«PRADA» КИЙГЕН АЗЕЗИЛ

Эгер “адамдын көркү чүпү­рөктө” дегенди туура эмес деп эсептесеңиз, белгилүү мо­дель­ерлер Дольче менен Габбананы буга чейин ага-ини деп жү­рсөңүз, курду шымыңыз түшүп кетпеш үчүн гана тагынып, атактуу “Pra­da” кийим фирмасынын белгисинин кандай жазылаары сиз үчүн баары бир бол­­со, анда бул тасманы көрөт элем деп убактыңыз менен акчаңызды коротпой эле коюңуз. Антсе да бир күн убакыт кенен болуп, досуңуз эки билет алып койсо, анда театрга жө­нөй бериңиз. Фильмди көр­гөн­дөн кийин турмушта өз ордуңузду таап, жак­тырган ишиңизди аркалап жашасаңыз, кийим-кечек менен социалдык абалдын мааниси өтө деле чоң эмес экенине дагы бир жолу кө­зүңүз жетет.

Режиссёру – Дэвид Франкель
Продюсерлери – Жен Бернард, Венди Файнерман
Сценарийин жазгандар: Алин Брош Маккенна, Лоурен Вайсбергер
Ролдордо: Мэрил Стрип, Энн Хатауэй, Стэнли Туччи

ФИЛЬМДИН КЫСКАЧА МАЗМУНУ

Атасынын “сенден кыйын юрист чыгат” дегенине карабай журналист болууну кыялданган элеттик кыз Андреа (Энн Хатауэй) окуу жайын аяктаган соң өз күчүн сынамакка шаарлардын шаары Нью-Йоркко келет. Ага башкы редактордун жардамчысынын кызматы берилген эле. Эчендеген кыздар ушул орунду ээлөө үчүн бирөөнү өлтүрүүгө даяр болушкан. Анын башкы редактору, Нью-Йорктогу эң чоң журналдардын биринин ханышасы, модада эмне болоорун бир жыл мурун аныктоочу күч-кубаттуу Миранда Пристли (Мэрил Стрип) болбогондо, Андреа журналистиканы “жазып, басып таратуу” деп элестетип жүрө бермек. Эл арасында “мигера” атка конгон Миранданын кол алдында бир жыл иштегендерге кийин каалаган ири гезит-журналдардын эшиги ачык болмок. Муну түшүнгөн Андреа жаңы кызматтын ысык-суугуна чыдап, өзүнүн акылдуулугу, өжөрлүгү менен жөнөкөй кыз эмес экендигин далилдөөнү чечет.
Биринчи жумуш күнүнөн баштап эле Андреанын жашоосу экиге бөлүнө баштайт: үйбүлөсү, достору, жигити жана булардын баарына каршы турган “Подиум” журналы. Иштеги эрежелерди сактайм деп ал эч качан кийбеген шиш така киет, жакшы көргөн таттууларынан баш тартып, бир канча килограммга арыктайт. Ошентип, Андреа Миранданын эң жоопкерчиликтүү тапшырмаларын аткарууга, жылдын эң маанилүү мода көрсөтүүлөрүнө катышууга жетишет. Белгилүү инсандар, журналисттер менен таанышып жатып кыялына жетүүгө аз гана мезгил калганына сүйү­нөт. Бирок, ошону менен бирге эле жакын адамдары менен болгон мамилелери ыдырап баратканын сезе баштайт. Анан эмне? Болгон убактысын, күчүн ишине арнап жатса...
Париждеги жылда өткөрүлчү көрсөтмөдө жүрүп Андреа жаңылык угат. Миранда башкы редакторлуктан алынганы аз келгенсип, күйөөсү менен да ажырашып жаткан экен. Ошондо ага каардуу желмогуз аялдын мүнөзүнүн экинчи жагы ачылат. Андреа терең ойго батып (фильмдерде ойго батуу жагымдуу музыканын коштоосунда өтөт), кесип адам үчүн тозок эмес, кубаныч тартуулаган сүйүктүү иш болуш керек экендигин түшүнөт.
Албетте, фильм триллер болбогондон кийин баары жакшы аяктайт. Андреа досторун кайтарып, чакан гезитке жумушка орношот. Эң маанилүүсү, сүйүктүү адамы менен бирге жаңы мамиле курууну чечет.
Сөздүн кыскасы, карьера үчүн ат салууга түшкөн практикант-студенттердин кара терге түшүп жү­гүргөн күндөрүн сүрөттөгөн бул кызыктуу окуя терең ойду камтыйт. Фильм “адам баласы дайыма керектүү учурда туура чечим жасоого, келечегин курууда эң баалуу деп эсептегендерин курмандыкка чалууга даяр болушу керек” деген маанини берет.

ФИЛЬМДИН ПАЙДА БОЛУУ ТАРЫХЫ

Буга чейин жалаң гана сериялуу фильмдерди тартып келген режиссёр Дэвид Франкель көлөмдүү көркөм тасма жаратууну көптөн бери самап келген. Анын “Prada” кийген азезил” аттуу жеке тарткан фильмин замандаш режиссёрлор, адистер жана калайык өтө мыкты деп баалашты.
Фильмдин сюжетин режиссёр Лоурен Вайсбергердин “Prada” кийген азезил” аттуу китебинин негизинде түзгөн. Вайсбергер убагында “Vogue” журналынын башкы редакторунун ассистенти болуп иштеген да, башынан өткөргөн азаптуу иш күндөрүн кагаз бетине түшүрүп, кийин бестселлер автору аталган.
Фильм түшүнүктүү жана көр­көм тартылган. Шуру-мончок, жалтыраксыз жашай албаган кыздар сөзсүз көрүүгө тийиш. Ал эми үйдөгүлөрүнөн жашыруун тикмечинин окуусуна барып жүргөн жигиттерди санабаганда, бардык эркектерге кызык көрүнө бербейт. Алар 109 мүнөттүк фильмдин ортосуна жетпей уктап калуулары ыктымал.
Өздөрүн мода жана журналистика дүйнөсүнө таандык эсептегендер фильм учурунда өздөрүн каармандардын бирине окшоштуруусу мүмкүн. Анткени, тасмадагы окуяларды чындыкка төп келиштирүү режиссёрдун негизги максаттарынын бири болгон.

КЫМБАТ ЖАНА КАДЫР-БАРКТУУ

Фильмдин ээси америкалык “2000 Fox” кинокомпаниясынын жетекчилери тасманын чоң ийгиликке жетээрине терең ишенип, жалпы эсеп менен 35 миллион АКШ долларын сарптоодон эч коркушкан эмес жана туура кылышкан. Анткени, биринчи эле жылы “азезил” Россиядан эле 6 миллион 3 миң 560, АКШ ичинде 124 миллион 740 миң 460, ал эми бүткүл дүйнө боюнча санаганда 192 миллион 556 миң долларга ээ болгон.
Фильм дүйнөнүн эң кооз, эң алдыңкы эки шаары Нью-Йорк менен Парижде тартылган. Фильмдин бет ачары былтыркы жылдын 29-июнунда болуп өткөн.

КЫЗЫК...

  • Фильмдеги “Подиум” журналынын жазылышы (“Runway”) биз ай сайын көрүп жүргөн “Vogue” журналынын жазылышына абдан окшош болгону бекеринен эмес го...
  • Тасманын орус тилиндеги вариантында Миранданын үнүн актриса эмес, белгилүү “L`Officiel-Россия” журналынын башкы редактору Эвелина Хромченко сүйлөткөн.
  • Актриса жана продюсер Мэрил Стрип 58 жашта болуп туруп 63 (!) фильмге тартылууга жетишкен. «Prada» кийген азезилде» «Эң мыкты айым ролу» наамын алган. Дагы бир кызык нерсе, Мэрил Стрип чыныгы жашоосунда «Prada» маркасынын кийимдерин кийбейт.
  • Тасмадагы кээ бир окуялар жана каармандар китептеги берилишинен өзгөчөлөнүп турат. Мисалы, Андреанын жигити китеп боюнча ашпозчу эмей эле мектепте мугалим болуп иштейт. Ал эми жакын курбусу фильмде таланттуу сүрөтчү катары тааныштырылса, оригиналында байкуш аракеч болгон экен.
  • “Миллиндогон кыздар бул кызматты ээлөө үчүн бирөөнү өл­түрүүгө даяр” деген фраза фильмдин жүрүшүндө туура беш жолу кайталанат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан