Бутуңуз бут кийимге батпай шишип, баскан сайын ыңгайсыздык жараткан учурлар болобу? Сиз буга кээде көңүл бурасыз, кээде бурбайсыз, туурабы? Бут шишүүнүн себептерин Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков айтып берет.
АЗ УБАКЫТКА ШИШИСЕ
(мисалы бир нече саат же бир күн)
Бут көпкө баскандан, узакка тике тургандан улам шишийт.
Ыңгайсыз бут кийим менен бассаңыз, бийик така кийип жүрсөңүз да бул абалга тушугасыз.
Көпкө бутту салаңдатып, отуруп иштөөгө мажбур болсоңуз, бутту узакка кайчылаштырып отурсаңыз бут шишип баштайт.
Чиркей, бүргө сыяктуу жандыктар чагып алганда, аллергия жаралса да шишийт.
Муундарда мурда жаракат болсо жана бутка сыз өтсө шишик пайда болот.
Жай учурунда суу көп ичилгендиктен, суу организмде көбүрөөк калып буттун шишүүсүнө шарт түзөт. Суюктук ашыкча ичилгенде кан тамырлардын иштөөсү бузулуп, бут шишийт.
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
БУТ КӨПКӨ ШИШИСЕ (жумалап)
Бут узакка шишисе, биринчиден, жүрөктүн начар иштешинен кабар берет. Алгач буттун кетмени шишийт, адан соң шишик жогорулап отурат. Бут шишип жатканда жүрөк лакылдап, демигүү башталса, кардиологго кайрылуу керек.
Буттун кан тамырларында клапандар бар. Ал клапандар канды өйдөгө өткөрүп, кайра жабылып турат. Кайсы бир себептен улам, маселен, жаш өйдөлөгөндө клапандар жакшы иштебей калат. Натыйжада кандын жарымы өйдө, жарымы ылдый агат. Ылдый көздөй аккан кандын курамындагы сары суу буттун төмөн жагына топтолуп, бут шишийт. Эгерде кечкисин бут шишип, эртең менен турганда тарап кетсе, демек, клапандарда маселе бар.
Буттун кан тамырларынын алсызданышынан, бузулушунан улам шишийт. Варикоз же тромбофлебит пайда болушу мүмкүн. Бул айрыкча аялдарда 40 жаштан кийин пайда болот.
Бөйрөк оорусу өтө күчөп кетсе да бут шишийт. Жүрөк ооруса, бут шишип, анан шишик өйдө жылат. Бөйрөктүкү бет, көз шишип, андан кийин гана шишик төмөн бутту карай жылат.
Калкан сымал безинин кызматы начарлап, гормондорду бөлүп чыгаруу начарласа да бут катуу шишийт. Шишиктин үстүн басып турганда чуңкур жаралып, ошол жер кызарып жана кызаруу бир топко кетпесе, демек, калкан безде маселе бар.
Боордун цирроз оорусунан бут шишийт (кээде курсак да шишийт).
Кош бойлуу учурда буттун шишигени кадимки көрүнүш. Анткени организм алсызданып, кан айлануу системи начарлайт. Эгерде кечке маал шишип, эртең менен тарап кетсе тынчсыздануунун кереги жок. Катуу шишип жана оңой менен тарабаса, анда дарыгерге көрүнүп себебин тактатуу керек.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН
Нуржамал Жийдебаева
densooluk@super.kg