БАССЕЙН

Жайдын ысыгында бассейнге түшүү – ысыктан коргонуп, сергип алуунун бир айласы. Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү бассейндерге түшүү акысы канча? Бул маалымдама сизге "шпаргалка" болот.

БАССЕЙНГЕ ТҮШҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

  • Күн ысыкта салкындап, сергип алууга болот.
  • Сууда сүзүү көп кыймылды талап кылгандыктан көп энергия сарпталып, арыктоого алып келет.
  • Зат алмашуу жакшырат.
  • Психикалык жактан чарчоону жазат, физикалык жактан жараат алгандар болсо, булчуңдардын тез-тез кыймылдап турушу менен жараат бат айыгат.

ЭМНЕЛЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?

  • Купальник.
  • Атайын сууга түшүү үчүн резина баш кийим. Бул нерсе бассейнге чачтын түшүүсүнөн жана чачты хлордуу суудан жабыркашынан сактайт.
  • Бутка илип алма бут кийимдер.
  • Сууга түшүүгө ылайыкташкан көз айнек.
  • Сүлгү, самын, жышынгыч.
  • Фен.
  • Жаш балдар үчүн баллон.
  • Медициналык аныктама. Кээ бир бассейндин кожоюндары абонемент алган кардарларынан талап кылышат.

БАССЕЙНГЕ ТҮШҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Териңизде карттанган же сырты ачык жаракат болбошу керек.
  • Эгерде бассейнде сүзсөңүз, анда суунун канчалык хлордуу экенин билүү керек. Анткени дем алуу системдери же астма менен ооругандарга сунушталбайт. Кээ бир адамдардын хлорго аллергиясы болушу мүмкүн. Андыктан бассейнге барардан мурун дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп коюңуз.
  • Бассейнге түшөрдөн мурун душка бир чайканып алганыңыз туура.
  • Бассейнге сүзүүдөн мурун өтө тоюп албаш керек. Азыраак тамактанып баруу жетиштүү, ачка барууга да болбойт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
NURDANCHIK
2017-06-19 12:36:37
Жаман кымбатго аааа
0
Abdyrashit.Satylganov
2017-06-20 01:38:12
Ысык-Көлдүн дагы эс алуу жайларын жазып койсоңор жакшы болмок..байланыш телефондору менен
+1
surgeon777
2017-06-20 06:54:14
Abdyrashit.Satylganov,Ысык-Колдо ар бир пансионатта бассейн бар,каалаган пансионат менен баасын суйлошуп тушо бересин.
0
admin_superstan
2017-06-20 12:30:00
Abdyrashit.Satylganov, surgeon777, саламатсыздарбы? Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
admin_superstan
2017-06-21 12:06:13
Abdyrashit.Satylganov, саламатсызбы? Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бааларын гезиттин кийинки санынан окуңуз.
0
Ali-91
2017-06-25 14:55:48
Админ баалар кана?
0
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан