ИШКЕРЛЕР БАБАНОВ МЕНЕНБИ?

Өлкөнүн өнүгүшү өндүрүшчү, ар кыл тармактагы ишкерлерге да байланыштуу болот эмеспи. Ошолор салык төлөп, жумушчу орундарын түзүп, мамлекеттин өнүгүшүнө, элдин жашоо шартынын жакшыруусуна өбөлгө түзөт. Кыйла жылдан бери кырк тараптан текшерилип, кезектешкен текшерүүчү органдардан жадаган кыргызстандык ишкерлер бизнести жана ишкерлер туш болуучу кыйынчылыктарды жакшы түшүнгөн адам катары күзгү президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдоого алганы жатышканы бул чөйрөдө айтылууда. Эгер бул тандоо чын эле жүзөгө ашса, анда Өмүрбек Бабановго күчтүү колдоо болот. Ар бир ишкердин командасы, анан калса алардын кошуна-колоң, айыл-апага болгон кадыры да чоң болот эмеспи. Элдин түркүн катмары сүрөөнгө алган Өмүрбек Бабановду эми ишкерлер толук колдоого алса, демек, күзгү президенттик шайлоодо башка талапкерлердин жүрөк үшүн ала турган талапкер болору анык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан