ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНЫН ФИНАЛЫ: «ЮВЕНТУС» – «РЕАЛ» 1:4

Италия жана испан чемпиондугунда жеңүүчү аталган командалардын финалдагы тиреши быйылкы футбол сезонун жыйынтыктады. Бул саам футбол майрамы Уэльстин Кардифф шаарында өттү. Чемпиондор Лигасы. Финал. «Ювентус» «Реалга» каршы.

«ЮВЕНТУС» – «РЕАЛ» 1:4

Голдор: Манжукич (27-мүнөт) – Роналду (20, 64-мүнөттөр), Каземиро (61-мүнөт), Асенсио (90-мүнөт)

«БАРСЕЛОНА» «ЮВЕНТУСКА» КҮЙӨРМАН БОЛГОНДО...

Беттеш алдында серепчилер эки команданын мүмкүнчүлүктөрү дээрлик бирдей деп айтып жатышты. Туриндик клуб коргонуусу менен айырмаланып, тактикалык оюнга басым жасайт. Ал эми «Реал» 90 мүнөт бою чабуул коюудан тажабаган команда. Эки команданын негизги курамдагы оюнчуларынын финалга даяр болушу күйөрмандарга мыкты футбол көрүүгө шарт түздү. Кызыгы, «Реалдын» эзелки атаандашы болуп келген «Барселона» командасынын өкүлдөрү ачык эле «Ювентуска» күйөрмандык кылып жатышты.
Аталган оюн Гарет Бэйл үчүн өзгөчө эле. Себеби уэльстик футболчу өз мекенинде ойномок. Бирок Зидан аны негизги 11 футболчунун катарына кошкон жок.

КОРГООЧУЛАР БИР ТАЙМ ГАНА ЧЫДАШТЫ

Оюндун өңүтү чыныгы эки мыкты команда финалга чыкканын айгинеледи. Эки команданын футболчулары ар бир топ үчүн аягына чейин күрөш жүргүзүп жатышты. 20-мүнөттө Карвахаль менен Роналду биринчи голдун сүрөтүн тартышты. Португалиялык футболчунун соккусун Буффон тосконго жетишпей калды. «Ювентус» чабуулун күчөтүп, 7 мүнөттөн соң Манжукич эсепти теңеди.
Экинчи таймда демигип калган туриндик команда «Реалга» туруштук бере албай койду. Каземиро, Роналду жана Марко Асенсио бирден гол жаратып, эсепти ири кылышты. Серхио Рамостун актёрдук чеберчилигинен улам Куадрадонун кызыл айып кагазын алып калышы көбүрөөк эсте калды. «Ювентус» ири эсепте утулууга татыктуу болгон жок. Бирок «Реал» ири эсепте утууга татыктуу болду.

«АЛТЫН ТОПТУН» ЭЭСИ БЕЛГИЛҮҮ БОЛГОНДОЙ

Оюндан соң Буффонду аягандар көп болду. 39 жаштагы дарбазачы үчүн аталган мелдешти утуусу акыркы мүмкүнчүлүктөрдүн бири эле. «Келишим боюнча дагы бир жыл ойнойм. Демек, Чемпиондор Лигасын утууга дагы бир мүмкүнчүлүгүм бар» дегени өзүнө эмес, өзүнүн күйөрмандарына дем берген сыяктуу.
«Криштиану Роналдуга бешинчи «Алтын топ» бергиле» деген сөздөр тарады. Чындыгында бул мелдеште дал ушул футболчунун эмгеги зор. Чечүүчү оюндарда маанилүү голдорду киргизе алган футболчуга Массимилиано Аллегри туура мүнөздөмө бергендей: «Ал футбол талаасында уктап калгандай туюлат. Бирок кандайча эки гол киргизип кеткенин байкабай каласың».
XX кылымдын мыкты командасы аталган «Реал» жаңы кылымда дагы мыкты болуп жатканын эч ким тана албайт. Бул жеңиш менен 2 ирет Чемпиондор Лигасын уткан жалгыз команда катары тарыхка жазылды.

Каземиронун голу оюндун нугун өзгөрттү.


Роналду өз карьерасында 4-ирет Чемпиондор Лигасын жеңди. Сүрөттө баласы менен.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2017-06-12 09:40:19
Жалпы реалчыларды жеңиш менен куттуктайм! Ал эми барсачыларга сабыр тилейм. Себеби Реал бул реал.
+2
Patriot7
2017-06-12 12:13:26
Европалыкарга боло берет да. Уйлонбой эле балалуу боло беришет, бизде андай баланы арам же нокотек деп айтат...

Дагы айрымдары шаар коргон эчкиге окшоп "биз Европадан улгу алышыбыз керек" дегенде кулбогон жерин кул болот да...
-1
Bakulya97
2017-06-12 15:57:16
Patriot7,мусулман олколорундо деле бироонун уй-булосун соз кылуу туура эмес.
Ал анын жашоосу демек озу билет кантип жашашын колунуздан келсе барып озуно насаат айтыныз артынан суйлобой)) Ассальяму алейкум
+1
Bakulya97
2017-06-12 20:44:29
Super.kj сураныч трансферлер жонундо малымат берсениздер.
0
admin_portal
2017-06-13 16:53:37
Bakulya97, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Dante
2017-06-12 23:46:27
Ранолду алыш керек быйыл жакшы ойноду баварияга 5 гол атлетико мадридке 3 гол ювентуска 2 гол спортинг лиссабон мн барусия дортмунка 1ден гол
0
Dybala.
2017-06-14 03:14:11
Супер Россияда отчу КК17 кубок конфедрация жонундо жадыбал качан оюн каерде болот толук маалымат бере кеткиле
0
admin_superstan
2017-06-14 11:57:09
Dybala., саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан