СҮТАК – ҮКҮ ТҮРҮ

Бак-дарактардын, жыш өскөн бадалдардын арасында түнкүсүн сайраган канаттуу сүтак бар. Ал «сүтак» деп сайраган үнү менен айырмаланат.

"КЕЛГИН ЖАНА ТҮНКҮ КАНАТТУУ"

География илимдеринин доктору, биология илимдеринин кандидаты Эмил Шүкүров сүтак тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:
– Сүтактын (сплюшка) денесинин узундугу 15-20 сантиметр, салмагы 60-130 грамм. Канатынын жазылыгы 50 сантиметр. Өңү боз-күрөң. Орустар «ал «сплю-ю» деп сайрайт» деп сплюшка атап алышкан. Кыргызча илимий аталышы – итчак.
Сүтак – түнкү куш. Европа, Орусия, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Кичи Азиядан Орто Азияга чейинки аймакты мекендейт. Келгин куш. Кышында Африканын тропигин мекендейт. Күздө учуп кетип, жазда келет.
Көбүнчө карагайлуу токойду, бактарды, сейил бак, Жер Ортолук деңизинин тегерегиндеги зайтун бактарын мекендейт.
Уясын дарактын оюк, көңдөйлөрүнө, аскалардын жаракаларына салат. Сагызгандын уясын уялап алгандары да бар. 2-6 жумуртка тууп, 25 күндө басып чыгарат. Курт-кумурскаларды жейт. Майда бака, кескелдириктерден да баш тартпайт. Табиятта 6 жылга чейин жашайт.

ПАЙГАМБАРДЫН КЕЛИНИ БОЛГОН ЭКЕН...

Илгери Сүтак пайгамбардын келини болгон экен. Кайнатасы келинин жакшы көрүп, дайыма анын колунан сүт ичип, бата берип турчу. Бирок убакыт өтүп Сүтак пайгамбардын баласын чанып, башкага турмушка чыкмакка дити бузулат. Күндөрдүн биринде пайгамбар келининин сүт бышырып жатканын көрүп, сүт сурайт. Келин идишке куюлуп турган суунун үстүнө сүттөн куя салып атасына сунат. Кайнатасы суу кошулганын билип “Кызымдай көрчү элем. Баркыма жете албадың, өзүңдөн көр. Сүтак болуп кечтен таң аткыча какшап кал! Таңдайыңа тамчы суу тийгенде эс ал!”- дейт каргап. Ошондо келин кушка айланып, “сүтак” деп сайрап калыптыр.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kanu
2017-06-21 00:47:49
сонун малымат экен
0
langar
2017-06-21 01:09:41
Пайгамбар антип каргабайт
+1
insap
2017-06-21 11:35:09
Кыргыздын мифтери укмуш теги, акыл-ести аңтарылткан...
0
altynka95
2017-06-22 15:57:31
Кичинемде аябай коркчуумун сутактан
0
Ger_energy
2017-07-07 13:23:53
супер инфо абай жанузаковдон интервью алыныздарчы?
0
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан