БИР БҮРКҮМ

  • Кыргыз өлкөсүнө "Бабатрон II" үлгүсүндөгү нур терапиясынын аппараты алып келинди. Аталган аппарат Индия өлкөсүнөн гранттык негизде берилип, Улуттук онкология борборуна орнотулат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

  • Өлкөдөгү жогорку окуу жайлар 2017-2018-окуу жылына карата абитуриенттердин документтерин 10-июлдан баштап кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

  • Бишкектеги мектептер үчүн ата-энелерден ыктыярдуу төлөм алууга тыюу салган документ иштелип чыкты. Аталган буйрукту аткарбаган директорлор кызматтан алынат.

  • Орозо айт майрамы 25-июнда өтөт. Буга ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 26-июнду (дүйшөмбү) дем алыш күн деп жарыялады.

  • Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Аскар Бешимов 19-июнда кызматтан алынды. Бешимов аталган жумушка 2016-жылдын декабрында дайындалган.

  • Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев кызматтан кетип, ордуна ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов дайындалды. Аталган кабарды ИИМден таратышты.

  • Май айында Кыргыз өлкөсүнө чет мамлекеттерден 138,6 миллион доллар которулган. Ал эми жыл башынан бери өлкөгө кирген акчанын көлөмү 615,1 миллион долларга барабар. Маалыматты Улуттук банктан кабарлашты.

  • Ош облусунун Өзгөн районундагы 40ка жакын үй-бүлө жер көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактан коопсуз аймакка көчүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов билдирди.

  • Кыргыз өлкөсүндө кант диабети менен ооругандардын саны 51 миңден ашты. Жыл сайын бул ооруга чалдыккандардын саны 5 миңге барабар. Бул тууралуу эксперттер айтып чыгышты.

  • 19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы газ саткан жайдагы болгон жарылуудан 3 адам каза болду.

  • Кыргыз мамлекети 2016-жылы 17 теракттын алдын алган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров айтты.

  • Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 30 жаштагы Дастан Догоев дайындалды. Буга чейин ал аталган мекеменин башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Эске салсак, төрагалык кызматты Тайырбек Сарпашев ээлеп турган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан