ТЕМИР САРИЕВДЕН УЛУУ КЫРГЫЗ КЫЯЛЫ

Баарыбызга белгилүү болгондой, 15-октябрда өлкөдө президенттик шайлоо өтмөкчү. Чет элдик жана жергиликтүү эксперттер белгилегендей, Кыргыз мамлекетинде өтүүчү бул жолку президенттик шайлоо курч атаандаштык менен өтөрү күтүлүүдө. Иши менен элге көрүнгөн, артынан калың элди ээрчите алган талапкерлердин катарында Темир Сариев бар.

19-июнь күнү Бишкек шаарында "Ак шумкар" саясий партиясы 7-курултайын өткөрүп, өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган партия делегаттары күтүлгөндөй эле өз лидери Темир Сариевди бир добуштан президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.
Аталган курултайга көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, айрым өлкөлөрдүн элчилери да катышып, "ак шумкарчылардын" жыйыны жандуу өттү. Темир Сариев өзү баштап Кыргыз мамлекетиндеги көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү жолдорун да ортого салып отурду.
"Тилекке каршы, Кыргызстан бүгүнкү күндө сөз эркиндиги, жарандык коомдун өнүгүүсү боюнча аймактагы алдыңкы өлкө болгону менен, адамдардын жашоо деңгээли боюнча алдыңкы боло албай жатат. Калкыбыздын көп бөлүгү оор турмуш кечирүүгө аргасыз болууда. Миңдеген мекендештерибиз чет жерлерде иштеп жүрүшөт. Адамдар өздөрүн коопсуз сезбей калышты. Баарынан коркунучтуусу, айрым адамдар Кыргызстанга болгон ишенимин жоготуп жатышат",- деди Сариев. Мурдагы өкмөт башчынын айтымында, өлкөдөгү абалды оңдоо үчүн эң ириде темирдей тартип керек. Тартип мыйзамга баш ийүү менен орнойт. Президенткеби, жөнөкөй жарангабы, мыйзам бирдей болушу кажет.
"Ар бир элдин кыялы болуш керек. Биз бардыгыбыз жетиштүү турмушта, коопсуз жашап, мекенибизге кызмат кылгыбыз келет. Чет жерде кара жумушта иштебей, өлкөдө татыктуу жашап, иштеп, Кыргызстан менен сыймыктанып, өз үйүңдө бактылуу болуу – улуу Кыргыз кыялы деп билем. Алдыдагы 6 жылда биз 26 жылда жасалбаган иштерди жасашыбыз керек. Бул мүмкүнбү? Мен ишенем, жасаса болот. Жасаганга милдеттүүбүз!"- деп сөзүн аяктады Темир Аргембаевич.
Андан соң келген конокторго да сөз берилди. Мына ушул жерден бир өзгөчөлүктү белгилей кетүү керек. Темир Сариев жакшы саамалык баштап, бул жолу ар кандай көз караштагы саясатчыларды чогултту. Маселен, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Алмамбет Шыкмаматов, Аликбек Жекшенкулов сындуу саясатчылар съездге катышып Темир Аргембаевичти колдоп келишиптир. "Биз бөлүнүү лимитин түгөттүк. Жетишет. Эми биз бирге Кыргызстанга кызмат кылышыбыз керек",- деп белгиледи Сариев. Айтылгандай эле, конок катары чакырылгандардын арасында оппозициялык да, бийликчил да, акаевчил да, бакиевчил да деп кабыл алынып келе жаткан көрүнүктүү саясатчылар отурду. Өз кезегинде алар Темир Аргембаевичке алдыдагы шайлоодо ийгилик каалап өтүштү.
Өз оюн ортого салгандардын катарын легендарлуу өкмөт башчы Насирдин Исановдун уулу Алмаз Исанов толуктады. "Мурда-кийин Алмаз Исановдун көпчүлүктүн алдына чыкканын, кайсы бир саясатчы же окуялар боюнча жеке пикирин айтканын уга элек болчубуз. Атасына тең уул болуптур" дешти анын сөзүн уккан аксакалдар.

"Мен апама "таптакыр саясатка аралашпайм" деп убада бергем. 26 жыл өттү. Бирок убадамды бузууга туура келип отурат. Себеби саясатка аралашсамбы же аралашпасамбы деген тандоо болбой калды. Өлкөнү туура багытка буруп, анын келечегине таасир этүү биздин ар бирибиздин милдет болуп турат... Бизге мамлекетчил, келечектеги муунга кам көрө ала турган, өлкөнү бутуна тургуза турган лидер керек болуп турат. Чынында, өлкөнү оңдоо баарыбыздын колубуздан келе турган иш. Бул үчүн баарыбыз татыктуу кишиге добуш беришибиз керек. Андыктан мен Темир Аргембаевич Сариевдин талапкерлигин колдогула деп бул жерде отурган элге эле эмес, бүткүл өлкөгө сунуш кылам!"- деп билдирди Алмаз Исанов.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан