"Түндүктүк келин" тасмасында келинди жактырып калган дөөпөрөс, тамашоучу Эмил Токтошев жана анын 2 шакирти орустардын "Serebro" тобунун "Между нами любовь" ырынын клибине пародия даярдашкан. Жигиттер пародияны интернеттеги баракчаларына илип, "топту жана топтун продюсери Максим Фадеевди кызыктуу клибиңер менен куттуктайбыз" деп жазып чыгышты.
"Клиптерге пародия тартууну кыргыз ырчыларынан баштаганбыз. Чет өлкөлүктөрдөн биринчи болуп "Serebro" тобунун клибин туурап чыктык. Интернеттеги баракчама илгенде эле кароолор бир заматта өстү. Бир жеринен ката кеткенин байкап, бир аздан кийин өчүрүп салдым. "Serebro" тобунун мүчөлөрү "Эмнеге өчүрүп салдыңыз? Биз бөлүшөт элек" деп жазышты. Оңдоп, кайра илдим",- дейт трионун жетекчиси Эмил Токтошев. Вайнерлердин эмгегине ыраазы болгон топ "жигиттер, жардыңар! Сонун..." деген алкоосун айтып жооп кайтарышты.