Рэпер Добр түз эфирде ырдап жатат.
Журналист:
– Бул ырдын автору ким?
Добр:
– Сөзү да, обону да меники.
Журналист:
– Аа, рэптин да обону болобу?..
Голливудда 2017-жылы “Быйыл сөзсүз үйлөнөм” аттуу боевик жанрындагы бестселлерге 20 жаштан 30 жашка чейинки сулуу, акылдуу, ичпеген, чекпеген, далактап көчөдө жүрбөгөн бийкечтерге кастинг жарыяланды. Тасмада башкы каармандын ролун Нурлан Мотуев аткармакчы.
Сыналгыдан Анжеликанын долбоорун көрүп жаткан кичинекей бала апасынан сурайт дейт:
– Апа, аялдарды боёнтуп, анан жаңы көйнөк кийгизип койсо эле бактылуу болуп калабы?..
2020-жыл. Пенсияга чыккан Алмазбек Атамбаев жеке концертин тартуулап жатса, элдин арасынан бирөө эле “фунчёза” деп кыйкырып жатат дейт. Жакшылап карашса Амир Аскаров экен.
“Style Мix” триосундагы Илима менен Адилет үйлөнгөндөн бери топтун солисти Талас “Үчүнчүсү ашыкча” деген тасманы кайра-кайра көрүп жүрөт имиш.
Сыналгыдагы жаңылыктардан: “Кечээ кечинде Ак үйдө “бомба бар” деген жалган маалыматты тараткан жаран кармалды. Ал экс-акыйкатчы Турсунбек Акун болуп чыкты”.
Асхат Субанбеков
star@super.kg