5-июнда президент Алмазбек Атамбаев социалдык-экономиканын, маданияттын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу буйрукка кол койду. Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардактуу наамы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисти Келдибек Ниязовго, эстрада ырчысы, Кыргыз Республикасынын театралдык союзунун мүчөсү Алтынбек Сапаралиевге жана К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин вокалисти Зейнеп Шакеевага ыйгарылды. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишкер наамы "Dilbar" мода үйүнүн директору, дизайнер-модельер Дильбар Ашимбаевага ыйгарылды.