Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүп жаткан саясатчыларга, саясий партияларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата үгүт иштерине байланыштуу кайрылуу жасады. Белгилүү болгондой, президенттик шайлоого карата үгүт кампаниясы 2017-жылдын 10-сентябрынан 14-октябрына чейин жүргүзүлөт. "Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жол-жоболору жүрүп жатат. Мында Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүп жаткан айрым саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда маалымдоонун чегинен чыккан жана шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыган материалдарды жигердүү тарата баштады",- деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле БШК саясий партияларга талапкерди тандоо процессин ЖМКга чагылдырууда үгүт белгилеринин болушу мыйзам ченемдерине каршы келерин эскертет. Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Учурда 3 талапкер БШКга арыз тапшырды.
Бектур Токтоноев