ОШ АЭРОПОРТУНА ОРУСИЯЛЫК ИШКЕР КЫЗЫГУУДА

Орусиялык ишкер, "Новапорт" компаниясынын ээси Роман Троценко "RNS" маалымат агенттигине берген маегинде бир топ чет элдик аэропортторду сатып алуу ниети бар экенин айткан. "Биз иштетсек болчудай аэропорттор бар. Кызыктыргандардын арасында Хабаровск, Казакстандын аэропорттору жана Орто Азиядан Ош аэропорту бар",- деп билдирген Троценко. Анын компаниясы аэропорт системине багытталып, Астрахань, Чита, Томск жана башка аэропортторго ээлик кылат. 46 жаштагы Троценко "Роснефть" мамлекеттик ишканасынын президентинин кеңешчиси болуп иштейт.
Учурда биздин жергиликтүү авиакомпаниялар Европалык союздун "кара тизмесинде". Буга башкы себеп – талапка жооп бербеген учактар жана аэропорттор. "Кара тизмеден" чыгуу үчүн бул тармакка ири инвестиция салуу керек. Ошентсе да аэропорттун ишин жакшыртуу менчикке сатуу жолу менен жүрбөшү зарыл. Башка мамлекеттин жаранына стратегиялык маанидеги объекттерди кармата салуу эң чоң катачылык болору айтпаса да түшүнүктүү.

Бектур Токтоноев

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан