#СуперАталар аныкталды

Эл аралык аталар күнү жыл сайын июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди. Эл аралык ЮНИСЕФ уюму "Супер-Инфо" гезити менен биргеликте #СуперАта сынагын өткөрүштү. Сынакка 7 дубандын мыкты аталары катышып, кызыктуу сүрөттөрү менен балдары тууралуу баяндоо жазып жөнөтүштү. Супер аталардын сүрөт-баяндары SUPER.KG порталында окурмандардын добушуна коюлган. Жыйынтыгында көп добуш алган 10 супер ата жеңүүчү деп табылып, уюштуруучулар тарабынан даярдалган белектерге ээ болушту.

Эрлан Шамырбек уулу, 26 жашта, Ош облусу, Алай району: "КЫЗЫМДЫ ӨЗҮМ КУСУП АЛГАМ"



– Кызым Элина Шамырбекова 2014-жылы 7-январда төрөлгөн. Мени менен кошулуп намаз окуганды жакшы көрөт. Тамактанып бүткөндөн кийин Алладан бата тилеп ордунан турат. Ызы-чууну жактырбайт. Тамак аз ичет, шире, киндер, чипсы дегенде жата калат. Түндөсү тынч жатпайт, үстүнө эч нерсе жамынбайт. Жакшы көргөн мультфильмдери – "Керемет көч", "Свинка Пеппа". Бат-баттан сүйлөйт, мени тартып калган. Өзүм жуунтам, кечинде жатканда жомокту да мен айтып берем. Кыскасы, өзүм эле кусуп алгам кызымды. Кызым – атасынын кызы.

Орозбек Муратов, 30 жашта, Бишкек шаары: "АТАСЫНЫН КЫЗЫ"



– Кызым Нурмина Өмүрбекова 12.12.2015 деген датада жарык дүйнөгө келген. Өзүм табиятымдан жаш балага жакынмын. Биринчи перзентибиз кыз болуусун ичимден каалап жүргөм. УЗИден кыз экенин угуп, кубанычым коюнума батпай сүйүнүп, төрөлгөнгө чейин эле оюнчук, китептерди эч кимге айтпай акырын камдап койгом. "Кыз бала ата-энеге күйүмдүү болот" деген чын окшойт, кызымдын азыртан эле апасы экөөбүзгө болгон сүйүүсүн байкайм. Командировкалап кетсем да кызымды сагынып, үйдү көздөй шашып калмайым бар. Анын толук кандуу инсан катары калыптанышына, билимдүү болушуна бар күчүмдү жумшайм. Ата-энелик милдет деген ошол эмеспи, мындай камкордуктун баарын ушул кызым төрөлгөндөн кийин жон терим менен сезип отурам. Бул постту кийин Нурминам өзү чоңоюп окуп, анан каткырып күлчү күнгө жеткирсин.

Арсен Кадырахунов, 26 жашта, Ош облусу, Өзгөн району: "УУЛУМ ЫЙЛАСА ЖҮРӨГҮМ КАБЫНАН ЧЫГЫП КЕТЕТ"



– Менин баламдын аты Билал. 2013-жылы 20-августта төрөлгөн. Аябай шок, кылыктарына тойбогон кезим. Эртең менен жумушка кетип жатканда сөзсүз коштошот. Бирок мени кетип калбасын деп таң заарда туруп алат. Жумушта жүргөндө да "курсагы ток бекен?" деп баламды ойлойм. Эс алуу күндөрү Билал экөөбүз сейил бакка ойногону чыгабыз. Уктаардын алдында сөзсүз ойноп, анан уктайт. Ыйласа жүрөгүм кабынан чыгып кетет. Айтканын жасайм, жалган айтпаганга аракет кылып, бир нерсени "заказ" кылса, сөзсүз аткарам. Анткени мага болгон ишеничин жоготуп алгым келбейт.

Мирланбек Эсенбеков, 35 жашта, Бишкек шаары: "БАЙЛЫГЫМ СЕНСИҢ"



– Берекелүү күздүн кечинде, 2016-жылдын 8-октябрында, сааттын жебеси 23:40ты какканда үй-бүлөмдү шаңга бөлөп, уулум, сен төрөлдүң. Ошондогу сезимдеримди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. 34 жашымда ата деген статуска ээ болдум. Азыр уулум 8 айга толуп турган убагы, кылыктары чыгып, апасы экөөбүздү бакытка бөлөп турат. Жаркылдаган жарык маанай уулумдун колдору чекеме тийсе элжиреп, ой-санаадан арылып, кейиш дүйнөсүнөн бейиш дүйнөсүнө сапар алам. Күлүмсүрөп караган көздөрүнө кирип алып, бир заматта ааламдын падышасына айланам. Бул сезимди жалгыз гана сен тартуулайсың, балакайым! Бал тамган тилиңден алгачкы "ата" дегениңди укканда жүрөгүм бир башкача согуп, толкунданып, жашоодогу эң бактылуу ата мен болгондой сүйүнөм. Асылым, эркетайым, сенсиң го менин өмүрүмдүн тумары, ырыскымдын мунары, Кудайымдын белеги, жашоонун мага жаккан чырагы!
Мен ыраазымын сени төрөгөн апакеңе, алдейлеп ак бешикке бөлөгөн, азап тартып, түн уйкудан калса дагы "сен ыйлаба, балакай" деп жөлөгөн. Байлыгым сенсиң, бар болгун дайым, берекем. Балбылдап жанган көздөрүң баарынан кымбат!

Зарлык Боромбаев, 33 жашта, Ош облусу, Кара-Кулжа району: "БАЛДАРЫМ ҮЧҮН АЯЛЗАТЫНА ТИЕШЕЛҮҮ ИШТЕРДИ ДЕЛЕ АТКАРА БЕРЕМ"



– 3 кызым, 1 уулум бар. Эң улуусу 12де, эң кенжеси 2 жашта. Балдарым менен канча убакыт өткөрсөм да чарчаганымды билбейм. Алардын ар бир кылыгы, сөздөрү мен үчүн эң эле кол жеткис сезимдер. Бала кароо, тамак жасоо өңдүү жумуштарды аткара берем, "аялым келсин, аялдын жумушу" дебейм. Балдарымдын курсагы ток болушу, кийиминин бүтүн болушу – менин чоң милдетим. Кыз бала абдан күйүмдүү, атага жакын болот экен. Үчөө тең аталап жанымдан чыгышпайт. Ал эми үйүбүздүн эң эркеси уулум Нурсултан. Ал үч кыздын арасында жалгыз уул болгондуктан аябай кежир, айтканын бербеген бала. Бирок мен аны улам акылына кирген сайын тарбиялаганга аракет кылып жатам. Балдарым аябай ширин. Чарчап турганымда кызым келип эркелеп калса алдыга умтулууга дүйнөдө эч бир тоскоолдук жоктой сезилет. Мен өзүмдү "бардык милдетин аткарып жаткан супер күчкө ээ атамын" дебейм. Болгону алар үчүн, алардын кең келечеги үчүн болгон күчүмдү аябайм.

Кайрат Ашырбек уулу, 26 жашта, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары: "КЫЗЫМ КӨЗҮН АЧАРЫ МЕНЕН МЕНИ ИЗДЕЙТ"



– Менин ширин кызым Акмарал. Ал сентябрдын 14үндө 2016-жылы төрөлгөн. Азыр 9 ай болду. Кызымды абдан жакшы көрөм. Мени көргөн сайын талпынып, сүйүнүп менин кучагыма келгенге ашыгат. Мурдумдан чоюп, көзүмдү чукуйт. Эртең менен көзүн ачары менен мени издейт. Биз дайыма чарчаганча ойноп, анан чогуу уктап калабыз. Ал мага абдан окшош: чачтары, көздөрү, кичинекей колдору, жадакалса кашы. Ал менин кара кызым.

Мирланбек Исакбаев, 28 жашта, Бишкек шаары: "БАЛДАРЫМ – ЖАШООМДУН МАҢЫЗЫ"



– Уулум Даниэль Кадырбеков 2010-жылы, кызым Айназик 2013-жылы жарык дүйнөгө келген. Балдарым – бул дүйнөдөгү жашоомдун мазмуну, маңызы. Алар бар үчүн бактылуу жашоодо жашап жатам деп эсептейм. Экөө тең апасына эмес, мага жакын, анан мага окшош. Балдарым үйдө болбой калса таңым атпайт, күнүм батпайт, жашоом караңгы жана кызыксыз. 70 пайыз убактымды балдарым менен бирге өткөрөм. Ар кандай оюн-зоокторго алпарып, бассейнге түшүрүп, сейилдеп бак аралайбыз. Ушул эки перзентимди жарык дүйнөгө алып келип, мени кубанткан жубайыма миң мертебе ыраазымын.

Айбек Кариев, 32 жашта, Бишкек шаары: "КЫЗЫМА МАНИКЮР ЖАСАП БЕРЕМ"



– Кызым Адинай Рысбекова 2012-жылы 16-январда төрөлгөн. Кызыма кечинде жомок айтып берем. Эртең менен чачын өрүп, бала бакчага алып барам. "Киндер" шоколадын күн сайын алдыртат. Дүкөнгө киргенде "принцесса келди" деп баары тааныйт. Жумуштан келгенде алдымдан тосуп чыгат. Колумду карап калбасын деп дүкөндөн бирдемелерди ала келем. Маникюр жасап берем. Менин чачымды байлап, сулуулук салонунда иштегендердин ролун аткарып, оюн ойнойбуз. Неберелерим (куурчак, жумшак оюнчуктар) аябай көп, уктаар маалда жаныма жаткызып коёт. Апасы жокто тамагын да берем. Ооруп калганда дарысын берип, суу, шире алып келип жанында болом.

Мирлан Өмүралиев, 29 жашта, Ош шаары: "МЕН ТАРТЫП БЕРГЕН СҮРӨТТӨРДҮ БОЁГОНДОН ЫРАХАТ АЛАТ"



– Уулум Марлен Рысбеков 2013-жылы 24-апрелде төрөлгөн. Уулум жарык дүйнөгө келген учурда келинчегимдин жанында болдум. Ошондо уулумдун мойтойгон чочосун көрөр замат сүйүнүчтүн көз жашы тамчылап, ыйлаганымды айтсаң! Эстесем, акыркы жолу ошондо ыйлаган экенмин. Ошол күндөн баштап ата болуу бактысы кучак жайды. Балам күндөн-күнгө чоңоюп, ар түрдүү кылыктары менен бизди бакытка бөлөп келет. Марленчигим машинелердин сүрөттөрүн мага тарттырып, тартылган сүрөттөрдү боёгонду адатка айлантып алган. Ошондон ырахат алат. Кечинде жатканда "ичимди, белимди тырмап бер" деп, ушалатып анан уйкуга кирет. "Эр жетип, чоң жигит болгондо милиция болом" деген тилекти тынбай айтат. Марлен – менин жоокерим!

Александр Тыналиев, 28 жашта, Талас облусу, Бакай-Ата району: "УУЛУМ МЕНИН КӨЧҮРМӨМ"



– Менин уулум Адильхан Александров 2017-жылдын 11-февралында төрөлгөн. Күндөн-күнгө анын сонун кылыктары чыгып апасы экөөбүздү кубандырып жатат. Баламдын төрөлүшү жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү. Азыр бардык нерсеге олуттуу карап калдым. Уулум менин эле көчүрмөм. Апасы экөөбүз бул дүйнөгө бейкапар келген Адильханыбызга мыкты жол көрсөтүүчү болушубузду каалайм. Өзгөчө атасы менен өткөргөн жагымдуу убакыттары эсинде калып, кийин чоңойгондо жылмаюу менен эстесе дейм.

Сынактын жеңүүчүлөрү 19-июнда аныкталып, кеңсебизге келип, ЮНИСЕФ уюмунун жана "Супер-Инфонун" белектерине, ошондой эле
@baby_boom16 инстадүкөнүнөн сертификатка ээ болушту. Аталар бул акцияны колдоп, толук кандуу үй-бүлө, балдарды тарбиялоодогу ата менен эненин ролун жогорулатууну коомго кенен жайылтуу тууралуу пикирлер айтылды. Ал эми алыскы аймактарда жашаган жеңүүчүлөр, ошондой эле бардык катышуучулар, иш күндөрү кеңсебизден белектериңиздерди алып кетсеңиздер болот.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыздын #СуперАталары аныкталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Uzakova.Z.A
2017-06-28 12:17:39
Кусуп алгам дегени жакты
0
nanana
2017-06-30 23:36:55
Мени да папам кусуп алган!!!
0
Azamatxxxttt
2017-07-03 20:48:51
Менин группалашым Мирлан супер ата болушун менен куттуктайм
0
KaSuBa
2017-07-07 00:48:21
Эхххх кандай соонун..Менин ыраматылык атам дагы "Супер Ата" эле...((
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан