СУПЕР АТАЛАР, ЧАМДАГЫЛА! СИЛЕР ҮЧҮН СЫНАК!

Жыл сайын Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Аталар күнүнүн урматына эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен #СуперАта акциясы жүрүп жатат. Дүйнөлүк жылдыздар Дэвид Бекхэм, Жерар Пике, Шакира, Хью Жекман, Льюис Хемилтон өңдүү спорт жана шоу-бизнес жылдыздары бул акцияны колдоого алышты.
Бул күндүн урматына "Супер-Инфо" гезити да ЮНИСЕФ менен биргеликте #СуперАта сынагын жарыялайт! Эки уулдун атасы, ырчы Ильяз Абдыразаков акцияны колдоого алып, биринчи кадамды баштап берди. Арабызда супер аталар толтура! Алар жумуш, үй-бүлө багуу менен катар балдарынын турмушуна да активдүү катышат. Алар балдарын жуунтушат, тамактандырышат, чогуу ойношот, уктатышат. Дал ошондой супер аталардын балдары менен түшкөн кызыктуу сүрөт-баяндарына сынак жарыялайбыз!
Сүрөттөрдү 16-июнга чейин star@super.kg дарегине же +996 557 75 63 19 WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот. Сүрөттөр 17-июнда SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Жеңүүчүлөр кызыктуу белектер менен сыйланышат. Аталган иш-чаранын максаты – аталардын балдарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун, алардын сүйүүсүн, бала төрөлгөндөн тарта атанын колдоосу зор мааниге ээ экенин белгилөө. Супер аталар, чамдагыла! Супер ата болуу үчүн супер күчкө ээ болуунун кажети жок!

Эскертүү: Сүрөт-баяндар сапаттуу жана кызыктуу болушу шарт!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2017-06-13 19:59:55
Жакшы гооо
0
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан