Ырчы Чолпонай менен продюсери Эрнест Уметалиев бала кезден чогуу ырдашып, кийин эс тартканы кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш кошушканы маалым. Чыгармачылык табыштырган үй-бүлөдө наристе жыты буркурап, ымыркайдын ыңаалаганы жаңырды. Чолпонай 2-июнда борбордогу төрөтканалардын биринде кызын жарыкка алып келди. 6-июнь күнү эне-бала үйүнө чыгып келишти. Наристеге чоң энеси, "Ак шоола" балдар хорунун көркөм жетекчиси Гүлмира Эсенгулова Лиана деген ысым ыйгарды. Ата болгонуна ишене албай турган Эрнест: "Ата болуу бир башкача, денени калтырак, толкундоо баскан сезим экен. Мен эмдигиче ишене албай жатам. Кыз экенин УЗИден эле билгенбиз, ошондуктан кызымды чыдамсыздык менен күттүм эле",- дейт. Лиананын өмүрү узун, ден соолугу бекем болушун тилейбиз.