ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ИНДИРА, КАЙДАСЫҢ?»

– Мен 2008-жылдан бери Индира деген кызды издеп келем. Ал экөөбүз 2000-2007-жылдары Бишкекте бирге жашап калдык эле. Өзү Таластан болчу, Жалал-Абадга турмушка чыккан. Кийин кыздуу болгон. Өзү шаарда тигүү цехинде иштечү. Индира дайыма сиздердин гезитти окуйт болчу, муну да окуп калса, мага байланышка чыгат деген үмүттөмүн. Индира, окуп калсаң мага телефон чал.

Эжең Чынара, тел.: 0777 05 62 90

«УУЛУМДУ ТАБУУГА ЖАРДАМ СУРАЙМ»

– Мен балам Бактыбекти табууга жалпы кыргыз элинен жардам сурайм. Уулум 2015-жылдын июнь айында Бишкектин Учкун жаңы конушундагы үйүбүздөн чыгып кеткенден бери дайынсыз. Өзү 8-класста окуп жүргөндөн бери талмасы, эсин жоготуп коймой оорусу бар. Угушума караганда аны бирөө алдап иштетип жүрөт. Мурда үйдө жүргөндө күнүмдүк жумуштар менен алек болуп жүрчү. Өтө ишенчээк. Мүнөзүн билгендер ага «көп акча таап, анан үйүңө кетесиң» деп алдап коюшу да мүмкүн. Өзү Таластан болот. Кимдир бирөө баламды көрүп же билип калса, мага байланышка чыгып коюуңуздарды суранам. Сүйүнчүсү бар.

Апасы Сабира Каратаева, тел.: 0701 81 14 80


Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 88-27-00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан