Тамада, актёр жана "Моника Беллуччи" командасынын оюнчусу Нурадил Канкулиев 3-июнда кырк жылкылуу болду. Ата статусуна ээ болгон Нурадил мырза: "Кызым Бишкектеги төрөтканалардын биринде 3 килограмм 428 грамм салмакта төрөлдү. Атын чоң апасы Жаңыл Алика деп койду. Аталык сезимим курч эле, эшик-терезелерди жаап, бөлмөгө эч кимди киргизбей жатам. Эне-баланын ден соолугу да жакшы. Азыр үйүбүзгө куттук айтып келгендер көбөйүп, базар болуп жаткан учур",- деп билдирди. Биз дагы кызынын өмүрү узун, келечеги кең кыздардан болушун каалайбыз!
Белгилей кетсек, Нурадил "Мега той" тасмасында жана "Кыз-Бурак" тобунун "Практикант агай" аттуу клибинде роль жараткан.