ҮЙДҮ КАНТИП ЖАСАЛГАЛАСА БОЛОТ?

Үйүнүн ичине оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп, интерьерди өзгөртүүнү пландап жаткандарга кеңеш. Адам стилди тандоодо өз табитине ыңгайлаштырса гана үйүндө өзүн жакшы сезет. Учурда Кыргызстанда популярдуу болуп жаткан стилдерди жана алардын айырмачылыгын архитектор-дизайнер Талгат Жусупбек уулу айтып берет.

ПРОВАНС



– Интерьерлердин стилин түзүүнү үй ичин архитектуралык жана көркөмдүк жактан жаңылоо деп түшүнсөк болот. Интерьерлердин стили көп. Мисалга алсак, минимализм, хай-тек, эклектика, рококо, техно, авангард, ампир, антика, барокко, готика, модерн, прованс, классика, лофт жана башка. Булардын ичинен Кыргызстанда учурда көп талап болуп жаткандары: минимализм, хай-тек, модерн, прованс, лофт. Буларга кыскача токтолсок.
Прованс – Франциянын түштүгүндөгү аймак. Ал кооз пейзаждары, жыттуу татымалдар колдонулган ашканасы, көк деңизи жана ачык тийген күнү менен даңктуу. Мына ушулар прованс стилине негиз түзгөн (башкы сүрөт).
Өңдөрдөн күлгүн, көгүлтүр, ак, ак саргыч, бозомук жашыл, саргыч боз, бозомук көк, көк басымдуулук кылат. Пардалар жеңил, эмеректер көркөм, тирүү гүлдөр жана гүлдүү оюм-чийимдердин көп болушу зарыл. Фарфор, керамикадан жасалган майда буюмдар да көп болот. Дубалдары көбүнчө сырдалат, кээде гана обои колдонулат. Табигый жарык көп тийиши шарт. Эмеректер каштан, жаңгак, эмен өңүндө болсо талапка ылайык. Эмеректердин сырлары кетип баштагандай түс болсо ого бетер жакшы.

МОДЕРН



Модерн (француз сөзү, бизче "заманбап" дегенди билдирет) стили XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында кеңири таралган. Бул стиль түз сызыктардан жана түз бурчтардан баш тартып, табигаттагы табигый нерселердин көрүнүшүн, формаларын туурайт. Алып айтсак, асма шамдар ийилген шактарды, дубалдагы бра ачакей чыбыктарды элестетет. Көбүнчө жыгач, андан тышкары металл, айнек колдонулат. Тепкич, балкон, түркүк-мамылар жеңил, көркөм жасалгаланат. Учурда бул стилде классика менен хай-тектин айкалышуусу да жүрүүдө. Мисалы, классикалык эмеректерде оюм-чийимдер болсо, модернде ошол көрүнүштөгү эле эмеректер, бирок оюм-чийимсиз болот.
Табигый өңдөргө: ак, саргыч боз, бозомук (түтүн сымал өң) көгүлтүр, сыя-көк, күрөң, жашыл, ошондой эле алтын жана күмүш сындуу өңгө басым жасалат.

МИНИМАЛИЗМ



Минимализм стилинде бөлмөдө эң керектүү эмеректер гана турат жана алар болушунча туура колдонулат. Мисалы, уктоочу керебеттин алды аны-муну салчу тартма. Керебеттин башында буюмдар туруучу шкаф. Ашыкча жасалга жок. Жарык жакшы тийиши шарт. Адамды ашыкча эмерек, буюмдар кыспай, эркин дем алат. Жаңы үй куруп жаткандар бул стилди колдоном десе, бөлмөдөгү терезе чоң болуп, үйгө жарык көп тие тургандай болушун эске алуусу зарыл.
Дарактын, кыштын, металлдын табигый өңүндөй өңдөр да колдонулганы менен, негизинен кара, боз, ак өңгө көбүрөөк басым жасалат.

ЛОФТ



Лофт – XX-XXI кылымдардагы архитектуралык стиль. Өнөр жай багытындагы имараттын (фабрика, завод) үстүнкү бөлүгү жашаганга, устакана (мастерской) же кеңсеге, же иш-чара өткөрүлүүчү аянтчага ылайыкталып кайра жасалат. Англисче "лофт" сөзү бизче "тамдын чатыры" деп которулат. XX кылымдын 40-жылдары Нью-Йорктун индустриялык кварталдарында жаралган стиль. Шаар ортосундагы жерлерге баанын өсүп кеткендиги өнөр жай ээлерин имараттарын таштап, өнөр жайын шаар сыртына алып кетүүгө аргасыз кылган. Бош калган өнөр жай имараттары ижара акысынын аздыгы, анан шыптарынын бийиктиги, жарыктын жакшы тийгендиги менен адамдарды кызыктырган. Устаканадан стилдүү имаратка чейин өсүп жеткен лофттор 1950-жылдары популярдуу болуп, акырындап элиталык турак жай статусуна жетет.
Лофт стилинде муздак өңдөр (металл, көк, жашыл, сыя көк жана башка) басымдуулук кылат.
Табигый, иштетүүдөн өтпөгөн материалдар колдонулат. Башкача айтканда, табигыйлыкка: кыш, жыгач, темирге басым жасалат. Мисалы, дубал кыштан куралса, сыртынан шыбалбай, өңү сакталышы үчүн бетин лактап гана коюшат. Дубалдын бети акиташ менен акталса, ошол боюнча турат. Полго тактай, паркет же ламинат колдонулат. Шып да табигый түрүндө сакталат. Түтүктөр жана ашканадагы түтүн соргучтар кара же ак өңдө боёлот. Жарык берүү үчүн кадимки лампочка, светильниктер пайдаланылат.

ХАЙ-ТЕК



Хай-тек – англис сөзү, "жогорку технология" дегенди билдирет. 1980-жылдардан бери кеңири жайылган стиль. Айнек, пластик, металл кеңири колдонулат. Негизги өң – күмүш, металл өңү. Бурчтары тик болгон эмеректерде сүрөттөр жана кооздук элементтер жок. Дубалдардын, шыптын, полдун бети жылмакай болот. Жасалма жарык ар тараптан бериле берет. Мисалы, жарык люстрадан, керебеттин астынан, шыптан, дубалдан деле тие бергендей болот. Эмеректердин бети да көбүнчө жылмакай, жылтырап туруучу мукаба менен капталат. Идиштер да жылтырап көрүнүшү шарт. Шкафтын ордуна секциялуу стеллаждар колдонулат.
Буюмдар аз орунду ээлеши үчүн дубалдарды оюп, ичине орнотууга болот.

ДИЗАЙН-ДОЛБООР ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ички интерьердин стилин өзгөрткүңүз келип, бирок кандайы туура экенин билбей жатсаңыз, дизайнерлик компанияга кайрылып, арыз таштооңуз керек. Компания адиси менен чогуу дизайн-долбоор түзүлөт. Дизайн-долбоор – бул техникалык документациялардын топтому. Анда имараттын ичин ченөө жана бөлмөлөрдү кайрадан пландоо варианттары, ортодогу тосмо дубалдарды демонтаждоо, эмеректерди тандоо, аларды кайда жайгаштыруу планы, электр жарыгын орнотуу, полдун, дубалдардын, шыптын планы жана башка. Келишим түзүлүп, керектүү эскиздер чийилген соң компания ишти баштайт. Эмеректерди жана башка керектүүлөрдү өздөрү таптырып келип, орноттурат. Натыйжада сиз каалагандай стилге ээ болосуз.
Кызмат көрсөтүү акысы орто эсеп менен бөлмөнүн 1 чарчы метрине – 1000 сом.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
RusMos76
2017-06-27 10:53:19
Хай теги жакты
+2
AykaMer
2017-06-27 17:16:14
Прованс жакты,жонокой жана тыкан. Бирок жашыл(салатовый)свети сонун болот
+2
NIkalike
2017-06-27 19:21:32
Минимализм эн сонун, быкыратып эмеректерди тизбей, керектуулор гана терезелер чон жана жарык. Курон, бежевый, ак, кара, боз ондордун айкалышы. Классикалык десем да болот.
Эмеректердин ийри-буйру учтары, оюу тушурулуп алтын ондуу, чыгыш стилиндегилерди корсом аллергиям кармап кетет. Жакпайт. О вкусах не спорят деп коет го.
+3
Uzakova.Z.A
2017-06-27 21:42:24
NIkalike, табитибиз окшош экен.
0
amina_kyzym
2017-06-28 00:49:09
talgat jusupbek uulu menen kantip bailanyshsa bolot super
0
engel
2017-06-28 11:13:07
Hat tekke ne jetsin!
-1
Mumu1986
2017-06-30 19:21:10
Прованс жакты. Балалуу уй булоолорго ушул топ келетго дедим.
+1
Mers124
2017-07-03 21:08:51
Лофтон башкасынын баары жакшы экен
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан