«БИР УУЛУМДУ ЖОГОТТУМ, ЭКИНЧИСИНЕН ДА АЙРЫЛГЫМ КЕЛГЕН ЖОК»

"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дейт. 72 жаштагы эне уулунун кылмышын жашырып келип, уулу кайра өзүнө кол салганда гана көмүскөдө калган кылмыштын бети ачылган. Энеси өз баласын милиция кызматкерлеринин колуна өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Биз бул окуяны иликтеп көрдүк.

"УУЛУНУН ЭКИ ЖЫЛ МУРУН КЫЛГАН ИШИН АПАСЫ ЖАШЫРЫП КОЙГОН"

Кара-Кулжа РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Бектур Исмаилов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул окуя 2015-жылдын 4-январь күнү Кара-Кулжа районунун Тоготой айылындагы үйлөрдүн биринде катталган. Болжол менен саат 22:00дө кылмышка шектүү үйүндө балдары менен отурганда сырттан бир тууган агасы, 1968-жылы туулган Төлөнбай Камчиев мас абалында келген. Ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам шектүү Т.К. ашкана бычагы менен агасын колуна сайып, көчөгө кетип калган. Эки бир туугандын 72 жаштагы энеси жерге жыгылып калган уулун жакын жашаган кошунасынын жардамы менен өзүнүн бөлмөсүнө жаткырып коюшуп, андан кийин өздөрү да уйкуга кетишкен. Ал эми маркум таң атканча кароосуз калгандыктан кан көп жоготуп, жан берген. Эртеси каза болуп калганын көргөн энеси кошуна-колоңдорун чакырып, бул окуя тууралуу эч кимге айтпоону сүйлөшүп, өзү өлдү кылып жерге беришкен. Аталган иш боюнча 2017-жылдын 15-мартында Кара-Кулжа райондук соту тарабынан эксгумация кылууга уруксат берилип, экспертизанын жыйынтыгында маркум денесинен алган оор жаракаттын негизинде каза болгону аныкталган.
Кылмышка шектүү ушул жылы кайра мас абалында байкесин сайган бычак менен өзүнүн энесинин оң колуна сайган. Апасы уулунун бул ишинен кийин өзү милиция кызматкерлерине келип арыз жазып, эки жыл мурун болгон окуяны дагы айтып берген. Шектүү ошол замат кармалып, ал мас абалында ушул иштерди кылганын айтып, күнөөсүн моюнга алган. Ал эми энеси берген көрсөтмөсүндө "бир баламдан айрылганым аз келгенсип, экинчисинен дагы айрылгым келген жок, ошон үчүн окуяны жашырып-жаап койгонбуз" деп айтып берген.

"КОШУНАЛАРЫМА "БАЙКЕМДИ САЙЫП АЛДЫМ" ДЕП АЙТКАМ"

Кылмышка шектүү тергөө убагында төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Өзүм Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында 1984-жылы туулгам. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасымын. Эч жерде иштебейм. 2017-жылдын 14-февралында кызымдын туулган күнү болчу. Эт кесип жатып, апамдын колун кесип алгам. Ошол маалда мас абалында болгондуктан көп нерсени билбей калыптырмын.
Ал эми агамдын өлүмү боюнча окуя 2014-жылы болгон. Мен үйдө уктап жатсам түн ортосунда агам келип ойготту. Экөөбүз үй талашып уруша кеттик. Ал мени бычак менен урганда колунан бычакты кармап, токтотоюн десем колунун булчуңуна сайылып кеткен. Анда да мас абалында болгондуктан эшикке чыгып келип, кайра жатып алгам. Эртең менен апам "байкеңди карап кой" дегенинен барып карасам, денеси муздап калыптыр. Каза болгонун билип, анын сөөгүн башка бөлмөгө киргизип, кошуналарыма "байкемди сайып алдым" деп айткам. Милиция кызматкерлерине кайрылалы десем, апам болбой койгон "туугандар ич ара сүйлөшүп эле алабыз" деп.

"КАЙНЕНЕМЕ БЫЧАКТЫ АТАЙЫЛАП САЙГАН"

Кылмышка шектүүнүн жездеси Бактыбек Токоев буларга токтолду:
– Кайнагамдын киши колдуу болуп каза тапканын билген эмеспиз. Бизге "өзүн-өзү сайып алыптыр" деп коюшкандыктан, эч кимден шек санабай жерге бергенбиз. Кайненеме бычак сайгандан кийин кайнимдин жоруктарын угуп жатпайбызбы. Эне дегенге кыйын да, балдарынын жамандыгын көргөн, ошондон улам жашырып коюптур. Айылдан да көп адамдарга тийишип жүргөндүктөн, тынч жашайлы деп карматып бердик. Апабызга болсо бычакты атайылап сайыптыр. Өзүнүн чиедей төрт баласы бар, улуусу араң 8-класска көчтү. Аялын сабай бергендиктен ал "иштейм" деп Москвага кетип калган, ошондон бери дайынсыз.
Коңшу айылда жашагандыктан келип жардам берип турабыз. Кайним балдарынын, кайненемдин жүрөгүнүн үшүн алып койгондуктан туугандар "ага айылда орун жок" дешсе, балдары "кайтып келбесин" деп жатышат.

"КАНТИП ЭЛЕ БАЛАМДЫ "ӨЛҮП КАЛСЫН" ДЕЙТ ЭЛЕМ?"

Кылмышка шектүүнүн апасы Карамат Камчиева менен байланышканыбызда буларды айтып берди:
– Эки жыл мурун улуу балама бычак сайганда "эшикке чыкпай отур" дегенинен үйдө отургам. Аркы бөлмөдөн "апа" деп эле уулум жерге жыгылды. Бирок бычак сайып салганын көзүм көргөн эмес. Коңшумду чакырып өзүнүн бөлмөсүнө алып келип, төшөгүнө жаткырып койгонбуз. Колунан кан аккан эмес, кантип эле баламды "өлүп калсын" дейт элем? Эртеси таң эрте неберем чуркап келди, "байкемдин денеси муздап калыптыр" деп. Барсам уулум каза болуп калган экен. Ошондо милиция чакыртып айтайын дедим, бирок эки кыяматты көтөрө албай, дудук болуп гана отуруп калдым. Экөө тең уулум болуп жатса анан кантем, жашырып койгонбуз.
Андан кийин мени сайганда кызынын туулган күнү болчу. Үйгө арак көтөрүп келип, балдарын уруп койгондуктан аларга болушуп уруша кеттик. Анан колума сайып жибергенде да унчукпай, теңелбей отурдум. Акыры эсине келер деген үмүт менен милициянын колуна салып берип, баарын өзүм айтып бердим. Азыр төрт баласын багып жатам, ден соолугум жакшы эле, ийне сайдырып, дары ичип жатам.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээн баштык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынган. Ушул жылдын май айында тергөө иши аяктап, Кара-Кулжа райондук сотуна кылмыш иши өткөрүлүп берилди.

Нурбек Абдыкадыров,
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Энесин бычактап, агасын өлтүргөн деп шектүү жаран кармалды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
pero123
2017-06-27 15:58:07
адам эмес экен!
0
aman0296
2017-06-27 16:46:52
97 берене адам олтуруу жокко?
+4
Sveta23
2017-06-27 19:39:16
ХХХ. Рас кылышыптыр каматып.
0
nur...nur.
2017-06-27 22:51:11
Онусуук экен
0
Bilal2014
2017-06-28 00:18:43
Апасын тушунуп турам
0
karasuu
2017-06-28 03:07:10
Жараткан Аллатаалам озун сакта, балдарыбыздын козун карап айланып тегеренип олтурабыз. Балдарды эмне деген умут м.н чонойтобуз...абдан окунучтуу окуп жатып абдан абдан башым ооруп чыкты. Эч бир энеге бундай кунду каалайм :(
+2
karasuu
2017-06-28 03:10:58
Мисалы Чечняда дукондордон эч жерден алкоголь ичимдиктерин таппайт экенсин сатылбайт экен...кана эле бизде да ошондой болсо...
+3
_PeriWa_
2017-06-28 15:45:06
Тиги кемпир жаныне куткарам деп акыры айтып бериптир да мурда неге айтпайт баласын карап кой озу кантип туну мн уктады э иши кылып адам эмес айбандар экен
0
Targarien
2017-06-28 23:11:58
Арак ичкенде айбанга айланып кеткендер бар мындайларды жиндиканага жаткырып чыгарбаш керек
0
aruuke9292
2017-06-29 13:20:22
Баягы Бакан тоодогу участковыйлар киносу реалга айланып кетиптир го
+1
admin_superstan
2017-06-29 16:05:48
Mirlan9292, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
aytunuk
2017-06-29 18:08:19
Акыл берсин ыйман берсин кудай.
0
Ajar812
2017-07-01 10:29:59
Каматып жакшы кылыптыр.Колунан жакшылык келгидей эмес дагы бироосун саймак .
+1
Aziko0696
2017-07-03 08:48:48
Кылган куносун аллаахым озу кечирсин.
0
KaSuBa
2017-07-07 00:33:36
Куноону мойнуна алса деле "шектуу" дей бересинерби?Кылмышкер деп эле жазыш керек менин оюмча...
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан