Айпери Кубик кызы: "КҮЙӨӨМДҮ КЕЧИРДИМ, БИРОК ЭМИ АГА КӨҢҮЛҮМ ЖЫЛЫБАЙТ"

Бул ирет SUPER.KG порталынын түз эфиринде Айпери Кубик кызы мейман төрдөн орун алды. Ырчы интернет айдыңынан келген суроолорго жооп берип, жеке жашоосуна тийиштүү айрымдарына жооп берүүдөн баш тартып отурду. Эфир кызыктуу болуп, ырчынын актёрдук таланты менен бийи эфирди шаңга бөлөдү.

– Айпери, сен өтө эле арыксың. Толоюн деген оюң барбы?
– Былтыр 46 килограмм болсом, азыр 52 килограмм болуп калдым. Төрөгөндөн кийин бир аз толуп, кайра арыктап кеткем. Ар кайсыны ойлоп, үйгө да, көчөгө да жетишиш кыйын болуп кеткени үчүн арыктадым окшойт. Азыр уйкум жакшы, көңүлүм ток, ата-энем жанымда болгону үчүнбү, 10 айда 6 килограмм коштум.

– Сулуу болууга канча акча коротосуң?
– Жасалма чачты 15 миң сомго коштурдум. Бир жолку макияжга 1500 сом сарпталат.

– Атаң өтө жөнөкөй адам. Анын дыйканчылык менен алектенгенин аябай баалайбыз. Сен болсо бой көтөрүп, өзүңдү чиновниктин кызындай сезесиң. Карап көрсөм, ырың, күйөрманың деле жок экен. Стилист менен иштешсең жакшы болмок...
– Атам жөнөкөй адам болгону үчүн анын кызы да жөнөкөй. Сиз мени жакшы билбейт экенсиз. Анткени жакындан тааныган адамдардан "жөнөкөйсүң, адамгерчиликтүүсүң" деген сөздөрдү угам. Чиновниктин кызы ушинтип жүрөт бекен? Канча күйөрманым бар билбейм. Бирок, Кудайга шүгүр, 10 жылдан бери сахнада кармалып иштеп келе жатам. Стилист менен да иштешем. Болгону сиз мени жаман көрөт окшойсуз.

– Жубайлардын мамилесинде кризис болуп турат эмеспи. Балким, ушул учурдан өтө албай калгандырсыңар?
– Терең ойлонуп көрсөм, себебин мен деле билбейм. Маңдайыма жазылганын көрдүм. "Талаалап гастролдоп жүрсө аял болуп кыйратмак беле?" деген сөздү көп уктум. Жумушум ажырашуубузга түрткү болгон жок. Чыгармачылык менен иштеп нан таптым, үй-бүлөнү бактым. Ал үй-бүлөнү жамандагым келбейт. Жолдошум жакшыбы, жаманбы, баламдын атасы. Кандай болсо да 2 жыл жашадым. Ажырашуу менин каалоом эмес болчу. Колумдан келишинче үй-бүлөбүздү сактап калууга аракет кылдым.

– Жолдошуңуз кечирим сурап келсе жарашууга макулсузбу?
– 1 жыл өттү, жарашпайбыз го. Анын мүнөзү оор, айтканынан кайтпаган адам. Азыр жарашууга көңүлүм жок.

– Айпери, менин табитимдеги кызсың. Бирок менин аялым бар, 2-аялым болот белең?
– Улуулар "жаш кезиңде турмуш куруп кет" деп кеңеш берип жатышат. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет, ага убакыт керек.

– Ажырашып кеткениңизди 1 жыл жашырып жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?
– Башында казан-аяк кагышат деген ойдо болчумун. Тилекке каршы, андай болгон жок. Көңүлүбүз сууп калганбы, айтор, кайрадан табышпай турганыбызга көзүм жетти. Мен чүнчүп же сынып калчулардан эмесмин, тырышып алдыга умтула берем. Күйөөмө назик, сонун аял болчумун.

– "Келин жаман эмес, барган жери жаман" дейт. Кайненең "фокустарын" көрсөтсө качып кеткен жоксуңбу?
– Мен качкан жокмун, буйрук экен.

– Балким, 10 жылдан кийин жолдошуң менен жарашып каларсың?
– Наруланды кечирдим, бирок эми ага көңүлүм жылыбайт. Кечирбегенге акым жок, эки тараптын тең өзүнүн чындыгы бар.

– Сен үчүн идеалдуу күйөө кандай болуш керек?
– Жоопкерчиликтүү, сөзүнө бекем турган, чечкиндүү мырзаларды баалайм. Үй-бүлө куруп, балалуу болдуңбу? Демек, жоопкерчиликти алып баланы багыш керек. Таарынбагыла, мырзалар, бирок силер жоопкерчиликти моюнуңарга албай жатасыңар. Ошондуктан аялдар "эл катары жашайын" деп тытынып иштеп жүрүшөт.

– Жолдошуң балаңды бакмак түгүл, басып келбегенин окуп сени аял катары аяп жүрөм. Кандай адамга турмушка чыгып жатканыңды башында билчү белең?
– Баланын атасын жамандагым келбейт. Наруланды сүйүп жүрүп тийгенмин, аябай жакшы бала. Болгону жашоо каалаганындай калчап койду. Баланы көрсөтпөй койгудай зөөкүр эмесмин. Ал биринчи көргөнү келсин да.

– Чындыкты айт, ойноп чылым чегип, спирт ичимдигин ичип көрдүң беле?
– Мындай нерседен баары өтсө керек. Азыр ашказаным ооругандыктан спирт ичимдигин иче албайм. Кош бойлуу кезимде боюмдан козголуп, күнүгө бир бокалдан вино ичтим. Анткени дары ичпеш керек эле.

– Колуңуздан келсе, атаңызды эмне кылып ыраазы кылат элеңиз?
– Жүрөгүмдү өйүтүп келген бир нерсе бар. Атама наам алып бергим келет. Ошол кыялым, аракетим ишке ашпай жатат. Атам сахнада 30 жылдан бери жүрөт. Бирок ушуга чейин бир дагы наамы жок. Канчалаган ырчыларга чыгармаларды жазып иштеп жүрдү. Ал ырчылардын баары атактуу болуп, айрымдары "Эл артисти" наамын алып жатышат.

– Биринчи Айпери Калыкова болуп чыккансың, кийин эле Айгерим Расул кызын туурап Кубик кызы болуп чыга калдың. Айгеримге эмнеге атаандашасың?
– Урматтуу колдонуучу, сиз менин душманым окшойсуз. Сиз анчалык жаман көрбөңүз. Айгерим экөөбүз эч качан атаандашкан эмеспиз, азыр да доспуз.

– Москвада кафелерде концерт уюштурган Адылбек Маматбеков менен эрте эле жүрүп алган жоксуңбу? Москвага кайра-кайра эле концерт коюп, сени чакырып калды...
– Адыл деген уюштуруучу бала, кафе иштетет. Ырчылар келишимдин негизинде ай сайын 3 күн концерт беребиз. Мага чейин Данияр Эрматов ырдап келген. Мен март, май айларында бардым, экөө тең аншлаг менен өттү. Сиз "жүрүп алды" дептирсиз. Урматтуу колдонуучу, эркек башыңыз менен ушундай ушак сөздөрдү айткандан уялбайсызбы?! Анан Москвага сиз үчүн барбайм, эл дагы чакырса кайра эле бара берем.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айпери Кубик кызы: "Сүйүү күтүп жатам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
Jojom2015
2017-06-29 16:27:31
Соонун жооп берди бардык суроолорго, оз орду менен. Бизге жагасын. Ийгилик!
+1
BubleGum
2017-06-29 18:46:56
Айпери, унун эн сонун. Бирок, Кубик Калыков же салмактуу ырларды жазыш керек же сен башка обончулардын да ырларын ырдап корушун керек. Мисалы, Б.Борбиевдин "Менин суйуум каркыра", Р. Абдыкадыров "Кыздын ыры" Шахра эже ырдаган вариантын. Обону, созу жонокой ырлар сени ото эле байкуш корсотуп коёт. Кызы болгонун учун эле атанын ырларын ырдоого мажбур эмессин да. Албетте, Кубик байкенин сонун ырлары коп. Бирок, сен дагы да аракет кылып кор.
+2
love.me.again
2017-06-29 20:12:45
BubleGum, ошо да. Той той той, женен женен деп минди кайталвп койсо эле ыр болуп калмак беле?
+1
meni_kut
2017-06-30 08:01:15
love.me.again,ошол убакта элдин табитинде ошондой ырлар мода эле,Бегиш Баястанга окшоп ырдаган реп жок эле ал убакта.
+3
forever-forever
2017-06-29 19:26:24
Суроолорго абдан жакшы жооп бериптир.Соз байлыгы кенен,акылдуу кыз экен деп калдым.Элдерге окшоп кайын журтун жамандабай бир соз мн "буйрук экен" деп тим болду.Чыгармачылыгына ийгилик!
0
kaipov
2017-06-29 20:52:02
Ооба,сен жакшы адамдын кызысын,атанды сыйлайм.Чынында окмот анын коп жылдык эмгегине баа бербей жатканы чындык.
+3
Suikumduu98
2017-06-29 23:41:39
Ийгилик
+2
aiman1983
2017-06-30 10:44:07
Атана уже наам алып бердин. Кубик кызын ырдата берип, уй булоону кармаганды уйротбоптур деген. Ырчылыктан уй булоо бир канча бийик турат, сага чейин Наруландын уй булоосун ким багып жаткан экен эле? Суроолор сонун берилиптир, адресине адашбай барыптыр. Супер суперсинер !!!
+10
Girl1996
2017-07-02 00:15:18
aiman1983,соонун жазыптырсыз
+2
aiman1983
2017-06-30 10:48:09
Расул кызы менен конкурент болгону белгилуу, Мисс шоу бизнес конкурсунунан кийин Айгеримдин интервьюсун уккан болсонуздар керек. Турмуш озу эле биринчи экинчи орунга коюп коет. Канча таланттуу болсо дагы уй булоолуу аял суйуктуу, жогорку орунда турат.
+2
Shahrizaada
2017-06-30 17:57:58
Чыгармачылык деп жүрүп канча артисттер турмушка кеч чыгып,же экинчи болуп тийип,же ажырашып атышат.
+1
ernis_07
2017-07-02 16:19:39
Коздуу мончок жерде калбайт дейт бизде кыргызда.Ар бир иштин артында жакшылык бар.Ит уро берет,кербен журо берет дегендей ар бир адам оз денгээлине,ой жугуртуусуно жараша суроо берет капа болуштун кереги жок.Аллахым сизге он жол коргозгон болсун
0
Girl1996
2017-07-03 02:35:12
baktyluu ele bolso eken
0
Nadirov
2017-07-03 04:44:13
Бир тараптуу эле Айперинин созу менен тыянак чыгарбаш керек,артуст деген ар тус да,булар ар кыл болуп турат,куйоосу жонокой жигит эле.Аял деген уйдо олтуруш керек жыланачтанып Москвага дагы гостролллл деп кыйшандабай!!!
0
Aziko0696
2017-07-03 08:57:06
Ийгилик калайм.
0
portugalia
2017-07-03 11:17:22
Бир калыпта жургон кыз озуно жарашат.
0
BegimaiBegimai
2017-07-03 20:16:46
чачы жарашып калыптыр
+1
aman0296
2017-07-03 22:49:35
Жаны саны качан чыгат?
-1
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан