«БИРГЕ» ЖАШТАР КЫЙМЫЛЫ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ПАЙДУБАЛ КУРУУ

8-июнь күнү Бишкек шаарында жаштарды бириктирүүнү максат кылган «Бирге» кыймылынын форуму өттү. Бул иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 250дөн ашуун өкүлдөр катышты. Коомдук жана саясий ишмерлер, чыгармачыл инсандар активист жаштар менен баарлашышты.

Тилек Дигербаев, «Бирге» кыймылынын лидери:
– Учурда өлкөбүздүн жаштарынын башын бир максатта бириктирүү үчүн «Бирге» кыймылы түзүлдү. Максатыбыз – маанилүү көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүдө активдүү катышуу, күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн прогрессивдүү жаштарды бириктирүү. Жаштардын сөзү көпчүлүк учурда угулбай калып жатат. Бирок өсүп келе жаткан муун көп нерсени өзгөртө аларына негиз бар.

Биздин кыймыл негизги 5 багытта иш алып барат:
– Жаштар өнүктүрүү борбору
Жаштардын келечектеги кесибине керектелген билим жана ар кыл шыктарга ээ болуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

– «Жашыл Кыргызстан» долбоору
Өлкөнүн экологиялык балансын сактоо, экологиялык маселелерди чечүү жолдорун издөө жана энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү.

– Жаңы иш баштаган жаш ишкерлерди колдоо
Жаңы баштаган ишкерлердин бизнес идеяларын ишке ашырууга мүмкүндүк түзүү, өлкө боюнча шыктуу жана таланттуу жаштар ортосунда натыйжалуу байланыш түзүү.

– «Полит стратегия» лидерлер мектеби
Тажрыйбалуу эксперттер жана таасирдүү саясатчылар менен байланышып, алардан үйрөнүү аркылуу жаштардын саясат айдыңында иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

– «ArtKG» долбоору
Таланттуу жаштардын чыгармачыл идеяларын ишке ашыруу үчүн пайдубал түзүү, колдоо жана чыгармачыл багыттагы ар кандай топтор үчүн шарттарды түзүп берүү.
Аталган форумда мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жаштарга дүйнө күн сайын өзгөрүп жатканын белгилеп, технология заманы келгенин айтып өттү.

– Учурда заманбап технологиянын заманы. 5-6 жыл мурун дүйнө жүзүнүн финансы рыногунун алдыңкы сабында мунайзат компаниялар жана банктар орун алып келген. Бүгүнкү күндө бул жаатта интеллектуалдык технологияга басым жасаган компаниялар сап башында. Демек, азыркы маалда байлык – кен байлыктар эмес, адам ресурстары. Салыштырсак, Беларусь өлкөсү IT-жаатында 1 миллиард доллар кызматтарын экспорттойт. Ал эми өлкөбүздүн жаштарынын көпчүлүгү гуманитардык багытты тандап жатышат.
«Америка кыялы» деген түшүнүк бар. Эмне үчүн «кыргыз кыялы» дегенди ишке ашырса болбойт? Бул ар бир кыргыз жараны өзүнүн мекенинде кыялын толук кандуу ишке ашыруусу, эркин мамлекетте, татыктуу маяна, коопсуздукта жана өзүнө, үй-бүлөсүнө, өлкөсүнө пайда алып келүү.
Жогорку технологиялык паркы жаңы экономиканын түптөлүшүнө негиз боло алат. Бул сектордун өнүгүшү менен өлкө үчүн гана эмес, жаштардын келечегине да өбөлгө түзөт. Бул жаатта мамлекет өзү негизги, баштапкы шарттарды түзүп бериши керек.
Ошондой эле бул форумга Борбор Азиядагы Америка университетинин проректору Чыңгыз Шамшиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, «КАРПОУ» ассоциациясынын директору Ширин Муканбетова жана «Баскони» ишканасынын директору Нургазы Кенжекулов катышып, жаштар менен кызыктуу талкуу уюштурушту. Ырчылар Съездбек Искеналиев, Гүлзада Рыскулова, Бегиш жана актёр Азамат Уланов аталган форумга конок катары катышышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан