Кылмышка шектүүнүн кайненеси: "КЕЛИНИМ БАЛАСЫН КЕСКИЛЕП, "ИТКЕ БЕРГИЛЕ" ДЕПТИР"

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 23 жаштагы аялдын өз уулун мууздап салганы элдин жүрөк үшүн алып, акылга сыйбай турат. Биз ал аял эмне үчүн мындай кадамга барганын билүүгө аракет жасадык.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП ЫМЫРКАЙДЫН ЭНЕСИ КАРМАЛДЫ"

Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов окуя тууралуу буларга токтолду:
– 2017-жылдын 28-май күнү саат 12:30дар чамасында Ысык-Ата
РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Красная-Речка айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Аталган айылдын 23 жаштагы тургуну бир жаштагы уулунун моюн тушуна бычак сайып салган экен. Ымыркай алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн ымыркайдын апасы кармалган. Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү психикалык жактан оорулуу же оорулуу эмес экендиги да текшерилип жатат.

"НЕБЕРЕМДИ КӨРГӨНДӨР "НАН КЕСКЕНДЕЙ ЭЛЕ КЕСКИЛЕПТИР" ДЕШТИ"

"Өз баласын өлтүрдү" деп шектелип кармалган аялдын туугандары окуя тууралуу сөз кыла турган абалда эместигин айтышты. Кошуна-колоңдору кылмышка шектелип жаткан келин тууралуу "жоош, эч кимге зыяны жок кыз болчу" дешти. Ал эми кылмышка шектүүнүн кайненеси Элмира айым окуя тууралуу буларга токтолду:
– Жолдошумдун каза тапканына 19 жыл болду. Аркасында калган 3 баланы өзүм багып келе жатам. Уулум менен келиним сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнүшкөн. Экөө чогуу жашаганына 2 жылдай болуп калган. Былтыр 1-июнь күнү уулдуу болушкан. Келиним башынан эле көп сүйлөбөгөн, түнт болчу. Анын кесиби медик болгондуктан, жаңы келин болуп келгенде медайым болуп иштеп жүрдү. Андан кийин кош бойлуу болуп декретке чыгып, төрөп үйдө болчу.
Ушул убакка чейин келиним экөөбүздүн ортобузда жаман-жакшы айтышуу болгон жок. Балам экөө деле катуу урушканын көргөн эмесмин. Акыркы күндөрү негедир анын эч нерсеге көңүлү чаппай жаткан. "Балким, эмне болуп жатканын сиздерге айтар" деп келинимди баласы менен кудагыйдыкына алып барганыма бир жарым ай болуп калган. Ошондо неберемди өзүм эле баксамбы дегем, бирок баласын апасынан ажыратсак кайра депрессиясы күчөбөсүн деп өзүнө берген элек. Кудагыйымдын кесиби да врач, ал кызын психологдорго көргөзүп, 1-июнь күнү ооруканага жаткырып дарылатам деп жаткан эле.
28-май күнү бизге телефон чалып, "балаңар чарчап калды" деп айтышты. Барганда ушундай жаман каргаша болгонун билип, жалдырап отуруп калдым. Келиниме ийне сайса дагы эч нерсени билбей, эсине келбей отурат. Мен өзүм неберемди көрө алган жокмун, көргөндөр "нан кескендей эле кескилептир" деп айтышты.

"КЕЛИНИМЕ БООРУМ ООРУЙТ"

– Неберемдин туулган күнү 1-июнь болгондуктан, ошол күнү барып куттуктап, келиним ооруканага жатса неберебизди өзүбүз багалы деп жатканбыз. Келиниме боорум ооруйт, мага да кыйын болуп жатат. Жаңы келин болуп келгенде медик экенин угуп "ооруп калсам өзү эле дарылайт" деп абдан сүйүнгөн элем. Эмне үчүн мындай жолго барганын түшүнө албай жатам. Балам менен келиним ажырашкан эмес, болгону жанагы абалдан чыгыш үчүн аны үйүнө алып барган элек.
Угушума караганда, келинибиздин сиңдиси эртең менен баланы бешикке бөлөп, тамагын берип, уктатыптыр. Анан короодо иштеп жүргөн байкесин чайга чакырганы кеткенде ушундай болуп кетиптир. Келиним баласын бычак менен кескилеп, "итке бергиле, болбой калды" деп бешиги менен эшикке көтөрүп чыгыптыр. Келиним азыр деле эч кимди тааныбай жатат.

"МИЛИЦИЯ ЧАКЫРТЫП "КҮЙӨӨМ ЖАШ БАЛДАРДЫ ӨЛТҮРҮП ЖАТАТ" ДЕПТИР"

Кылмышка шектүүнүн жолдошу менен сүйлөшкөнүбүздө ал "жубайымды кечирдим. Ал дагы мени кечирсин" деп төмөнкүлөргө токтолду:
– Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошуп, жакшы эле жашап келгенбиз. Келинчегимдин толгоосу катуу болуп, кыйналып төрөгөн. Апам жумушунан уруксат алып, өзү баламдын кыркылыгын чыгарып, өзү тыңыткан болчу. Балабыз бирге чыгарына аз эле күн калган. Мурда жубайым өзүнөн-өзү милиция чакыртып, алар келгенде "күйөөм жаш балдарды өлтүрүп жатат" деп айткан эле. Көзүнө бир нерселер көрүнгөн окшойт да. Ошондо кайненемди чакыртсак, ал келинчегимди үйүнө бир айча алып кетип дарылаткан. Дарылангандан кийин аялым жакшы болуп калган болчу.
Ушул окуя болордон 2 ай мурун үйгө келсем үй чачык, суук болсо да аялым баланы жука кийинтип жүрүптүр. Анда болгону ортобузда "эмнеге мындай кылып жатасың?" деген гана сөздөр болгон. Бирок андан кийин деле жыйынтык болбогон соң мен деле тажап кеттим. Аягында "ушундай жашоодон көрө ажырашалы" десем, "анда мен кеттим" дегенинен жиним менен "кетсең кет" дедим. Аялым үйүнө кетүүгө даярданып, кийимдерин чогулта баштаганда апам келип калды. Ал түшүнбөй "эмне болуп кетти?" дегенде, "баланы баксаңар баккыла, мен кетем" деди. Апам "мен дагы сени менен барып, кудагыйга түшүндүрүп айтайын" деп кошо кеткен.
Андан 3 күн өткөндөн кийин апам экөөбүз кайра жубайымдын үйүнө бардык. Анын туугандары "азыр жашсыңар. Мындайлар анча-мынча болуп турат. Кайра жашагыла, болгону кызыбыз үйдө бир ай жүрсүн, эс алсын" дешкенинен биз дагы макул болгонбуз. Андан кийин деле мен бат-баттан барып уулума жолугуп, кем-карчын алып берип жүрдүм.

"БАЛАМДЫН ТУШОО ТОЮН БЕРЕЛИ ДЕП ЖАТТЫК ЭЛЕ"

– Баламдын туулган күнү жакындап калгандыктан, апам экөөбүз тушоо тоюн өткөрөлү деп сүйлөшүп жатканбыз. Милиция кызматкерлери телефон чалганда жүрөгүм бир жамандыкты сезген. Барсам эле ушундай окуя болуп кетиптир. Барганымда аялым мени тааныбай койду, азыр да тааныбай жатат. Кайненем да кызынын ооруп жатканын эч бир тууганына айтпаптыр, алар "эмнеге бизге айткан эмессиң?" деп жатышат. Жактоочу "кээде гана 5 мүнөткө өзүнө келип калып жатат" деп айтууда.
Баламдын моюнундагы арткы териси гана башын кармап калыптыр деп айтышты. Баламды үйүмө алып келип, анан жерге бердик. Дарыгерлер "эгер адамда агрессия болсо, катуу сайгылап салмак. Ал акырын гана кескилептир" деп айтып жатышат. Мен эч кимди күнөөлөй албайм, бул оорунун айынан болду окшойт.

Окуя ушул үйдө катталган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эне 1 жаштагы баласын мууздап салган деп шектелүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
ASLAN2015
2017-06-13 02:11:27
акмак, кудай сактасын! балага куйосуно жаман ьолуптур
+1
Jojom2015
2017-06-13 02:52:24
Эмне дээримди да билбейм журогум зыркырап чыкты окуп алып. Куноосуз наристе. Жин, шайтандан озун сакта Аллахым.
+3
raykray
2017-06-13 13:29:49
Кайненеси Айдан тушконсуп аппак суйлогонго, ошондой жакшы болсо ортодо небереси болсо келинге жаккшы мамиле жасап убагында корсотуп конул буруп койсо жакшы болмок келинине,оорусан оорукчан келин деп торкунуно жеткиргенге шашкандар, байкаштыбы баш оту мн киришиш керек, жоопкерчилик бар силердеда?! бул жерде соз коп жууп жайып женил суйлоп коюптурлар, ал келин СОО болсо мынтпейт эле да?!
+1
barakcha
2017-06-15 08:03:04
raykray,Мумкун ушундай ахвалга кайненеси жеткиргендир?Куйоосу дагы мамин сыночек окшойт.Эмнеси болсо дагы Аллах билуучу!
0
tyrgon
2017-06-13 13:39:06
азыр коп угам жин кирип жинди болуп калптыр деп мурун укчу эмес элем тобо
+2
Galia
2017-06-13 14:42:52
Тобба!!!Медиктер ушундай таш боор болуп калабы?Кулай Озун сактай кор!
0
Ayymka
2017-06-13 16:29:43
Менин женемдинда талма сыякту оорусу бар, байкем экоо суйлошуп жургондо айткан эмес экен. ал эмес уйлонуп атканда апасыда айткан эмес экен. Уйлонгондон кийин айтыптыр мен ушундай ооруйумун деп, азыр ошонун айынан байкем коп ичет
0
abdyldaeva
2017-06-13 17:34:09
Байкуш бала апам деп жакындап суйунсо апасы ушундай кылса байкуш тушунбой деле калса керек тыбырчылап каршылык корсотойун десе бешикте буту колу танылуу болсо эххх жаман журогум ооруду балага башкача мамиле кылып атканын байкашса керек алып койушбаптыр баласын
+1
Truelensk
2017-06-13 20:20:12
Окуя ушу уйдо болгон деп кереги жок элего
+1
Aisha-85
2017-06-14 09:03:49
Truelensk,Саламатсызбы! Бул видеону кантип корсо болот ? Ачылбайтат доступ ограничен деп
0
admin_superstan
2017-06-14 13:01:20
Aisha-85, дагы бир жолу аракет кылып көрүңүз.
0
femidakg
2017-06-14 13:00:42
Кудайым ай, тообо кылдым, наристеге жалко да ииии байкушум десе ((((
0
Baktygul98
2017-06-14 14:51:39
Окуп алып азырга чейин оюман кетпей жатат Мээримдуу Аллах баарыбызга ынсап берсин!
0
Gulia89
2017-06-15 19:13:55
Кудай сакта
0
Gulia89
2017-06-15 19:14:34
Кудай сакта тооба ушундай да адам болобу
0
askam
2017-06-15 21:59:45
Может жин-пин киргендир.?
0
Mirgul.1
2017-06-16 21:20:51
Кудай озун сактай кор!
+1
Kanatbek97
2017-06-17 08:30:16
Мындай нерселерден жараткан алла тала өзү сактасын
0
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан