КЫРГЫЗСТАН ӨКМӨТҮ ЖАНА «ЦЕНТЕРРА» СОТТУК ТАЛАШТАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУГА ТИЙИШ

Эл аралык ишкерлер кеңеши Кыргызстандын өкмөтүн жана «Центерра Голд Инк.» компаниясын консенсуска чакырат. «Тараптар соттук талаштарды жөнгө салуу боюнча консультацияларды баштоого тийиш»,- деп айтылат ЭИКтин кайрылуусунда.

Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан жергиликтүү жана чет элдик, ири жана майда бизнес, инвестор, ар бир ишкер үчүн бейиш болуп калууга тийиштиги жөнүндө айтканын эске салат. Президент адам капиталына жана инновацияларга негизделген 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу милдетин койду. Болочок да, аракеттеги да стратегиянын башкы максаттарынын бири – Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат түзүү. Тоо-кен өнөр жайы Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында экономикадагы стратегиялык тармактардын бири.
ЭИК арбитраждык териштирүүлөрдүн болушу өлкөбүздүн инвестициялык климатынын жакшырышына өбөлгө түзбөй турганын баса белгилейт. Бүгүнкү күндө эл аралык соттордо Кыргызстанга бир катар доолор бар. Алардын бири — «Центерранын» өкмөткө «Кумтөр» долбоору боюнча доосун арбитраждык териштирүү.
«Центерра Голд Инк.» өлкөбүздүн эң ири инвесторлорунун жана салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы компаниянын Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөрү 238,45 миллион доллардан ашты.
«Бул инвестициялык долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ЭИК Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана «Центеррага» соттук териштирүүлөрдү аяктоону сунуштайт. Эксперттердин баалоосу боюнча, Мамэкотехинспекциянын 2013-жылдагы жана Курчап турган чөйрөнү коргоо мамагенттигинин 2016-жылдагы дооматтары дээрлик окшош. Маморгандардын пикири боюнча, мамлекеттик органдар ишканадан ошол бир эле зыяндын ордун толтуруу – кендин иштетүүгө жараксыз бөлүгүн жайгаштыруу үчүн акча өндүрүүнү каалап жатышат»,- деп белгилейт ЭИК.
Бирок Кыргызстандын министрлер кабинети менен «Центерранын» ортосундагы 2009-жылдагы макулдашуу боюнча «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКсына карата 2009-жылга чейинки экологиялык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө бардык талаптар 22,4 миллион доллар сумма менен жөнгө салынып калган.
«Биз эки тарапты тең компромисстик чечимге келүүгө чакырабыз. Бул «Центеррага» да, өкмөткө да зарыл. Тоо-кен казып алуу тармагындагы мамлекеттик саясат мамлекеттин жана инвестордун кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталууга тийиш»,- деп айтылат кайрылууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан