MEETAPP МЕНЕН ТЕҢИҢДИ ТАП

Мекендештерибиз үчүн кезектеги кызыктуу жаңылык жаралды. Мындан бир нече ай мурун Кыргыз өлкөсүндө MeetApp аттуу таанышуу үчүн тиркеме иштей баштады. Бул жаңылыктын иштөө шарттарын теңин тапкысы келген мекендештерибизге түшүндүрүү үчүн өзүм дагы MeetApp’ты телефонума жүктөп алып, кененирээк таанышып чыктым.

MEETAPP’ты КОЛДОНУУ ТАРТИБИ

Кошумча маалымат билүү максатында MeetApp’тын ойлоп табуучуларынын бири, Beeline компаниясынын инновациялык түзүлүштөрдү ойлоп табуу боюнча менеджери Калыс Жумакадыр уулун кепке тарттык:

«10 МИҢДЕЙ КИШИ MEETAPP АРКЫЛУУ ТААНЫШЫП, ЖАЗЫШЫП ЖАТЫШАТ»

– Мындай тиркемени ишке киргизүүгө эмне түрткү болду?
– Менимче, таанышуу сайттары мекендештерибизге жакындан эле тааныш. Бирок «турмушка чыкпайсыңбы» же «үйлөнбөйсүңбү» деген чоң апалардын кебинен тажаган кыз-жигиттердин саны азайбай эле турат (күлүп). Ооба, мекендештерибиз таанышуу сайттарын колдонуп эле жүрүшөт. Бирок анда колдонуучулар жактырган адамына ал тууралуу ачык айта албашы мүмкүн. Ошондуктан биздин тиркеме атайын жактыруу сезимин ачык билдирүүгө ылайыкталган. Жактыруу эки тараптуу болбосо колдонуучулар эч качан сүйлөшө алышпайт. Сулуу кыздарга жигиттер күнүнө 100 билдирүү жаза берип тажатышпайт.

– Мунун дагы кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?
– Эгерде сиз бирөө менен сүйлөшүп жатып ага чат аркылуу сүрөт же үнүңүздү жаздырып жиберсеңиз, аны бир жолу көргөндөн кийин өчүп кете турган кылып койсоңуз болот. Ошондо бейтааныш адамдын телефонунда сиз тууралуу маалыматтар калды деп кабатырланбайсыз. Маек учурунда колдонуучулар бири-бирине эмоцияларын жакшыраак түшүндүрүшү үчүн түрдүү смайл жана гифтер бар. 2 жуманын ичинде бул тиркемеге компьютердеги интернет аркылуу баш багууга шарт түзүлөт.

– Байкоолор боюнча канча адам бул тиркеме аркылуу таанышышты?
– Болжол менен 10 миңдей киши учурда ушул тиркеме аркылуу жазышып жатышат. Анан алардын маектерин окууга, албетте, мүмкүнчүлүк дагы, акыбыз дагы жок да. Ошондуктан алардын ичинен канча кыз-жигит чыныгы жашоодо жолукту же мамилесин сүйүүгө айлантышты билбейбиз.

– Кандай адамдарга көп «жакты» белгилери басылат экен?
– Байкашыбызча, жигиттер «канчалык «жакты» белгисин көп бассам кыздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүм ошончолук жогору болот» деп шыр эле бүт кыздарга баса беришет, сыягы. Кыздардын баарына эле көп басылат. Ал эми кыздар тандап отуруп, классикалык жана кежуал стилинде кийинген жигиттерге "жакты" белгисин көбүрөөк басышат экен.

Нуркыз Курманбек кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jaka92
2017-06-27 10:07:55
Андроидге иштебейби?
+1
jemile
2017-06-27 14:52:40
Бул жалаң бойдокторго анан "жаштарга" турбайбы?
+1
pero123
2017-06-27 15:52:03
такыр болбойт.ХХХ программа.мен бир ай мурда иштеткенмин.мындан одноклассник.другвокруг.фейсбук деген үйрөнгөн сайттар миң эсе жакшы.акысыз дагын.бул такыр болбогон сайт ишенбесеңер скачать кылып иштетип көргүлө!
+2
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан