КАРДИОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Жүрөк – эң маанилүү орган. Өзгөчө жай мезгилинде жүрөк, кан басым оорулары күчөйт. Бул маселелерге байланыштуу редакцияга келген суроолорго медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог АБДИМИТАЛИП ХАЛМАТОВ жооп берет.

"СУУНУ КӨП ИЧСЕ ЗЫЯНБЫ?"

– Жүрөгүм ооруйт, жай мезгилинде суусундук көп ичем. "Жүрөк оорулары үчүн сууну көп ичүү зыян" деп уктум. Ушул туурабы?

Нурайым, 40 жашта, Бишкек

– Жүрөк оорусу барлар жайында мүмкүн болушунча суюктукту азайтышы керек. Себеби көп өлчөмдө суу ичсе шишитип, жүрөктүн иштешине терс таасир берет. Суткасына 1-1,5 литр ичсеңиз болот. Эң жакшысы, ичкен суюктуктун көлөмү организмден чыккан суюктуктун көлөмү менен бирдей болушу керек. Суу көп ичип шишик пайда болсо, сөзсүз заара кубалай турган (мочегонный) дары-дармектен алып ичиңиз.

"КАРДИОНЕВРОЗ КОРКУНУЧТУУ ООРУБУ?"

– Менин эжем 56 жашта, тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Кээде ооруп, кайсы бир учурда жакшы болуп калчу. Бир жылдан бери такай ооруп, врачтар ага так диагноз коё албай жатышкан. Жакында гана "кардионевроз" деп диагноз коюшту. Мен ушул илдет тууралуу билгим келет. Коркунучтуу оору эмеспи?

Рахат, 36 жашта, Бишкек

– Кардионевроз көбүнчө жүрөк оорулары менен ооруган адамдарда кезигет. Атайын ооруканада жаткырып дарылабайт, бирок кошумча дары-дармектерди берип дарылайт. Кардионевроз – бул бейтаптын өз оорусуна ашыкча көңүл буруусу, оорусунан башка эч нерсе ойлобой байланып калуусу. Мээсин ар дайым коркунуч, тынчсыздануу ээлеп, кээде паникага да алдырат. Айрыкча өлүм коркунучу алардын тынчын алат. Мындай бейтаптарга нервди тынчтандыруучу дары-дармек берилет. Өздөрүн стресстен алыс тутканы жакшы. Оорусун көп ойлобой, жакшы нерсеге алаксышы керек.

"БУТТУН КАКШАП ООРУГАНЫ ЖҮРӨК ООРУСУНА АЛЫП КЕЛЕБИ?"

– 12 жаштагы кызымдын буту (муундары) сыздап ооруйт. Түнү менен ыйлап чыкчу болду. Кийинки кездери жүрөк тушун көрсөтүп "ооруп жатат" дейт. Жүрөк оорусу менен буттун какшап ооруганынын бири-бирине байланышы болушу мүмкүнбү?

Самара, 35 жашта, Чолпон-Ата

– Муун ооруларын жана ангинаны убагында дарылатпаса, жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал. Анализ тапшырмайынча, ревмотесттен өтмөйүнчө бир нерсе деп айтуу кыйын. Тез арада көрүнбөсө оорусу күчөп, өнөкөт ооруну жаратышы мүмкүн. Текшертип, кардиологдон кеңеш алыңыздар.

"СТРЕСС ЖҮРӨК ООРУСУНА ЖЕТКИЗЕБИ?"

– Апамдын жүрөгү ооруйт. Мен өзүм студентмин, али жашоо шартын жакшыртып бергенге күчүм жете элек. Кийинки кезде апам катуу ооруп жүрөт. Сурайын дегеним, жүрөк оорусуна социалдык абал, жашоо шарт, стресс таасир береби?

Амир, 20 жашта

– Жакырчылык – бул стресс. Стресс болсо көп оорунун, анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорусунун себепчиси. Жетишпеген жашоо көбүнчө дары-дармек алуунун кыйынчылыгын, витаминдүү тамак-аш ичпегендикти, белоктордун организмге жетишсиздигин шарттайт. Өнөкөт оорулардын күчөшүнө алып келет. Окуу менен ишти айкалыштырууну карап көрүңүз.

"ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТСАМ КАНЧА КЕТЕТ?"

– Менде 3 сантиметрден ашык жүрөк кемтиги бар. Операция жасатсам дейм. Канча каражат кетерин билгим келет.

Кубат, 40 жашта, Нарын

– Сиздики тубаса жүрөк кемтиги окшойт. Бишкекке, Улуттук кардиология жана терапия борборуна келип кайрылсаңыз, сизге толук маалымат беришет. Болжол менен операциянын баасы 100 миң сомдун тегерегинде болот.

"ОРОЗО КАРМАСА БОЛОБУ?"

– Атам ушул жылы жүрөк клапанын алмаштырып операция жасаткан. Азыр орозо кармап жатат. Кээде алсырап калат. "Орозо кармоону токтотуңуз" десек, макул болбой жатат. Орозо атама зыян эмеспи?

Асылгүл, 30 жашта, Ош

– Операция болгон адамдын организми өтө эле алсыз болот. Аны тамак жебей ого бетер алсыратса, организмге олуттуу зыян келиши мүмкүн. Ошон үчүн атаңардын орозо кармаганды токтотушу талапка ылайык.

"ЖҮРӨК ООРУСУНУН БИРИНЧИ БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ?"

– Азыркы учурда дем алуум начарлап баштады (одышка). Өзүм да толуп бара жатам. "Жүрөк оорусу ушинтип башталат" деп уктум. Сурайын дегеним, жүрөк оорусунун биринчи белгилери кандай?

Жумадыл, 34 жашта, Сокулук

– Жүрөк ооруларынын белгилери көп. Анын ичинде сиз айткандар да бар. Жүрөккө оорчулук келгенде дем алуу начарлайт, тез-тез согуп, адамдын өңү кубарып баштайт. Ылдам басып жүрүү же оор жумуш жасоо кыйынчылык туудурат. Толуп кеткениңиз жүрөктөн же башка себептен да болушу мүмкүн. Так жооп алыш үчүн текшерилүүдөн өтүңүз.

"ЖҮРӨК ООРУСУНДА УЧАК МЕНЕН УЧУУГА БОЛОБУ?"

– Жүрөктүн тахикардия, стенокардия диагноздору менен учакта учууга болобу? Зыян эмеспи?

Махабат, 20 жашта, Бишкек

– Сизди дарылап жүргөн кардиолог менен абалыңызды талкуулап көрүңүз. Анын уруксаты менен, албетте, учакта учууга болот.

Нуржамал Жийдебаева
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Azahan
2017-06-20 01:29:06
Эхх ананайындарым оорубагылачы
+17
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан