Жыл өткөн сайын арасы суюлуп бара жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин 9-Майга жакын эстеп калмайыбыз бар. Ал эми ырчы Гүлзинат Суранчиева 17-июнда концерт берип, андан түшкөн акчаны Бишкек шаарындагы согуш ардагерлерине тапшырып, батасын алды.
"Бизге ушул жашоону, тынчтыкты тартуулаган Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына ыраазычылык билдирүүнү көптөн бери кыялданып келгем. Бишкек шаардык мэриясына барып, Ленин районунда жашаган ардагерлердин санын алгам. Мен санын тактаганда кырк ардагерибиз бар эле. Концертимди бергиче экөөнүн көзү өтүп кетиптир. Концертимдин 1-2-бөлүгүндө жалаң согуш, тынчтык темасына арналган ырлар ырдалды. Залдагы көрүүчүлөр да коштоп, ошол эле учурда жашып отурушту. 3-бөлүгүндө эстрадалык ырларымды ырдадым. Концертке алдуу-күчтүү ардагерлерди машина менен алып келдик. Ошентип концерттен түшкөн 200 000 сомду ардагерлерге тапшырдым" дейт ырчы айым.