"Апа деген баарыбыз үчүн ыйык. Менин репертуарымда обону Бакыт Алишеровго, сөзү Карыпбек Алымкуловго таандык "Эне колу" деген ыры бар. Бизди өз колу менен жуунтуп, кийинтип, тамак берип, мектепке жөнөткөн, албетте, эне. Биз бардыгыбыз эненин колу менен чоңойгонбуз. Ал ырды ырдаганда өзгөчө бир сезимдер пайда болот. Көз алдыма шырдак жасап жаткан апамдын колу тартылат..." деген ырчы Ырыскелди Осмонкулов апасы тууралуу эскерди.
"10 БИР ТУУГАНДЫН КИЧҮҮСҮМҮН"
– Апам Сүйүнбала казак кызы, 1925-жылы төрөлгөн. Таятам Мусанын апама чейинки балдары баары чарчап калыптыр. Апам гана оорубай аман калгандыктан сүйүнсүн, жашасын деген тилек менен атын Сүйүнбала деп атаган экен. Таятам бай киши болгондуктан кулакка тартылып, бул жакка качып келиптир. "Качып келатканда талаадан бир жерди казып, атамдар алтын катышкан эле. Күн батып баратканда алтындын жылтыраганы эсимде калыптыр" деп апам көп айтчу.
17 жашында атама турмушка чыгып, 3 уул, 7 кызды төрөп, тарбиялады. Мен бир туугандардын эң кичүүсүмүн. 43 жашында мени төрөп "Баатыр эне" наамын алыптыр. Апам менен эжелерим Кымбат, Алмажан да бир жылда төрөшүптүр. Апамдын сүтү чыкпай калып, мен бир тууган эжем Алмажандын сүтүн эмиптирмин. Эң улуу агамдын аты Мырзабек, ортончу агамдыкы Мырсаалы. Мен төрөлгөндө атымды ортончу агамдыкына окшош кылып Тырсаалы деп койгону жатышыптыр. Калый деген карыя келип: "Бешик бооңор бек болсун! Уулуңардын атын ким койдуңар?" десе апамдар: "Тырсаалы" дешсе, карыя: "Ай, ал ат болбойт. Ошондой да ысым болчу беле?! Андай сөз кыргыз тилинде жок, кайдан таптыңар? Үйүңөрдөн ырыскы кетпей, дайыма токчулук болсун. Атын Ырыскелди деп койгула",- дептир. Ошол карыяга рахмат, болбосо, мен Тырсаалы болуп калмакмын (күлүп).
"АПАМ МЕНИ "ТАТТУУМ, ЫРЫСЫМ" ДЕП ЭРКЕЛЕТЧҮ"
– Кичүү уулу болгондуктан апамдын этегин кармап, ээрчип эле жүрчүмүн. Ага жардам берип кызылчада иштеп калдым. Апам кээде менден жашынып калат. Мен коркуп "апа, апа" деп издеп калсам, кайра бекинген жеринен чыгып күлүп калчу. Мени "ырысым, кичүүм, таттуум" деп эркелетчү. Кичинемде эртели-кеч сууга түшүп, кум менен ойноп, кечинде боз ала чаң болуп келсем, апам "ай, каякта жүрөсүң?" деп урушат. Эртеси кайра эле ошол көрүнүш. Шоктук кылсам, апам кол тийгизбей чыбык менен сабачу.
3-4 жашыбызда болсо керек. Айылда биздин үйдөн 1 чакырымдай алыстыкта булак бар эле. Апам атама "Барып суу алып келчи, булактын суусунан самоорго чай кайнатып ичели" деп калды. Атам 2 челекти көтөрүп кетти. Алмажан эжемдин баласы экөөбүз теңбиз да. Атам суу алып келип, 2 челекти самоордун жанына коюп кетип калды. Апам иштери менен алаксып ары басып кеткенде тиги жээним экөөбүз 2 челектеги сууга ойноп заара ушатып баштадык. Анан апам көрүп алып бизди колуна чыбык алып кубалап калганы эсимде. 1-класска барганда апам мени кийинтип, анан кошунанын үйүнөн кучак толо гүл терип келип "Мугалимиңе бер" деп мектепке жиберди. Мектепке баратканда башка чоң балдар улам бирден гүлүмдү алып кетип жатышып, акырында колумда 1 эле гүл калган.
"АПАМ ГҮЛДӨР ЧЫККАН МААЛДА ТӨРӨЛГӨМ ДЕЧҮ"
– Илгерки кишилер туулган күнүн так билбейт эмеспи, апам "жазында гүлдөр чыкканда төрөлүптүрмүн" деп айтып калчу. Ошондуктан 8-мартта кош майрам кылып апамдын туулган күнү менен да, майрамы менен да куттуктачубуз. Небере, чөбөрөлөрүнүн жытын искеп, уул-кызынын төрүндө урмат-сый көрүп калды. Ал киши абдан таланттуу, тамашакөй, кошокчу, отуруштарды шаңга бөлөгөн адам эле. Колу эптүү, атам жумушта жүргөндө короо жумуштарын өзү эле жасачу. Кайнене болгондо деле жаны тынчу эмес. "Апа, келиндериңиз жасайт, сиз отура бериңиз" десек болчу эмес. Бош убактысы болсо, күнү-түнү отуруп алып шырдак шырычу. Бардык кыздарына өз колу менен жасаган шырдактарын сеп кылып берди. Шырдак тиккенде көзү жакшы көрбөйт да, "балам, кел, бул жипти ийнеге көзөп бер" деп дайыма мени чакырчу. Тигип жатканда апамдын колун карачумун, эптүү эле, кайран апам канчалаган шырдак тикти.
Апам бизге дайыма: "Орой сүйлөбө, улуу адамдарга өзүң чуркап барып учурашкын, киши келсе, үйүңдө наның жок болсо да суу бергин, бирөө сага жамандык жасаса, сен аны унутуп, ага жакшылык кыл. Убакыт келгенде ошол адам түшүнөт",- деп айтчу.
Апамдын жапкан наны, жасаган тамактары абдан даамдуу эле, даамы оозумдан кетпейт. Өзү "болгар картошкасы" деп атап алган бир тамагы бар болчу. Картошканы аарчыбай экиге бөлүп чоң казанга салып туздап, калемпир, мурч салып демдеп койчу. Жесең укмуш. Кийин өзүм 2 жолу жасап көрдүм, окшошпой койду. Этти укмуш даамдуу сүрсүтчү. Кантип сүрсүткөнүн сурабай калыптырмын. Кийин апам каза болгон соң аны туурап эт сүрсүтөйүн деп базарга барып 10 килограмм эт алып келип, сууга жууп туруп унга салып койдум. 2 жумадан кийин карасам, эт былжырап кетиптир, көрсө, кургатып, ыштап, анан унга салыш керек экен да. Бир досум жакында жолугуп калып "Ырыскелди, баягы силердикине барганда аяш апа кууруп берген куурдактын даамы дагы деле оозуман кете элек. Андай куурдакты кийин эч жерден жеген жокмун, өзүм куурусам да окшошпой койду" дейт.
"СЫНАЛГЫДАН КӨРҮП КУБАНГАН"
– Апам мен чоңойгондо деле кичинекей баладай көрчү. "Үшүгөн жоксуңбу, курсагың токпу?" деп сурай берчү. Сахнага жаңы чыгып баштаганда сыналгыдан көрүп кубанып, "жакшы болуптур, аракет кыла бер" деп кеп-кеңешин айтып калчу. Бир ирет бир ырдын сөзүн жаза албай отурсам, апам "андай болбойт, мындай жаз" деп жардам берген. Анткени апам сөзгө бай адам болчу.
Мен шаарда жашап калганда атама "Ай, Ырыскелдиге телефон чалсаң боло, же барып ал-абалын билип, айылга алып келчи" деп айта берчү экен. Анан мен айылга барып апамдар жашаган үйдү көрүп жаман боло берчүмүн. "Ушул үй мага калат, ушуну бир оңдоп койсом жакшы болот эле" деген ойдон арыла алчу эмесмин. Кээде атам менен апам жашаган үй, жанындагы аккан суу түшүмө кирчү. Ошондо апамдын жанында жашабаганыма азыр өкүнөм. Бир аз жашадык, шартка байланыштуу шаарга көчүп кеттик. Мен кайра барып апамдын жанында жашайм деп үмүттөндүм, бирок өзүм ойлогон менен жаныңдагы бир адам, балаң же жубайың "барып жашайлы" деп түрткү болбосо, оюңду ишке ашыра албайт экенсиң.
Апам 2000-жылы 76 жашында каза болду. Анда Ошто гастролдо жүргөн элем. Ошол жактан суук кабарды уктум, ыйык адамымдан айрылдым. Атам апамдан кийин каза болду. Азыр атамдын мага калтырган Бишкектин четиндеги Мыкан айылындагы үйүндө жашап жатам. Атам менен апам ошол үйдөн киши үзүлбөй, неберелеринин күлкүсү жаңырып турганын каалашып, үмүт кылышчу эле.
Асхат Субанбеков
star@super.kg