Кемпирлерим... Асыл кемпирлерим. Мен дүйнөдө экөөңдөн жакшы киши көрө элекмин. Бириң чоң энем, бириң таенемсиңер. А мен акмак кээде силерди унутуп калам. Силер жакшы көргөн, кареги менен тең айланып, айтканы менен болуп өзүңөрдөгү жылуулуктун баарын берип салган небереңер силердин сүйүүңөргө татыксыз эле окшойт.
Бала кезде экөөңөр мени бири-бириңерден катуу кызганып турчусуңар. Бириңерден чыгып экинчиңерге барсам таарынып калат элеңер. Чоң эне, сен таенемди кара кемпир дечүсүң. «Кайра-кайра эле ошо кара кемпирдикине бара берет экенсиң» деп бултуюп калар элең. Таене, сен болсо чоң энемди жымшык кемпир дейт элең. «Жымшык кемпир дагы тамагын аяп, баланы ач койгон тура. Эмне, эт кууруп берейинби же жумуртка жейсиңби?» деп мага жагынар элең. Ким көбүрөөк жакшы көрөт? Ким көп момпосуй берет? Ким көп болушат? Ким көп эркелетет? Ким көп акча берет? Силер ушинтип эле атаандаша берчүсүңөр. Байгеңер «сен чоң энемден жакшысың» же «сен таенемден жакшысың» деген менин сөзүм болчу. Менден ошондой сөз уксаңар эле көзүңөр жайнап, ууртуңар жылмайып бактылуу болуп калар элеңер. Кечкисин жылуу төшөктө жатып алып «Мен чын эле эки кемпирдин кимисин жакшы көрөм?» деп ойлончумун. Берген момпосуюңарды, акчаңарды эсептеп чыкчумун. Бул үчүн азыр ушунчалык уялам.
Жай келгенде, чоң эне, сен мени жайлоого алып кетчүсүң. Жайлоо деген эле аты болбосо, жайлоонун түйшүгү көп. Таң эрте туруп уй саайсың, сүт тартасың, чай кайнатасың, анан тээ эчак эле ойгонуп, бирок уктамыш болуп жаткан мени ойготуп баштайсың.
– Тур, балакетиңди алайын! Турагой, курсагың ачты го... Садага болоюнум!- мен сен айткан бардык жылуу сөздөрдү эстей албайм. Ушунчалык таттуу сөздөр эле. Аны азыр мага эч ким айтпайт. Мени сенчелик жакшы көргөн киши жок окшойт да. Түш оой жайлоодогу башка кемпирлердикине айылчылайбыз. Бир ирет бир кемпирдикине барсак, анын ити алты күчүк тууп коюптур.
– Күчүк алып кетем,- дедим.
– Бирди алсаң ал.
– Жок, мен баарын алып кетем.
Ким бир убакта 6 күчүк багып көрдү эле? Мен. Чоң эне, эмнеге анттиң экен? «Кой» деп койсоң ыйлап кайра басылмак болушум керек. Жок, менин көңүлүмдү карап алтоону тең баккансың. Ошол жылы ооруп калдың. Ооруканада жатканыңда сагынып куса болдум. Же ата-энем сага алып барып коюшпайт. Таене, сен ушунчалык сезимтал жакшы адам экенсиң.
– Чоң энеңди сагынсаң керек. Жүр, алып барып келейин,- деп райондун борборундагы ооруканага жетелеп барганың эсимде. Чоң энемди кучактап алып шолоктоп бир топ ыйладым. Таене, сен ошондо мени кызганып таарынбадың бекен? Жок, таарынбайсың, билем. Себеби сен мен үчүн баарына кайыл элең. Эсиңдеби, ошондо мен «чоң энеме эртең да келем» дегениме көнүп бергенсиң. Мен антип катары менен бир нече күн айткам. Райондо менин айымдан чоң энеме күнүгө алып баруу үчүн 10 күндөй жүргөнсүң. Алтын таенем... Алтын чоң энем... Алтындарым!
Анан, чоң эне, сени акыры оору жеңди. Ажал алып кетти. Акыркы сапарыңа кетерде «Сарымды алып келгилечи» дептирсиң мени айтып. Бирок сарың барбай калган. Кыш түшкөн мезгил болчу. Чырылдап ыйлап, сени жоктогом. Таене, эсимде, сен ошондо башымдан сылап сооротконсуң. Баарынан да «Мен өлгөндө да ушинтип ыйла, ээ?..» дегениңчи. Сен ошондо менин сүйүүмө, жоктоомо арзыган чоң энеме суктаныпсың. Мен силер үчүн дүйнөнүн борбору болгон экенмин.
Таене, сен мен студент болгондо каза таптың. Мен өтүнүчүңдү аткара албай койдум. Бала кездегидей чырылдап ыйлай албай калыптырмын. Бирок, ишенип кой, сени чындап жоктодум. Мен сени чоң энемди жакшы көргөндөй эле жакшы көрчүмүн.
Азыр эми силердин сарыңар ата болгон. Иштейт. Өз оокаты менен. Эл менен жарышып эле, «тигини кылайын, муну жыйнайын» деп тытынып жүрөт. Силерди Айтта, өлгөн күнүңөрдө эстеп коёт. Негизи силерге күн сайын куран багыштап турсам жарашмак. Силер ошого татыктуусуңар. Кечиргиле, асыл кемпирлерим! Силер берген сүйүүңөргө ыраазымын!
Тилек