Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши 21-июнда жыйынга чогулуп, партиянын төрагасынын биринчи орун басары Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду шайлашты. Ошондой эле КСДПнын курултайын 15-июлга белгилешти. Фарид Ниязов партия президенттик шайлоого жалгыз талапкер менен гана чыгарын билдирүүдө. Азырынча тандалган талапкер – премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Бул учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДПнын атынан эмес, өз алдынча президенттик шайлоого аттанышы мүмкүн деген маалымат тарады.
Бектур Токтоноев