ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-июндан 18-июнга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн аптанын ийгиликтери бул жумада дагы сакталат. Бирок бул нерселердин ойдогудай ишке ашуусуна айрым текшерүүчү органдар, жабык типтеги ишканалар, башка адамдар жана туугандарыңыз өз кедергисин тийгизиши мүмкүн. Жолдо жүрүүдө жана кагаз иштерине сак болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакынкы күндөрдө болуп өткөн жагымдуу нерселерди дагы да болсо уланта берүүгө аракет жасаңыз. Ошого карабастан бул жумада сизди каржы маселесине байланыштуу көйгөйлөр күтөт. Чыгымдар болушу мүмкүн. Достор, кесиптештер, ишканалар менен келишпестиктер орун алышы ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сиз бул аптада жумушуңузда эле эмес, бардык тараптагы адамдар менен алака кылууда этият болуңуз. Түшүнбөстүктөр болуп, өз ара мамилелердин бузулушу күтүлүүдө. Бул нерсе жубайыңызга да тиешелүү, ага катуу тийбеңиз. Ойдогудай эс алуулар, балдарыңыздын жакшы кылыктары сизди ал нерселерден алаксытат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сыноолорго даяр болуңуз. Кесиптештер, башка адамдар менен алака түзүүдө кыраакы болуңуз. Жашыруун душмандардын бут тосуусу толук ыктымал. Чөйрөңүздө текшерүүчү органдар пайда болушу мүмкүн. Даяр болуңуз. Үй тиричилик көйгөйлөрү ойдогудай чечилет. Кыйынчылыктарды жеңүү үчүн жакындарыңызга кайрылыңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада балдарыңыздын, сүйгөн адамыңыздын ден соолугуна жакшы көңүл буруңуз. Өтө зарылчылыгы жок эс алуулардан баш тартканыңыз оң. Туура эмес жактарга баспаңыз, анткени сиз үчүн бул аптада венерикалык ооруларды жугузуп алуу ыктымалдуулугу бир топ жогору. Достук мамилесине этият болуңуз. Түшүнүүчүлүк туугандар, кошунаңыз жактан болот.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жума бою жумушуңузда сабырдуу болуңуз. Пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Жетекчиликтин көзүнө түшпөөгө аракет кылыңыз. Үй-бүлөдө да тирешүүлөр болушу ыктымал. Буга негизинен жалпы каржы же алдамчылык себеп болушу мүмкүн. Ошого карабастан колуңузга акча тийиши күтүлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада жакындарыңыз, кошуналар менен аяр мамиледе болуңуз. Ортодо жагымсыз сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Текшерүүчү органдар, башка адамдар менен алака кылууда сак болуңуз. Түшүнбөстүктөр жаралышы күтүлүүдө. Жумушка, ден соолугуңузга көңүл бөлүңүз. Жолдо акырын жүрүңүз. Айтылган нерселерди оптимисттик менен жеңип кетсеңиз болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиз бул аптада көбүрөөк акча сарптайсыз. Бул чыгымдар эс алууларга, романтикалык жолугушуу, кумар оюндарына байланыштуу болушу мүмкүн. Экинчи бир жолу балдарыңызга сарпташыңыз мүмкүн. Тандоо өзүнүздө. Лотерея билеттерин албоо сунушталат. Бир сырдуу болсоңуз баары жакшы болот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиз бул жумада айрым тоскоолдуктарга дуушар болушуңуз ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрү, жубайыңыз менен да тирешүүлөрдүн болушу күтүлөт. Мыйзам, өнөктөштөр маселесинде да сак болуңуз. Бул көйгөйлөргө жакындарыңызды аралаштырбоого аракет жасаңыз. Колдоону курбуларыңыз жана кесиптештериңиз көрсөтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жума бою жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Бул күндөр сиз үчүн кооптуу. Ден соолукка, жумушуңузга жакшы көңүл буруңуз. Жашыруун душмандардын курмандыгы болбоо үчүн, кыраакы болуңуз. Бир туугандар, кошуналар менен сылык болуңуз. Айтышып кетүүңөр толук мүмкүн. Таасирдүү адамдардын колдоосун колдон чыгарбаңыз, кайрылыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сиз бул аптада балдарыңыздын жана сүйгөн адамыңыздын ден соолугуна аяр мамиле кылыңыз. Зарылчылыгы жок эс алуулардан баш тартыңыз. Достор менен пикир келишпестик орун алат. Кызганычтар болушу мүмкүн. Акча көйгөйлөрү ич ара таарынычка алып келет. Колдоо текшерүүчү органдар, бөтөн адамдар тарабынан көрсөтүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жума ичи жумушуңузда сабырдуу жана тактикалуу болуңуз. Келишпестиктердин болушу күтүлөт. Жетекчиликтен оолак болуңуз. Үй-бүлө мүчөлөрү жана ата-энеңизге сылык мамиле жасаңыз. Тирешүүлөр болушу толук мүмкүн. Колуңузга акча тийиши ыктымал. Оптимист болуп, аракетти токтотпоңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан