Шокан Маратулы, "Аll Давай" тобунун жетекчиси: «БИР КЛИБИБИЗ 60 МИҢ ДОЛЛАРДЫ ЧАПЧЫГАН»

Эл арасына "Без тебя", "История любви", "Жаным" деген сыяктуу ырлары менен таанымал казактардын "Аll Давай" тобунун жетекчиси Шокан Маратулы жакында эле үйлөндү. Бойдокчулук менен кош айтышкан ырчынын маеги назарыңыздарда.

– Шокан, саламатсызбы? Куттуктайбыз, куш бооңуз бек болсун!
– Саламатчылык, рахмат. 35 жыл издеп жүрүп, акыры калган өмүрүмдү чогуу жашап өткөргүм келген сүйүктүүмө жолуктум. Аты Анель, 23 жашта. Америкада окуп келген. Экөөбүз жумуш аркылуу таанышып калып, жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Алдыма көп пландарды койгом, анын артынан иштеп жүрүп, жеке жашоого убакыт жок деп ойлочумун. Качан сезимиңди ойготкон адамыңа жолукканда бардыгы экинчи планга чыгып калат экен. Анель мага биринчи көргөндө эле жакты. Мен башынан эле чыгармачылыкка байланышы жок кызга үйлөнсөм деп кыялданчумун. Анткени бир үйдө бир артисттин болгону жетиштүү. Кыялым орундалып, жубайым жеке ишкерлик менен алектенет.

– Анель сизди эмнеси менен багынтты?
– Буга чейин айланамда көп эле кыздар болду. Алар "жүрөгүңүздү кантип багынтсак болот?" деп сурай беришчү. Азыркы кыздар "сырткы келбетибиз же төшөк аркылуу эркекти имеребиз" деп ойлоп, сулуулук салондоруна каттап, сынактарга катышып, сулуу сүрөттөрүн интернетке жүктөп калышты. Албетте, эркектер сулуулукту деле карайбыз. Сырты сулуу, бирок жан дүйнөсү жарды, акылы жок болсо сырткы келбети эч нерсеге арзыбайт. Жубайым Анель акылдуу, кайсы жаатта баарлашпа кызыктуу адам.

– Эми кепти чыгармачылыгыңызга буралы. Шоу-бизнеске кантип аралашып калдыңыз?
– Мен 16 жашымда бий тобун уюштургам. Топтун курамын бийге кызыккан досторум түзүп, атын "Данс МУК" деп койгонбуз. "Мусульманский узкий круг" дегенди "МУК" деп кыскартып алганбыз. Башында шоу-бизнеске аралашуу оюбузда жок, "кыздар бизди таанышса, кол чабышса" деп кыялданчубуз. Анан жаштар арасында атыбыз чыгып, ар кандай кечелерге чакыра башташты. Көп өтпөй бий боюнча республикалык бир нече сынактардын жеңүүчүсү болдук. Анан гастролго чыгууну колго алдык. Бизге чейин бийчилер арасында эч ким гастролго чыккан эмес. Марлен деген жигит менен таанышып калып, аны менен "Дождись" деген алгачкы ырыбызды жаздырдык. Мына ушинтип чыгармачылыкка аралашып, шоу-бизнеске кадам таштадык. Бул 2000-жылдар эле. Биринчи ырыбыз эле бизге атак алып келди.

– "Жаным" деген ырыңар да хит болду эле, жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз.
– Бул ырды бизге "Танец под дождём" сыяктуу мыкты музыкаларды жазган белгилүү композитор Эдуард Бергалиев сунуштаган. Укканда дароо мага да жакты. 3000 доллар азыр деле чоң сумма. 2004-2005-жылдары болсо керек, музыкасын ошол суммага сатып алдык. Сатып алсамбы же кымбатпы деп ойлонуп жатканда топтогу Нурик деген жигит "алабыз, көрөсүң го, жакшы ыр болот" деп туруп алды. Чоң акчага сатып алганыма өкүнбөйм, анткени ал өзүн бир нече жолу актады. Аранжировкасын Павел Ли деген музыкантка жаздырмай болдум. Ырдын хит болорун сезип, "жакшы аранжировка жасап бер" деп ага да чоң суммадагы акча төлөп бергем. Бир жумадан кийин "угуп көрсөң" деп чакырды. Жаккан жок. "Ырдын деңгээлиндей болбой калыптыр" деп жактырган жокмун. Экинчи жолу жасаганы да жаккан жок. "Мен болгон күчүмдү жумшадым, акчаңды кайтарып берем" дегенинен "досум, кеп акчада эмес, сенин колуңдан келет, аракет кыл дагы бир жолу" деп көндүрдүм. Үчүнчү жолу гана мен издегенди таап чыкты.

– Эң кымбат клибиңер кайсы?
– Жалпысынан топтун 13 ырына клип тартылган. Эң кымбаты деп эски ырларыбыздын бири "Наше лето" деген чыгармабыздын клибин айтат элем. Муну демөөрчүлөр каржылаган, баасы 60 миң долларды түзгөн. Ал эми өз чөнтөгүбүздөн чыгарып тарткан клиптерибиздин кымбаты 20 000 доллар болгон.

– Топтун атын эмне үчүн "Аll Давай" деп атадыңар?
– Бул атты Марлен сунуштаган. Алгач топтун башка мүчөлөрүнө жакпай, каршы болгонбуз. Акыры Марлен бизди көндүрдү. Казакча маанисин алганда "ал, кеттик, баштадык" дегенди билдирет.
Мен 2005-жылдан бери продюсермин. "Без тебя", "Гольф", "Жаным", "Алматы-Дубай", "Алга, Казакстан!" деген ырлар менин продюсерлигим алдында жазылды.

– Маегиңизге рахмат.

"Топто азыр Данияр экөөбүз ырдайбыз".


"Жубайым Анель акылдуу, кайсы жаатта баарлашпа кызыктуу адам".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
All Давай" тобунун солисти SUPER.KG порталына маек курду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nazikbaigazy
2017-06-12 09:46:48
Аялы 12 жаш кичуу болсодо чон корунот экен
+8
Tyty1990
2017-06-12 10:19:32
Аялы экөө тең бири бирине окшошуп кетет экен.
-1
rizolda
2017-06-12 13:58:04
Дочь миллиардера
-1
krem
2017-06-12 22:09:53
Бактыгул бадыева го окшоп кететкен
0
Izdeim_seni.
2017-06-15 22:24:18
krem,Бадыева Сулуурак
-1
Djumaev0mur
2017-06-13 03:04:19
Бул кайсы жаш баладай болуп мактанатко, 35 жашта болсода журогунузлу картип багынтсак болот деп сурашчу дейтго, паццанный интервю
+4
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан