«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

Керемет таң. Күн чыгыш тараптан күндүн нурлары аздап чачырап бара жатты. Керебетинде уйкуда жаткан кыздын бетин жел аймалап, бирок ойгото албай убара. Адамдын бейкапар уктап жаткан кези кандай сонун. Анан да жашың 17ге араң толуп, кыялдарың менен жашаган, дүйнөнү так ушу таңдай таза элестеткен курак андан эки эсе сонун эмеспи. Жамилянын кыялкечтиги да өзгөчө. Башы жаздыкка тиери менен кыялдары кетти дей бер, учуп-кайкып... Түндө да кыялдары менен алпурушуп жатып кеч уктаган.
– Ай, кыз, тур, уй саабайсыңбы, элдики бадага эбак кетти.
Эскилиги жеткен эшик шарак ачылып, орто жаштагы аял кирип келди. Кирип келиши менен эле бул үйдөгү бейпилдикти, таң менен айкалышкан кыздын тынчтыгын бузгандай. Жамиля көзүн бакырайта ачып апасын тиктеп калды. Эки кашы биригип, жүзү кумсарып турса да апасы дайымкысындай сулуу болчу. Керилип жаткан биздин каарман да апасына окшош эле.
– Турсаң эми ымтырабай...- деди апасы бурк эте.
– Азыр, апа, мына туруп жатам.
Апасынын мүнөзүн билген Жамиля тургусу келбей жатса да, шарт кийинип сыртка жөнөдү. Аял оор үшкүрүнө аркасынан карап:
– Карасаң, басканы да атасын тартып калыптыр,- деп өзүнчө нааразылана кетти.
Көзү бөлмөнүн экинчи тарабында жаткан кичүү кызына түштү. Дароо сумсайып турган жүзүнө жылуулук уялады. Мына, ушу кызы өзүн тарткан, орун басары десе болот. Темирдей бекем мүнөзү, акылы, куулугу да бар. Кандай жашашты билет, атасындай ала көөдөн эмес. Кичүү кызынын үстүн жылуулап жапты да, шыбы түшөйүн деп калган бөлмөнү бир карап, башын чайкап чыгып кетти. Экинчи бөлмөгө кирип, бүк түшүп сасып уктап жаткан күйөөсүн жекире бир тиктеп, күзгүнүн алдына отура калып чачын тыкыйта түйдү. Ооз боёгун алып чыгып боёнуп, жүзү-башын сыланып жатты.
– Ох, башым ай, башым, жарылып кетет окшойт, мага бир чөмүч суу берип койчу,- деди жерде чала өлүк болуп жатканы.
– Балекет ич, шүмшүйгөн шүмшүк...
– Эн-ең десе, суу алып келип берсең эмне болот, ыя?!
– Атаңдын башы болот, сага суубу, ыя? Сууну азыр көрсөтөм...- жыландай ышкырган аялынын үнүн укпаска аракет кылып башын чүмкөдү тиги киши. Бештен белгилүү, азыр айкырып- кыйкырып айласын түгөтөт. Андан көрө ал жумушуна кеткиче дым чыгарбай жатканы оң. Аялы кыйкыргандан тажаганбы же шашылыш иши барбы, тез кийинип алып чыгып кетти.
Арзуу жаш чагында атына заты жарашкан, бир айыл эркектин түшүнө кирген кыз болчу. Азыр деле сыны кетпегени билинип турат. Айылдын эң көрүнүктүү, келишимдүү жигити Муратка баш кошкону да чын. Оо, анда мына бул үйдө сасып уктап жаткан адам менен андагы Мураттын асман менен жердей айырмасы бар эле. Райондун эң мыкты деген тиш доктуру болчу. Ошол учурда ууртап-татып жүрүп, дээринен жоош байкуш ичкиликке бир жолу алдырып койду. Көп жыл болду минтип калганына. Кыздары менен, тагдыр менен карчылдаша күрөшүп жүрүп андагы сулуу кыз “ажаан Арзуу” деген атка конду да калды.
Жол боюнда суу алып жаткан кемпир салам айтып өтүп бара жаткан аялга ооз учу менен алик алды да, күбүрөнө кетти:
– Карасаң, койкоңдоп таң атпай бара жатканын. Кайда барат экенсиң сен? Чырактай баланы жайлап тынды. Мурат эмне деген бала эле? Ушу койколоңдогон бою, сулуу жүзү менен байкушту...
Күбүрөнгөн кемпирдин оюн бул айылдын эли бир ооздон колдой турган. Жоош, боорукер, колу ачык Муратты баары жакшы көрүшчү.
Жамиля уюн саап, бадага кошуп келди да жуунуп-таранып, сабагына даярдана баштады. Быйыл акыркы жыл.
– Нуриля, тур, сабакка кечигебиз,- сиңдисине акырын үн катты.
– Мен барбайм...
– Эмнеге барбайсың? Окуу жылы аяктаарына аз калды го, тур эми, жалкоо,- Жамиля уйкуда жаткан сиңдисинин чачтарын сылай суранычтуу үн катты. – Апаман сурандым дедим го, бүгүн барбайм. Барчы башымды оорутпай.
– Эй, чоң кыз, мен бир жашка болсо да сенден улуумун. Тур дегенде тур.
– Эжем имиш...- деди Нуриля менменсине.
Жамиля таарына түштү. Ар дайым ушундай, эжем экен деп угуп койбойт. Ар дайым өз каалаганын кылат да турат. Апасы аны билсе да, анын тарабында. Ушул учурда Мурат кирип келди. Атасынын кебетесин көрөрү менен төшөгүнө чүмкөнгөн Нуриля дымын чыгарбай жатып калды.
– Өх, кызым, жегенге бир нерсе барбы?- деди Мурат үмүт менен Жамиляны карап.
– Ооба, ата, азыр сизге тамак жылытып берем.
– Ошентчи, ашказаным ачышып...
Ашканага кирип кечээ калган тамакты жылытып, нанды алдына койду.
Мурат чын эле кезерип калган экен, алдына келген жылымык шорпону иче баштады. Бир аздан кийин гана башын көтөрүп, өзүн жалооруп карап турган кызын көрүп, көзүн ала качты.
– Сен сабагыңан кечикпейсиңби, кызым?
– Ата?
– Эмне болду?
– Мен... сага айтайын дегем. Жакында окууну бүтөм. Борборго барам, окуп, иштеп акча табам. Ошондо сени жакшы доктурларга алып барсам, ичкениңди таштасаң...
Мурат кызын тиктеп калды. Чоңоюп калыптыр каралдысы. Эки өрүм чачы, аксаргыл татынакай жүзү, өзүн боору ачып тиктеп турганы...
– Апаңдын көчүрмөсү болуп бара жатыптырсың,- деди ал башка сөз табалбай.
– Ата, сен мага убада бере аласыңбы? Ичпечи, ата, сени мен доктурга алып барганга акча тапсам, барам дечи.
Мурат көзүн жумуп алды. Ушуга чейин бул сөздү кимдерден гана уккан жок. Апасы ыйлачу, Арзуу жалдырап-жалбарып суранчу, кийин алы келбей калгандан баштап алкынып урушканга өттү. Достору, туугандары, бүт айыл адамдары айтышты. “Кой, акыры жакшы болбойт” дешти. Атасы, бир туугандары суранды. Бирок ушуга чейин бул сөз жүрөк түпкүрүнө жете элек болчу. Өзүн жалдырап тиктеп, суранып турган кызыныкындай жүрөккө жете элек болчу. Бир өмүр өтүп кеткенин, убакыт өзүнө каршы иштегенин Мурат бүгүн туйду. Көкүрөгү ачышып чыкты. Кызына бир нерсе дейин деди, кайра жалганчы болгусу келбей башын чулгуп алды...

(Уландысы кийинки санда)

Айлин.Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kilim
2017-06-27 09:55:44
Биринчи
-1
love_you
2017-06-27 10:18:53
экинчи)
-3
originalkgz96
2017-06-27 17:10:16
Жакшы
+5
tuki
2017-06-27 18:58:22
Бул сериал Эми кызыктуу болсо экен Джи окугандан кийин коп сериалдар супсак боло берчу болду
+4
love_you
2017-06-29 15:02:08
неге экинчи десем , минус баскансынар? ушундай санактарды окуп койчу элем, мында экинчи экем деп жазып койсом, жаман кылдынар го?))экинчи "экинчи" деп жазбайм)
+7
talaa11
2017-06-29 20:18:53
Башталышы жакшыго
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан