөт үчүн коомдун талкуусуна түшкөн. Анда Оштун мэри кол чатырды өзү кармабай, жанындагы жардамчысына карматып, жамгырдан калкаланганы сынга алынган. Сыягы ал сындар Ош шаарынын мэрин тарбиялай албаган көрүнөт.
Ушул сыяктуу чиновниктердин жоруктары кайталанып, сынга алынып, атүгүл президент тарабынан эскертүү берилгенине карабай тыйылбай келет. Күн ачык мезгилде да жардамчысына кол чатыр карматып алчу мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, 2016-жылы Чүйдүн 90 жылдык мааракесинде жардамчысына кол чатыр көтөрткөн Бишкектин ошол кездеги прокурору Нурлан Сулайманкулов жана Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашевди мисал келтирсе болот. Чиновниктердин мындай "бай-манаптык" жоруктарына катуу сындар деле таасир эте албайт өңдүү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан