Бакыт Төрөбаев: «ӨЛКӨНҮ БУТУНА ТУРГУЗГАН ИНСАН КАТАРЫ ТАРЫХТА КАЛГЫМ КЕЛЕТ»

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары ат салышам деп белсенип турган Бакыт Төрөбаев менен жолугуп, убактысынын тардыгына карабай жооп талап кылып турган суроолорубузду узатууга үлгүрдүк. Сөз, албетте, алдыдагы президенттик жарыш, аткарылган иштер тууралуу болду.

– Бакыт Эргешевич, жакында эле Москвага барып келгениңизди уктук. Ал жакка эмне жумуш менен бардыңыз? Кремлдин колдоосун издеппи?
– Москвага экономикалык форумга катышып келдим. Ал жакта Кыргыз мамлекетинин экономикасы тууралуу доклад жасадым. Азыр баарыбыз көрүп тургандай, Индия баштаган Азия өлкөлөрү бардык тармактарда өнүгүп жатат. Демек, Азия өзгөчө орунду, көңүлдү талап кылып турат. Мындай учурда Кыргыз мамлекетинин Европа менен Азияга көпүрө болуп, транзиттик өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Мен ушул маселени көтөрдүм. Мындан сырткары ЕАЭСтин мүчөсү болгондуктан Орусия тарапка да алардын коргоо маселелерин жогору коюп жатышканын эске алып, биздин мамлекеттеги Союз кезиндеги коргонуу шаймандарын чыгарган «Фрунзе», «Ленин» заводдору сыяктуу ишканаларыбызды жандандыралы деген сунушту айттым. Экономикалык карым-катнашты ушул багытта өнүктүрөлү дедим. Силер билгендей, учурда Орусияга санкциялар киргизилген, аларда кайсы бир тармактарда муктаждыктар пайда болду. Мындай учурда биз айыл чарба болобу же оор багытта металл чыгаруу болобу, айтор, аларга сунуш кылып, иштешип кетсек болот.

– Президенттик жарышка катышам деп белсенип турасыз. Эмнеге мындай чечимге келдиңиз? Шайлоочу эмне үчүн сизге добуш бериши керек?
– Саясатка аралашканга чейин мен ишкерлик менен алектендим. Бул аралыкта бир нече завод куруп, миңдеген адамдарга жумуш ордун түздүм. 2007-жылдан бери 3 ирет депутат болуп шайландым. 2012-жылы түзүлгөн «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2015-жылы парламенттик шайлоого катышып, 13 мандатка ээ болду. Башкача айтканда, биз иштедик, убадаларды аткардык, элдин ишенимине кирдик. Ишкерликте, андан кийин мыйзам чыгаруу органында, аткаруу бийлигинде иштеп, партия төрагасы болуп топтогон тажрыйбамды эске алып, элге жаңы деңгээлде кызмат кылуум керек деп чечтим. Өлкөнү өнүгүү жолуна баштасам деген тилектерим бар. Кыскача айтканда, элиме кызмат кылсам, мекенимди жаңы багытка буруп, таанылгыс кылып өнүктүрсөм деген ой президенттик жарышка аттанууга түрттү. Четтен карап «мага бардыгы жетиштүү, эл менен эмне ишим бар» деп отуруп алган менин мүнөзүмө туура келбейт. Ачыгын айтканда, мен Кыргыз өлкөсүн бутуна тургузган, жарандардын жашоосун жакшырткан, билим берүү, медицина тармагын өнүктүргөн, коррупцияны жойгон лидер катары тарыхта калгым келет. Жана мен бул айтылган пландарды кыска убакытта ишке ашыра аларыма ишенем. Реформаларды кандай жүргүзүү керектиги боюнча так ойлорум бар.

– «Жогорку Кеңеш чуулгандуу иштер боюнча өз пикирин билдире албай, бийликтин өз билемдигине азуусун көрсөтө албай жатат» деген пикирге кандай карайсыз?
– Эң туура пикир. Парламент өзүнүн толук потенциалын көрсөтө албай жатат. Менин бир ирет «колубуздан келбесе таркап эле кетпейлиби?» дегенимди уксаңыздар керек. Бул жөндөн-жөн эле айтылган сөз эмес. Кээде парламенттин чабалдыгына, колундагы таасирин билбей, жетелеме болгонуна күйүп кеткенде айткам. Азыр парламентибизде саналуу гана депутаттар өз пикирин ачык айтат. Калгандары жөн эле жеке кызыкчылыктарын ойлоп отурушкандай.
Бүгүн «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы оппозициялык фракция болуп эсептелет. Биз кемчиликти, каталарды жаап-жашырбай эле айтып келе жатабыз. Сооронбай Шарипович баштаган өкмөттүн отчётун канааттандырарлык эмес деп таптык, кемчиликтерин санап бердик. Дача-СУ кырсыгы боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги алешемдиктер, табигый кырсыктар, саясатчылардын камалышы боюнча оюбузду өз убагында биринчилерден болуп айттык. Жаап-жашырган жокпуз. Муну эл көрүп жатат.

– «Резиденцияны аксакалдар үчүн эс алуучу борбор кылып жарыялайм» деген билдирүүңүздү кандай түшүнсөк болот?
– Резиденция чет элден президенттер жана башка жогорку даражадагы коноктор келсе чогулуп, маанилүү маселелерди талкуулоочу жер болуп саналат. Кыргызстандын көптөгөн маселелери чечилет. Ал жер президентке жашоо, рахат тартуулаган эс алуучу жайы болбошу зарыл. Бизде көптү көргөн, акылман аксакалдарыбыз бар. Мына ошондой аксакалдарыбызга резиденциянын эшигин ачып, акыл-кеңештерин алып турсак деген ойду айтып жатам. Тактап айтканда, резиденция эс алуучу курорт эмес, күнү-түнү мамлекеттик иштер менен алек боло турган жерге айланышы абзел.

– Сиз талапкерлигиңизди коё электе Алмазбек Атамбаев «Бакыт Төрөбаев же Өмүрбек Бабанов президент болуп калса таң калбайм» деген. Президенттин сиздин ысымыңызды атагандыгын кандай кабыл алдыңыз?
– Президенттин бул кебин туура эле көз карашта кабыл алдым. Анткени мамлекет башчысы кайсы бир инсандын ишмердүүлүгүн бааласа, ал сыймык. Өлкө башчысы биздин системалуу, жыйынтыктуу иштеп жаткандыгыбызга жеке баасын берди деп эсептейм.

– «Өнүгүү» фонду менен «Замандаш» ассоциациясы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо үчүн макулдашкан. Эмне иштер жасалып жатат?
– Чет өлкөдөгү эмгектенип жүргөн биздин мекендештерибиз боюнча аткара турган жумуштарыбыз өтө көп. Жакында эле болуп өткөн бир мисалды айтайын. Орусия 2017-жылдын 1-июнунан тартып башка мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүгүнө тыюу сала турган мыйзамды ишке киргизди. Биздин мекендештердин көпчүлүгү Орусияда транспорттук ташуу жана такси тармагында иштеп жан багышууда. Тактап айтканда, 200 миңдей адам жумушсуз калганы жатат. Биз "Замандаш" ассоциациясынын маалыматынын негизинде маселени дароо көтөрүп чыктык. Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилигине нота жиберди. Муну менен катар өкмөттөр жана парламент аралык кызматташуунун алкагында бул маселе жөнгө салынсын деген маселени кабыргасынан койдук. Кудай кааласа, бул маселе эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечилет деген үмүттөбүз.

– Парламенттик шайлоонун алдында «өлкө боюнча 60 МТС ачабыз» деп убада бердиңиз эле, аткарылдыбы?
– Туура, парламенттик шайлоонун астында «60 МТС ачабыз» дегенбиз. Жакында эле Лейлек районунда 59унчу, Жети-Өгүз районунда болсо 60ынчы МТС ачылды. Убада бердикпи, демек, аягына чыгат. Кудай буюрса, ар бир айыл өкмөттө МТСтер ачылат деген максатыбыз чоң.

– Акыркы убакта жол кырсыгы абдан көбөйүп кетти. 23-июнда ушул багытта иш-чара өткөргөнү жатыпсыздар. Кыскача айта кетсеңиз...
– Ооба, 23-июнда жол коопсуздугу боюнча форум өткөргөнү жатабыз. Ага президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү келет. Мындан сырткары жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча Тажикстан мамлекети жакшы иштерди алып барган экен, ал жактан адистер чакырылат. Жол коопсуздугун жакшыртуу үчүн кандай иш-аракеттерди кылабыз деген талкуу жүрмөкчү.

– Бирок талкуу жүргөнү менен, иш жүзүндө абал жакшырбай жатпайбы. Мунун себеби эмнеде?
– Маселенин баары кадрларда. Ошол кадрларды алмаштыруубуз керек. Эптеп күн өтсө, мага эч ким тийишпесе, жылуу-жумшак кресломдо отура берсем дегендер көп. Ошол нерсени чечкиндүү түрдө өзгөртүшүбүз керек.

Мирлан Өмүралиев
Адилет Бектуров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан