КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мен алданбайм, айтып коёюн. Тээтиги даракка жеткенде түшүрөм. Жакшы сөздөрдү айтып, алдап минип жүрө берем деп ойлобо.
– Алдабай эле... Жакшы көрөм сени,- кыз жигиттин жонунда баратып аны бекем кучактап жиберди.
– Муунтуп жатасың!
– Эх, сени! Эч кандай романтика жок. Жакшы сөздөрдү айтса "алдадың", кучактаса "муунттуң" дейсиң.
– Түш, жеттик.
– Аркы даракка чейин дебедиң беле?
– Ушул даракты айткам!
– Эми басып койчу, тиги даракка чейин.
– Уф!- калп эле ачууланымыш болгону менен, ал кыздын ар бир оюн орундатканга даяр. Ал күнү да экөө кечке чейин чогуу жүрүштү. Бири-биринен алыстагылары келбейт. Бирок акыры Арсен Бегимайды жеткирип коюп үйүнө жөнөдү.
Үйдө атасы, апасы, карындашы кечки тамакты жеп жатышкан экен. Атасынын ыраңы башкача. Ооруп калгандай. Кирип келип ушуну байкады.
– Эмне бир жериңиз ооруп жатабы?- чай ичүүгө келип отурган Арсен атасына кайрылды.
– Белим ооруп калыптыр. Кечке унаа айдаганда ушинтип калат. Эртең да шефти ташыш керек эле...
– Ооруп жатсаңыз барбай эле коюңуз да.
– Эртең менин ордума чыгып келчи. Шефти ары-бери ташыйсың. Мен унаа айдай алчудай эмесмин. Белимдин оорусу басылбай койду. Мен айтып койдум, уулум барат деп,- деди атасы.

ххх

Жалаң байлар жашаган айыл. Эл ичинде муну "падышанын айылы" деп коюшат. Арсен биринен-бири өткөн кооз тамдарды аралай келип, заңкайып өзгөчөлөнүп турган ак сарайдын тушуна келип токтоду. "Ушул үй экен да, демек. Эмне деген акчага салынган бу?"- өзүнө-өзү суроо берип жатып коңгуроону басты.
– Кир. Шеф мага айтты, Дуулат байке ооруп калган турбайбы, ээ? Мына карма, тиги унааны айдайсың- ичкериден чыккан күзөтчү унаанын ачкычын сунду:
– Шеф чыкканча кондиционерин иштетип салкындатып тур. Дуулат байке ошентчү.
Арсен ошондо биринчи жолу Гелендвагенге отуруп көргөн. Ачкычты салып бураганда эле унаа күр-р эте от алып, жигитти толкунданткан. Унаанын ичине бир сыйра көз жүгүрттү. Баары сонун көрүндү. Бир убакта тепкичтен шайдоот түшүп келе жаткан Болушту көрдү. "Ушулбу атамдын шефи? Жапжаш неме го бул?" Арсен ушинтип ойлонгуча Болуш шып эте эшикти ачып унаага отурду. "48 жашка чыкты" деп атасы айтпады беле? Бул ашып кетсе 35теги адамдай көрүнөт. Шыңга бойлуу, ак жуумал, тыкан кийинген адам экен.
– Салам, жигит. Арсен сенсиң да, ээ?
– Ооба, саламатсызбы?
– Таак, Арсен, азыр "Ак-Кемеге" айдачы,- унаа ордунан козголду.
Керээли кечке Арсен унаадан чыккан жок. Бир туруп шаардын бул бурчуна, бир тиги бурчуна Болушту ташып жүрдү. Ал болсо жолду катар кимдир бирөөлөр менен телефондон сүйлөшөт. Кыскасы, унаада да иштери менен алек. "Бул ошон үчүн айдоочу жалдайт турбайбы" деди Арсен, анын бош убактысы жок экенин көрүп.
– Уф, эми үйгө айда, Арсен! Бүгүн жинди күн болду,- деди Болуш арткы орундукка шалдая отуруп. Күн кечтеп калган. Жигит Болуштун үйүн көздөй жөнөдү. Орто жолдо Арсендин телефонуна чалуу келди. Бегимай болчу.
– Сен эмне, бүгүн мени унутуп койдуңбу? Таптакыр чалбайсың го?
– Бошобой калдым.
– Кайдасың?
– Жумуштар менен жүрөм. Абдрахманов көчөсү менен өйдө баратам.
– Мага жолуга кет.
– Бошобойм...
– Мен Токтогул менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде турам. Анан укмуш чарчап калдым,- кыз сүйлөп бүтүп телефонун коюп салды.
– Ала кет да, кыз чарчап калган турбайбы,- артта Болуш телефондогу сүйлөшүүнү уккан экен, Арсенге карап жылмайды. Жигит сүйүнүп кетти. Ансыз да Бегимайын көргүсү келип, сагынып жаткан болчу. Анда ал ошол күндөн тарта Болуш, Бегимай жана өзүнүн тагдыры чиелешип каларын аңдаган эмес.
Арсен заматта кыз турган жерге жетип барды. "Качан Арсен кичи автобустан түшө калат?" деп жол карап турган Бегимайдын жанына аппак Гелендваген токтоду. Караңгылатылган терезелерди ылдый кылып, "Бол түш, кеттик" деп таң калган Бегимайга кайрылды.
– Оу-у, укмуш унаа го? Сен кайдан муну айдап алгансың?- кыз унаага суктанды.
– Акырын,- деди Арсен "артта бирөө отурат" дегендей ишарат кыла.
– Ой, саламатсызбы? Кечиресиз...
– Эч нерсе эмес,- арттан Болуш жылмайып койду.
Үчөө андан кийин үн-сөз жок баратышты. Бир убакта Гелендваген заңгыраган 2 кабаттуу үйдүн алдына токтоду.
– Вау, кандай сонун!- кыз эми үйгө суктанды.
– Кирип чай ичкиле!- деди Болуш кыз-жигитке.
– Жок, рахмат!
– Арсен, жумуштар бүттү. Шашпай чай ичип кет,- Болуш коё берчүдөй эмес. Ал абдан сыйчыл, жөнөкөй кишидей көрүнгөн. Көрсө, ал ошондо эле Бегимайды жактырган экен. Торуна түшүрүү үчүн атайын көз жоосун алган үйүн, падышаныкындай жашоосун көрсөтмөкчү болуптур. Арсендин көзүнө көрүнбөгөн Бегимайдын азгырылма алсыз мүнөзүн Болуш дароо байкаган тура...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nuris208
2017-06-27 09:02:00
Ushul jerden bashtalat eken da.....
+3
love_you
2017-06-27 10:14:37
кобуроок эле жазгылачы, толгоосу жанып кеткен немедей бп, кийинки жуманы куттурбой. канча нерв клеткам олуп кетип атат((
+23
Seryi-Kardinal
2017-06-27 10:51:39
begimai dewevka eken da
+7
adiletik
2017-06-27 16:31:04
Кече кайра-кайра кирип карап коем
+1
Kleopatra_91
2017-06-28 00:08:09
adiletik, Мен дагы аябай куттум кэчээ
+1
adiletik
2017-06-27 17:19:42
Азыркы жашоодон бир элес экенда
+2
jama9210
2017-06-27 20:24:10
Азгооо
0
love.me.again
2017-06-29 20:14:44
Бегимайдан жакшы эле очуеду алсан болчудай экен .
0
mambet25
2017-07-04 08:41:13
Кийинкиси качан?!!
0
nariste_abysh
2017-07-04 08:44:58
Супер инфо, бул жуманы жанырткан жоксунарго (((
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан