(Башталышы өткөн сандарда)
Сыналгынын үнү мээни жеп жиберчүдөй. Азыр эптеп туруп өчүрбөсө башы жарылат. Бир бөлмөлүү батирдеги караан керебетинен араң туруп, алдыга басты. Күн эчак түш ооп калыптыр. Муздаткычты ачып, муздак сууну ууртады. Уйкусу эми ачыла түштү. Буттарын шилтеген сайын ооруксунуу сезилип жатты. Кечээки окуялар эсине эми келе баштады.
Акыркы күндөрү өзүн кармана албай жатканын моюнуна алуу керек. Түнкү клубда эки жаш жигитти эстери оогуча сабап салганын, анысы аз келгенсип күзөтчүлөрдү да соо койбогонун эстеди. Күндөн күнгө таш боор болуп жатканын өзү сезгени менен, иш жүзүндө баары кайталана берет. "Мына, алардын акыбалын ойлоп жатпаймынбы, бир-эки жолу эле теппедим беле. Эч нерсе болбостур" деп өзүн сооротуп коёт. "Жалгыз болсоң ушундай ойчул да болуп кетет турбайсыңбы..." Ойлонуп жатып, отургучка отура кетти. Сыналгыдан жаңылыктар болуп жатыптыр. Мына өчүрөйүн дегенде бир саамга токтоп калды.
"Өлкөнүн мыкты мушкерлеринин бири Шерзат Илимбеков кезектеги мелдеште 1-орунду камсыздады. Жакшы көрсөткүчтөрү менен айырмалана алган Шерзат өз салмагында өлкөнүн чемпиондугун камсыздап, Азия чемпиондугун багынта алды. Эми аны алдыда Дүйнө биринчилиги күтүп турат. Аталган мушкердин Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүктөрү да жогору. Бүгүнкү берүүбүздүн коногу дал ушул мушкерибиз Шерзат Илимбеков!"
Мына сага! Алга умтулат деген ушу... Сыналгынын үнүн дагы чоңойтту. Беш жыл өтсө да, Шерзат эч өзгөрбөптүр. Баягы эле, уялыңкы мүнөз, бирок олуттуу көрүнгөн Шерзат. Бир гана жүзүндө беттештерде алган соккулардын издери байкалып калыптыр.
Кандай мелдешти утуп келгенин, алдыдагы пландары тууралуу айтып берип жатты. Анан спортко кандайча келип калганы тууралуу суроо болду.
– Шерзат, сенин чоң спортко кандайча келип калганың бардыгыбызга кызык...
Ойлоно түшкөн Шерзат дароо жооп берген жок. Бере да алмак эмес. Ал Рустам Жекшенов деген машыктыруучунун артынан спортко келгенин, алгачкы жеңишке кайсы мелдеште жеткенин айтып берди. Универсиадада алгачкы машыктыруучусу менен кайра кезиккенин, ага ыраазычылыгын билдирип өттү.
Сыналгыны кызыгуу менен көрүп жатып кара тер кетти. Бул Жек болчу. Беш жыл аралыгында экөө канчалык өзгөргөнүн сезип жатты. Ал батирде, Шерзат сыналгыда. Моюнунда канчалаган терс окуялар, Шерзаттын моюнунда медалдар... Шерзатты бул жолго алып келгенине бир чети өзүнө ыраазы болуп жатты. Бирок Жектин айтканы боюнча Шерзаттын артында өзү машыктыруучу болуусу керек эле. Универсиада эсине келе түштү... Дубалга ыргытылган сыналгынын пульту бычырап сынып, ар кайсы жакка чачырап кетти.
Ошондогу Арсланга эч туруштук бере албай калгандыгы, Айдардын атайын бул иштерге кириптер кылгандыгын кеч түшүнгөнүн эстеп кетти. Ошондон бери канчалаган иштерге аралашып, криминалдык дүйнөгө кантип баш-оту менен кирип кеткенин аңдабай калган. Анан дагы Арсландын долларларына бат эле көнө түшкөн. Унаанын түрлөрүнө, кыздардын сулууларына Жек оңой эле алданып калганын эми түшүнүп отурат. Өзү менен кошо бир канча студенти ушул жолго түшкөнүн да ойлоду.
"Ошондогу 3-раунд өзгөчө болгон. Ал раунд менин эсимден такыр кетпейт. 2 раунд бою утулуп бара жаткам, үчүнчүсүндө полго түшүп калбайын деп эле чыккам. Чындыгында, ошол раундда нокаут катталган. Бирок полго мен эмес, атаандашым түшкөн. Ал беттеш, ошол 3-раунддагы нокаут менин жашоомду өзгөрттү десем болот. Ошол беттештен кийин менден мушкер чыга аларына толук ишенгем". Шерзаттын дал ушул сөздөрү менен телеберүү аяктады.
– Ооба, Шерзат, 2 раунд бою утулуп жатканыңды бардыгы көрүп жаткан. Олдоксон кыймылдарыңды көрүп, өзүм рингге кирип кете жаздагам. Мен жөн койгондо 3-раундда сен кете бермексиң нокаутка. Калыс сени жөн коймок эмес. Ал менин "Шерзат менен "мышык-чычкан" ойноп кой, баары бир бул беттешти утасың" деген сөздөрүмдөн улам бошоңдук кылганын билген жоксуң да...
ххх
– Биздин чемпион келе жатат. Атасы, тосуп ал!
Медина баласы менен Шерзатты телеберүүдөгү интервьюдан кийин тосуп алышты.
– Менин башкы күйөрмандарым, алтындарым!
Шерзат алдынан чуркап келе жаткан баласын кубанган бойдон тосуп алды. Көтөргөн бойдон түшүргүсү жок. Ата-бала бирин-бири жытташып, өпкүлөп болбой калышты.
Шерзат кичинекей баласы менен чогуу чуркап, ойноп кирди.
– Чемпион ким?
– Сен.
– Чемпион ким?
– Мен.
Экөөнүн эң кызыгып ойногону ушул оюн. Экөөнү көрүп, Мединанын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Кичинекей баласы жакында эле төрткө толду. Анын кылыктары ар дайым бирөөнү эске салчу болду. Ал эми көздөрү Жектикине куюп койгондой окшош...
(Аягы)
Алибек Алиев