Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов аталган жумуштан бошотулду. 3-июндан тартып ал президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси милдетин аркалай баштады. Ниязовдун мамлекеттик кызматтан кетүүсүн ушул жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырышууда. Маалыматтарга караганда, ал КСДПнын атынан чыкчу талапкердин штабын жетектейт. Фарид Ниязов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине бул боюнча: "Биздин саясий кеңеш талапкерди аныктаган. Ал – учурдагы премьер-министр. Алдыда жумуштар көп",- деп жооп берди. Фарид Ниязовдо бул жагынан жакшы тажрыйба бар. Ал 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин штабын жетектеген.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттик шайлоодо ат салышарын экс-премьерлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев жана"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев расмий жарыялаган. Мындан сырткары президенттикке Турсунбек Акун, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Адахан Мадумаров дагы талапкер катары чыгары күтүлүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg