ЫРЧЫ САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА СУЛУУЛУК САЛОНУН ЭМНЕГЕ ИШТЕТПЕЙ КАЛДЫ?

Эсиңиздердеби, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова март айында сулуулук салонун ачып, жеке ишкерлик менен алектенерин жар салган эле. Топтогу кыздарды өзү боёнткон ырчы башка айымдарга да кызмат көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жаткан. Бирок мындан 2 жума мурда ырчы айым сулуулук салонунун эшигин жапты. Мунун себебин Сайкал Садыбакасова төмөндөгүдөй түшүндүрдү:
Негизи жакшы эле иштеп жаткам. Бишкектин башка жерлерине да салондун филиалын ачайын дегем. Бирок апам "кызым, чыгармачылыктан аксап калат экенсиң, ушул ишти жөн эле коюп, топтогу кыздарга, өзүңдүн чыгармачылыгыңа көңүл бур" деп жаптыртты. Апамдын айтканын эки кылбай макул болдум. Бул ишти такыр эле токтотуп койбойм, буюрса, турмушка чыккандан кийин кайра улантам деп турам. Апам "быйыл турмушка чык" деп жатат. Буюрса, өзүм сүйгөн ишти улантуучу күндөр алыс эмес.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Nazikbaigazy
2017-06-12 09:39:25
Ии кече эле чон той берип ачтын элего, киреше болбогонго
+24
Tyty1990
2017-06-12 10:09:55
Азыр кризис. Байып кетиш аста аста, банкрот болуш бирпаста
+28
Rajab
2017-06-12 13:34:28
Куйоого тий эн биринчи андан кийин болот башкасы
+9
Aisanur_89kg
2017-06-12 16:01:49
Жигит даярго дейм быйыл турмушка чык деп жатса,элге даназалабай жакшылап чоо жайын билип анан айткыла,тойго барабыз деп суйунгондо айнып кетпей.
+11
Mumu1986
2017-06-12 18:01:02
Апасы экоо бирде келип соода кылып кетишкен. Аябай шайыр адамдар. Апасы аябай сонун аял, экоонун ортосундагы мамилесинеда суктанганмын.
+12
Izdeim_seni.
2017-06-15 09:31:52
Mumu1986,игра на публику дейт андайды
+1
Djumaev0mur
2017-06-13 03:00:47
Апанын кызыда мактанчааак
-8
Alibay
2017-06-13 13:01:36
Баары эле салон ачып жатат деп ачкан,анан иштете албаганский же актабаганский да)))))
+1
raykray
2017-06-13 14:00:02
Alibay, эмнеге только негатив? озун учун эле жакшы ойдо жакшы соз жазып койсон позитив болот! Иштетсе иштетип деле кетет, акчаны кууп калбасын дер, эрге берейин дегендир запасы?!
+1
Ajar812
2017-06-13 18:01:32
Туура эле бир жактуу иш кылбаса кыйын болот.Иштетпесе арендага бергендир
0
yoona96
2017-06-15 12:35:21
Бир нерсе болсо эле Гулшайыр эжени ортого сала коётко дайыма.
+2
kamchatka
2017-06-16 12:19:37
Актабай калды эмнеле асыласынар арендасыда кымбат болчу!
+1
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан