ИСА ӨМҮРКУЛОВ ЫРЧЫЛЫК МЕНЕН КОШО БИЗНЕС КЫЛАТ

Ырчы Иса Өмүркулов дипломдук ишин "5" деген баага жактап, сүйүнүп турган учуру. Эми күйөрмандары ага юридикалык кеңеш сурап да кайрылышса болот. Дегеним, Иса Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетин аяктады.
"Мен башында Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетине тапшыргам. Ал жактан Юридикалык академияга которулуп кеткем. Дипломдук ишимди жазып бүткөн соң жактоо үчүн тилди жатыктырып дегендей көпкө даярдандым. Ар бир адамга юридикалык билим алсаңар ашыктык кылбайт дегенди айткым келет. Анткени жакында эле бир маселеге туш болдум. Укуктарымды билип, өзүмдү өзүм коргогонума сүйүнүп калдым. Анын үстүнө азыр ишкерлик менен да алектенип, Кытайдан "акылдуу" кол сааттарды алып келүүдөмүн. Алган билимимдин пайдасын бул жерде да көрүп жатам",- дейт Иса.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kaninaiman
2017-06-27 15:56:22
Озу ырчыларда кесиби коп болот, ийгилик юрист!
+6
bek_07
2017-06-29 13:27:08
Ийгилик доске!!!
0
Kumarchik
2017-07-03 14:35:09
Жакшы ырдайсын Иса
-1
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан